Кыргызстан "Baltic Super Star" конкурсунда биринчи орунду алды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүФейерверк. Архив
Фейерверк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстан "Baltic Super Star" эстрада ырчыларынын IV эл аралык конкурсунда биринчи орунду алганын конкурстун калыстар тобунун мүчөсү, КРдин эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева билдирди.

Конкурс Санкт-Петербург шаарында 17-апрелден 22-апрелге чейин "Балтийская феерия" эл аралык фестивалынын алкагында өткөн.

Иманалиеванын айтымында, бул конкурста Кыргызстандын намысын Адилет Азимов коргогон.

"Конкурстук эки күндүн жыйынтыгы менен Адилет 17 мамлекеттен келген конкурстанттардын алдына чыккан. Гран-приге болгону бир гана упай жетпей калды. Баш байгени Молдовадан келген катышуучу утуп алды", — деди ал.

Экинчи орунду Өзбекстан менен Чехия алса, үчүнчү орунду Украина ээлеген.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо Санкт-Петербургдагы Жаштар үйүндө гала-концерт менен коштолду.

Жаңылыктар түрмөгү
0