19:15 19 Баш оона 2017
Түз эфир
Москва шаары. Архив

Москвада апрелдин ортосунда Шабдан баатырга арналган конференция өтөт

© Sputnik / Евгения Новоженина
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
34 0 0

Москвадагы мамлекеттик лингвистикалык университетте Шабдан баатырдын 175 жылдыгына арналган илимий конференция өтүп, ага кыргызстандык жана россиялык окумуштуулар, ЖК депутаттары жана баатырдын чөбөрөсү катышат.

БИШКЕК, 3-апр.— Sputnik. Москва шаарында Шабдан баатырдын 175 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт. Бул туурасында Москвадагы мамлекеттик лингвистикалык университеттин маалымат кызматы билдирди.

торжественное мероприятие, посвященное 175-летию Шабдан батыру
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Кыргыз элинин мамлекеттик жана аскерий ишмери, белгилүү тарыхый инсан Жантай уулу Шабдандын 175 жылдыгына арналган эл аралык деңгээлдеги иш-чара Москвадагы мамлекеттик лингвистикалык университетте өтөт. Конференция Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин, "Мигранттарга колдоо көрсөтүү борбору" коомдук уюмунун жетекчиси Чолпон Осмонованын жана Москвадагы мамлекеттик лингвистикалык университеттин аракети менен өтүп жатат. 

Конференцияга КР менен РФ илимий чөйрөсүнүн өкүлдөрү, коомчулук, Жогорку Кеңештин депутаттары, ошондой эле Шабдан баатырдын чөбөрөсү Абдылдабек кызы Жаңыл чакырылган. 

Эл аралык конференциянын катышуучуларынын бири, ЖК депутаты Каныбек Иманалиев бул иш-чара өткөн жылга пландалып, бирок бир катар себептерден улам быйылкыга жылдырылганын, ал эми иш-чарада Москвада Шабдан баатырдын дипломатиялык ишмердүүлүгү туурасында сөз болорун билдирди. 

"Шабдан Жантай уулу ошол кезде кыргыз-орус мамилелерин бекемдөөгө өзүнүн олуттуу салымын кошкондугу маалым. Эл аралык конференцияда мен да ал адамдын бул жааттагы ишмердүүлүгү, анын өзү, тарыхый орду туурасында доклад жасайм. Конференцияда анын эки мамлекеттин ортосундагы алакаларга кошкон салымы илимий негизден каралып, азыркынын көз карашыда окумуштуулар өз баасын берип, коомчулукка тааныштырылат", — деди Иманалиев.

Шабдан Жантай уулу 1839-жылы Чүй өрөөнүндө туулган. Ал таасирдүү инсан болгондуктан, 1860-жылдардан тарта кыргыз элинин саясий турмушуна аралашып, сырткы карым-катнаштар боюнча маселелерди жөндөөдө олуттуу салымын кошуп келген.

Тема боюнча

"Шабдан баатыр" тасмасы 2015-жылы тартылып баштайт
Жакшы сценарий жазылса, Шабдан баатыр туурасында киного акча бөлүнөт
Белгилер:
Чолпон Осмонова, Абдылдабек кызы Жаңыл, Шабдан Баатыр, Каныбек Иманалиев, Москва

ЭҢ МААНИЛҮҮ