Айтиев атындагы музейде Улуу Ата мекендик согушка арналган балдардын сүрөттөрү коюлат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Балажан" балдардын чыгармачылыгынын улуттук борбору. Архив
Балажан балдардын чыгармачылыгынын улуттук борбору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Биз Улуу Жеңиштин мураскерлерибиз" деп аталган эл аралык конкурска КМШ өлкөлөрүнөн өспүрүмдөр жана балдар катышат.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрүт өнөр музейинде Жеңиштин 70 жылдыгына арналган, балдар тарткан сүрөттөрдүн "Биз Улуу Жеңиштин мураскерлерибиз" деп аталган сүрөт көргөзмөсү өтөт. Бул маалыматты "Балажан" балдардын чыгармачылыгынын улуттук борборунан билдиришти. 

Жеңиштин 70 жылдыгына арналган эл аралык "Биз Улуу Жеңиштин мураскерлерибиз" конкурсуна Россия, Белоруссия, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын чыгармачыл өспүрүмдөрү менен балдары катышат. Конкурска бардыгы болуп 1300 эмгек жиберилген.

Музейге мыкты делген 200 эмгек коюлат. Анда согуш, көз жаш, жеңиштин бактылуу ирмемдери, ардагерлердин жана алардын үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөттөрү, согуштан кийинки тынч заман чагылдырылган.

Сынактын жыйынтыгы боюнча мыкты сүрөттөрдүн жыйнагы басылып чыгат. Жеңүүчүлөргө грамоталар, эстелик байгелер тапшырылмакчы. 

Көргөзмө 21-апрелге чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0