Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтагы" Чехиядан олжолуу кайтты

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүКруговая панорама на ВВЦ
Круговая панорама на ВВЦ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Актан Арым Кубаттын уулу, айтылуу "Беш кемпирдин" башкы каарманы Мирлан Абдыкалыковдун тасмасы Чехиядагы эл аралык кинфостивалда байгелүү орунга ээ болду.

БИШКЕК, 12-июль — Sputnik. Чехиянын Карлова Вары аймагында өткөн эл аралык 50-кинофестивалда Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы жеңүүчү деп табылды. Бул туурасында кинофестивалдын атайын сайтында кабарланды. 

"Сүтак" дүйнө коомчулугуна 4-июлда көрсөтүлдү.

"Чыгыштын мыкты тасмасы” номинациясы боюнча Кыргызстандан келген режиссер Мирлан Абдыкалыковдун “Сүтак” фильми жеңүүчү деп табылды", — айтылат сайтта. 

Мирлан Абдыкалыков кезегинде атасынын үч тасмасында, "Селкинчек", "Бешкемпир", "Маймылда" баш каармандын ролуна тартылган. 

"Сүтактын" сценарийинин авторлору белгилүү режиссерлор Актан Арым Кубат жана Эрнест Абдыжапаров. Койгон режиссер —Мирлан Абдыкалыков. Продюсеры Садык Шер-Нияз жана Алтынай Койчуманова.

Жаңылыктар түрмөгү
0