Кичинекей манасчы Үмөт маданияттын мыкты кызматкери болду

© Ринат МурзаевМанасчы Үмөт Дөөлөтовго "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси тапшырылды
Манасчы Үмөт Дөөлөтовго Маданияттын мыкты кызматкери төш белгиси тапшырылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үмөт "Манасты" үч жашынын тарта айта баштаган Кыргызстандагы эң кенже манасчы.

БИШКЕК, 11-июнь — Sputnik. Манасчы Үмөт Дөөлөтовго "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси тапшырылганын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

"Үмөт "Манасты" үч жашынан тарта айта баштаган эң кенже манасчы. Учурда 10 жашта. Ага "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин министрдин орун басары Бактыбек Секимов тапшырды", — деп билдирди маалымат кызматы.

© Ринат МурзаевКичинекей манасчы Үмөт маданияттын мыкты кызматкери болду
Кичинекей манасчы Үмөт маданияттын мыкты кызматкери болду - Sputnik Кыргызстан
Кичинекей манасчы Үмөт маданияттын мыкты кызматкери болду

Бүгүн кичинекей Үмөт "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында парламентаризм боюнча өткөн эл аралык конференциясынын катышуучуларына президент Алмазбек Атамбаев тарабынан берилген сый-тамак учурунда концертке катышып, "Манас" айтат. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борборунун башкы директору Рыскул Боромбаев билдирди. 

Эл аралык иш-чарага катышкандардын арасында БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун жана чет элдик бир топ меймандар бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0