"Курманжан Датка" россиялык "Ника" кино сыйлыгынын номинанты болбой калды

© Фото / Айтыш фильм"Курманжан Датка" тасмасы россиялык "Ника" кино сыйлыгынын номинанты болбой калды
Курманжан Датка тасмасы россиялык Ника кино сыйлыгынын номинанты болбой калды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Курманжан датка" тасмасы "Балтиканын жана КМШ мамлекеттеринин мыкты кинотасмасы" категориясында ат салышып, бирок, номинацияга ээ болбой калды.

Ника кино сыйлыгы. Архив. - Sputnik Кыргызстан
"Курманжан Датка" тасмасы россиялык "Ника" сыйлыгына ат салышат
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Садык Шер-Нияздын "Курманжан Датка" тасмасы Москвада өткөн XXVIII "Ника" Улуттук кинематографикалык сыйлыкта "Балтиканын жана КМШ мамлекеттеринин мыкты кинотасмасы" номинациясын алган жок. 

"Курманжан Датка" Москвада өтүүчү "Балтиканын жана КМШ мамлекеттеринин мыкты кинотасмасы" категориясына талапкерлердин катарына кирген. Бул категория боюнча дагы төрт тасма сунушталган. 

Кыргызстандан буга чейин Эрнест Абдыжапаров менен Темир Бирназаровдун тарткан кинотасмалары сунушталган.

Аталган кино сыйлык 1987-жылы СССРдин кинематографисттери тарабынан түптөлгөн, негиздөөчүсү – Юлий Гусман. Кино сыйлыктын жеңүүчүлөрү Кинематография искусствосу академиясынын мүчөлөрүнүн жашыруун берген добушу аркылуу аныкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0