Таш-Дөбөдөгү жайлоо бала бакчасында Океевдин "Бакайдын жайытын" көрсөтүшөт

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүОкеевдин "Бакайдын жайыты" фильминен бир кадр. Архив
Океевдин Бакайдын жайыты фильминен бир кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда балдарга кыргыздын шедеврге айланган кинокартиналарын көрсөтүү демилгеси башталды.

БИШКЕК, 21-июнь — Sputnik. Таш-Дөбөдөгү жайлоо бала бакчасында 22-июнда Төлөмүш Океевдин "Бакайдын жайыты" кинотасмасы көрсөтүлөт. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунун маалымат кызматы билдирди. 

Кино көрүүчү зал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пан Ги Мунга Жогорку Кеңеш жөнүндө фильм көрсөтүштү
Аталган фонд өнөктөштөр менен биргеликте бул жайда өлкө боюнча 85 жайлоо бала бакчасын ачууну пландап жатат.

Океевдин "Бакайдын жайыты" деп аталган бул шедевр картинасы бардык жайлоо бала бакчаларда көрсөтүлөт. Бул акция улуу кинорежиссер Океевдин жакындап келе жаткан 80 жылдык юблейин утурлай жасалууда. Маданий иш-чарага Океев атындагы фонд, Маданият, маалымат жана турзим министрлигинен өкүлдөр, жайлоо бала бакчасы долбоорунун өнөктөштөрү катышат. 

 

 


Жаңылыктар түрмөгү
0