Чыгармачыл адам менен ачык маек: 3D-сүрөтчү акча тууралуу

© из личного архива Медера КелдееваМедера Келдеев сүрөтчү. Архив
Медера Келдеев сүрөтчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik сайтынын кабарчысы сүрөтчү Медер Келдеевден чыгармачылык менен канча акча тапса болорун сурады.

Келечекке болгон пландары, эмнени тартсам деген кыялдары жана бош убактысын кандай өткөрөрү туурасында Медерден башкалар сурасын. Биз анын капчыгын карап, ичиндеги ыймандай сырын билүүгө аракет кылдык.

— Ар ким эле бала кезинде космонавт, ырчы же сүрөтчү болсом деп кыялданат. Бирок бухгалтер, юрист же менеджер болуп чыга келет. Эмне үчүн сиз балалык кыялыңыздан баш тарткан жоксуз?

— Мен кичинемде эле сүрөт тартканды жакшы көрчүмүн: Turbo деген сагыздын кагазындагы сүрөттөрдү көчүрүп тартканга аракет кылар элем. Дагы ийнеликтин, ак көпөлөктүн канатындагы чиймелерди кайталап түшүргөндү жакшы көрчүмүн. Мага эмнегедир курт-кумурскаларды тарткан жакты. Үйдө эч ким пайдасыз нерсени кылып жатасың деген жок, эч ким "олуттуу" ишке кызыктырганга да аракет кылган эмес. Тескерисинче, бир нерсеге аябай берилгенимди көрсө, тынчымды албай, жайыма коюшчу. Бул үчүн аларга абдан ыраазымын.

Мен апамды күнгө теңейм. - Sputnik Кыргызстан
Баланын сүрөтүндөгү жазуу: "Апаңарды түшүңөрдө да таарынтпагыла"
— Офисте иштегендер күн сайын эртең менен жумушка барып, сегиз саат кыймылдабай отуруп кайтышы керек. Алар түшкү тыныгууда гана эс алат эмеспи. Сиз да сүрөттү белгилүү бир убакта мүнөтүнөн кечикпей тартасызбы?

— Мен каалаган убакытта тартам. Мага өзүмдү мажбурлоонун кереги жок, бул ишти жакшы көрөм. Мен Курулуш транспорт жана архитектура университетин аяктагам. Кесибим боюнча архитектормун. Келечекте мени да офистеги иш күтүп турат болуш керек. Азыр болсо мен эркиндикти жактырам, ошон үчүн окууну бүткөндөн кийин ишке орношконго шашылган жокмун. Балким үйлөнгөндөн кийин иш табармын. Үй-бүлөлүү салабатту адам болор замат офиске ишке орношом. 

— Сиз 3D сүрөтүн тартканды өздөштүрүпсүз. Үстүнө чыгып тургандай тартылган сүрөттүн сыры эмнеде? Көлөкөлөр бир башкача түшүрүлөбү?

— 3D сүрөттө чыгармачылык менен геометрия айкалышкан. Муну өздөштүргөнүмө эки эле жыл болду. Анын сыры – телефондун же фотоаппараттын камерасы аркылуу тартуу керек. Анткени бул өзүнчө бир көздү алдоо болуп эсептелет жана сүрөт бир гана чекиттен үч өлчөмдүү болуп көрүнөт. 

— Дагы сизди жандуу фотоаппарат десе болот. Менин айтайын дегеним, сүрөт тартуунун гиперреализм стили. Мында кол менен тартылганды фотосүрөттөн ажыратуу кыйын. Бул техниканын сыры эмнеде?

— Журналисттер мага мындай атты мурда эле беришкен! Албетте, кесиптик сыр сөзсүз бар. Мында тартайын дегениңди фото сүрөттөн карап түшүрөсүң. Анын сапаты жакшы болуп, бардык чийиндер так көрүнүшү керек. Анан баарын кылдат кагазга көчүрөсүң. 

© Медер КелдеевМедер Келдеевдин сүрөттөрү
1/3
Медер Келдеевдин сүрөттөрү
© Медер КелдеевМедер Келдеевдин сүрөттөрү
2/3
Медер Келдеевдин сүрөттөрү
© Медер КелдеевМедер Келдеевдин сүрөттөрү
3/3
Медер Келдеевдин сүрөттөрү
1/3
Медер Келдеевдин сүрөттөрү
2/3
Медер Келдеевдин сүрөттөрү
3/3
Медер Келдеевдин сүрөттөрү

— Сиз чыгармачыл адам экениңиз түшүнүктүү, бирок турмуш күнүмдүк жашоону ойлогонго да мажбурлайт да. Сүрөт тартуу менен айына канча акча таба аласыз? 

— Азыр мен атайын тапшырык менен дээрлик тартпай калгам, себеби Бишкекте көп болбойм. Бирок бул жакта жашаганда айына 20 чакты айкел тартам. Ар бир адамдын сүрөтү болжол менен 1000-1200 сом турат. 

Москвада кыргыз сүрөтчүсү Райкүл Ахматованын көргөзмөсү өттү
— Ай сайын боёк жана башка керектүү нерселерге канча акча кетет?

— Бул искусствого менин акчамдын кереги жок, менин эмгегим гана керек. Качандыр бир кезде мен май боёк менен тартканга жетишем, бирок азыр эмес. Азыр акча карандаш менен кагазга кетет. Кадимки эле таш карандаш керек. Ага жылына 1000 сомдой кетет. 

— Он жылдан кийинки мезгилди элестетип көрөлү. Сизге жеке галереяга ээ ишкердин элеси жакынбы же жалгыз сүрөтчүбү?

— Мен эч бир элеске ээ болгум келбейт. Бирок ишкердин элеси жакыныраак. Мен заманбап нерселерди жактырам, албетте, кээде мага тынчтык талап кылынат, бирок акчаны да жакшы көрөм. Акча жасоо – менин адатым. Мектепте окуп жүргөндө башкалардын сынык велосипеддерин сатып алып, оңдоп, кайра 2-3 эсе кымбат сатып жиберчүмүн. Дагы мен аябай чарбакормун. Үй-бүлөнү да жакшы көрөм. 

Жаңылыктар түрмөгү
0