Ат-Башыда шырдак фестивалы өттү

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүү"Кыргыз Шырдагы" фестивалы. Архив
Кыргыз Шырдагы фестивалы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикада бешинчи ирет өткөрүлүп келе жаткан фестивалдын жалпы байге фонду 650 миң сомду түздү.

БИШКЕК, 29-июнь — Sputnik. Нарын облусунда салтка айланган "Кыргыз шырдагы V" жана "Кымыз" фестивалдары өткөнүн КР өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуrтуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.

Улуттук филармония. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Мейкин Азия" фестивалынын тандоо туру 9-июлда улутттук филармонияда өтөт
Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 28-29-июнунда Ат-Башы районунда өткөн иш-чарага Чүй, Ысык-Көл, Талас, Жалал-Абад, Ош жана Нарын облусунун уздары катышкан.

Фестивалдын жүрүшүндө кол өнөрчүлөрдүн буюмдары "Мыкты шырдак", "Мурас шырдак", "Жаш уздарды тандоо" номинациялары боюнча бааланып, «Кол өнөрчүлөрдүн устат-шакирт» мектебинен мастер-класстар концерттик программанын коштоосунда өткөрүлдү. 

Беш адамдан турган комиссиянын төрайымы Динара Чочунбаеванын айтымында, Мамлекеттик тарых музейинин шырдагы эң мыкты аталды. 

Кароо-сынактын жыйынтыгында 1-орунду Бурулсун Бостоналиева (50 миң сом, Ат-Башы району), 2-орунду Зоя Билимбаева (40 миң сом, Ат-Башы району), 3-орунду Айгерим Сулайманова (30 миң сом, Ат-Башы району) ээледи. Ал эми мыктылардын катарына кирген 13 катышуучуга 5 миң сомдон акчалай сыйлык ыйгарылды. 

Ысык-Көлдө эл аралык "Мейкин Азия" фестивалы өтөт
"Мурас шырдак" номинациясы боюнча Бектурганова Анипа, Жумабаева Мария, Мусаева Рысбүбү жеңүүчү деп табылып 10 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды.

"Жаш уздарды тандоо" номинациясында 30 жаштан ылдыйкы жаш чегинде 14 уз катышып, тапшырманы чектелген 4 сааттын ичинде аткара алышты. Жыйынтыгында катышуучуларга 1 миң сомдон 3 миң сомго чейин акчалай сыйлыктар берилди.

Республикада бешинчи ирет өткөрүлүп келе жаткан фестивалдын жалпы байге фонду 650 миң сомду түздү.

Жаңылыктар түрмөгү
0