Опера жана балет театрына "Жусуп Баласагын" операсы коюлмакчы

Жазылуу
Жусуп Баласагын жөнүндө жазылган опера каражаттын жоктугунан сахнага коюлбай келет.

БИШКЕК, 16-июнь — Sputnik. Улуу ойчул Жусуп Баласагынга арналган операны сахнага алып чыгуу жөнүндө маселени Жогорку Кеңештин депутаты Бөдөш Мамырова көтөрүп чыкты.

ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети аталган чыгарманы сахнага алып чыгуу боюнча депутаттын сунушун карап, бир добуштан жактырды. Комитеттин чечими аркылуу бул маселеге Өкмөт көмөк көрсөтүшү керек экендиги белгиленди.

Жусуп Баласагындын айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жусуп Баласагындын 1000 жылдык юбилейи белгиленет
Депутаттын кайрылуусунда Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрына "Жусуп Баласагын" операсын коюуга көмөк көрсөтүү тууралуу өтүнүч айтылган.

ЖКнын маалымат кызматы "Жусуп Баласагын" операсынын либреттосун Кыргыз эл акыны Эрнис Турсунов, музыкасын Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сатылган Осмонов жазганын билдирди. Чыгарма Опера жана балет театрынын Көркөм кеңеши жана Композиторлор биримдиги тарабынан жактырылып, сахнага коюуга сунуш кылынган. Тилекке каршы, каражат жоктугунан улам аталган чыгарма коюлбай келет.

Президент Алмазбек Атамбаевдин залкар ойчул, окумуштуу, акын Жусуп Баласагындын 1000 жылдык юбилейин 2015-2016-жылдары эл аралык деңгээлде белгилөө туурасында Жарлыкка кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0