04:38 20 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8488
  • EUR77.2458
  • RUB1.0877
Фейсбук баракчасы. Архив

КР журналисттери Sputnik сайтынын социалдык эстафетасына активдүү катышууда

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыз акыны Алыкул Осмоновго 100 жыл (29)
19520

"Санжыра" радиосунун кызматкерлери Sputnik сайтынын жамааты берген эстафетаны кош колдоп кабыл алганын журналист Чынара Токонова Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. "Санжыра" радиосунун жамааты Sputnik Кыргызстан сайтынын демилгесин колдоп, Алыкулдун ырларын окуган видеосун социалдык тармакка жайгаштырды.

24-мартта Sputnik Кыргызстан эл аралык хабы Алыкул Осмоновдун ырларын көркөм окуу боюнча белгилүү инсандардын катышуусундагы видеодолбоорду баштаган.

Долбоордун алкагында Sputnik Кыргызстан сайтынын жамааты Осмоновдун ырын окуу кезегин кесиптеш журналисттерге социалдык тармактан узатышкан.

"Санжыра" радиосунун журналисти Чынара Токонова билдиргендей, радионун жамааты Sputnik сайтынын кызматкерлери узаткан эстафетаны кош колдоп кабыл алышты.

"Sputnik сайтынын талантуу кыргыз акыны Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына арнап өткөрүп жаткан видео долбоорун "Санжыра" радиосу дагы кубаттайт. Ошондуктан саамалыктын алкагында бизге узатылган ыр кесени кош колдоп кабыл алдык. Алыкул Осмоновдун "Мен кыргыздын акыны" ырын сиздерге сунуштайбыз", — деп ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Санжыра" радиосунун жамааты ыр окуу кезегин Кыргыз радиосунун жамаатына узатышты.


Тема:
Кыргыз акыны Алыкул Осмоновго 100 жыл (29)

Тема боюнча

Асема Алыкул Осмоновдун "Музыка" деп аталган ырын окуйт
Зарина Макен Алыкул Осмоновдун "Сүйүү жана мен" деп аталган ырын окуйт
Дамира Ниязалиева Алыкул Осмоновдун "Ата Журтум" деп аталган ырын окуйт
Белгилер:
поэзия, Чынара Токонова, Алыкул Осмонов

ЭҢ МААНИЛҮҮ