"Курманжан датка" киносу АКШда боло турчу кинофестивалга катышат

© Фото / Курманжан Датка тасмасынанКурманжан Датка тасмасынан бир кадр
Курманжан Датка тасмасынан бир кадр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Курманжан датка" тарыхый тасмасы 30дан ашык өлкө катыша турчу эл аралык кинофестивалдын тизмесине кирди.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. "Курманжан датка" тасмасы эл аралык кинофестивалга катыша турганын "Айтыш фильм" киностудиясынын маалымат кызматы билдирди.

Эл аралык кинофестиваль 9-апрелден 17-апрелге чейин Калифорния штатынын (АКШ) Тибурон шаарында өтөт. Кыргызстандын тасмасы кинофестивалдын конкурстук программасына киргизилген. 

"Бул жылы түрдүү темадагы фильмдер катышат. Фестивалдын максаты — дүйнөнү көз карандысыз кинематографтар тарабынан тартылган көркөм тасма аркылуу терең таанууга багытталган", — деп айтылат билдирүүдө.

"Курманжан датка" тасмасы мамлекеттик тапшырык менен тартылган кинотасма. Аны тартууга мамлекеттик бюджеттен 1,5 миллион доллар сарпталган. Анын бет ачары ушул жылдын 31-августунда Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүндө болгон. Бул тасма "Оскар" сыйлыгынын "Чет тилдеги мыкты тасма" категориясы боюнча ат салышып, бирок, акыркы тизмеге илинбей калган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0