Мар Байжиевдин пьесасы Абхазиядагы театрдын сезонун ачты

© Sputnik / Дронов / Медиабанкка өтүүКиргизский писатель Мар Байджиев
Киргизский писатель Мар Байджиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү кыргыз драматургу Мар Байжиевдин пьесасы абдан популярдуу. Анын тематикасы, психологиялык мааңызы дайыма актуалдуу жана, анан калса, бизге жакын дейт спектаклдин режиссёру Сырбей Сангулия

БИШКЕК, 23-мар. – Sputnik. Абхазиянын Ткуарчал шаарында Ш.А.Пачалиа атындагы мамлекеттик комедия театрынын быйылкы сезону кыргыз драматургу Мар Байжиевдин "Алтынчы күнү кечинде" пьесасы боюнча жаңы оюн менен башталды. Бул туурасында Абхазиянын Sputnik агенттиги спектаклдин режиссёру Сырбей Сангулияга таянуу менен билдирет.

"Белгилүү кыргыз драматургу Мар Байжиевдин пьесасы абдан популярдуу. Анын тематикасы, психологиялык мааңызы дайыма актуалдуу жана, анан калса, бизге жакын", — деди Сангулия.

Режиссердун айтымында, Мар Байжиевдин "Алтынчы күнү кечинде"  аттуу үч бөлүмдөн турган трагикомедиясында укук ченемдери менен эмес, адамдардын бирге өмүр сүрүүсүндөгү моралдык эрежелер менен жөнгө салынуучу адеп-ахлак принциптери берилет. 

Ткуарчал театрынын актеру Нури Жинджолия алардын труппасы Маданият үйүнүн сахнасы ачылышын чыдамсыздык менен күтүшкөнүн айтты. 

"Маданият үйүндө оңдоп кайра калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканына карабай, биз үзгүлтүксүз репетиция жасап жаттык. Ар түрдүү спектаклдер менен республиканын Ткуарчал жана башка райондорун кыдырдык. Бүгүн биздин чоң жана жаңы сахналуу болгонубузга кубанычтуубуз, биз үчүн кенен-кесири ойногонго мүмкүнчүлүк пайда болду", — дейт Жинджолия.

Режиссер Сырбей Сангулиянын айтымында, театрда 15 актер эмгектенет. Алардын арасында театр ачылгандан бери иштеп келе жаткан эл артисттер да, жаңы гана актерлук чеберчиликке үйрөнүп жаткан жаш адистер да бар. 

"Биз жаңы сезонго көрүүчүлөр үчүн бир нече спектакль даярдадык. Мурдатан коюлуп жүргөн оюндар менен катар, абхаз жазуучуларынын аңгемелери боюнча коюлган жаңы спектаклдер да бар", — деп баса белгиледи Сырбей Сангулия.

Казак опера жана балет театрынын Бишкектеги гастролу аншлаг менен өттү - Sputnik Кыргызстан
Казак опера жана балет театрынын Бишкектеги гастролу аншлаг менен өттү
Ткуарчал мамлекеттик комедия театры 1955-жылы негизделген. Биринчи бетачары улуу абхаз актеру, режиссеру, драматургу, СССРдин эл артисти Шарах Пачалианын "Чоң үйлөнүү тою" болгон. Драматург каза болгондон кийин анын аты театрга берилген.

2009-жылдан тартып Ш.А.Пачалиа атындагы мамлекеттик комедия тетарынын көркөм жетекчиси жана режиссеру болуп Абхазиянын эмгек сиңирген артисти Сырбей Сангулия эмгектенет.

Абхазия элинин 1992-93-жылдардагы ата мекендик согуш мезгилинде театрдын иши токтотулган. Андан кийин ал Самсон Чабдын "Ант" деп аталган аңгемеси менен кайра ачылган болчу. Аны эл акыны жана жазуучу Баграт Шинкуба сахналаштырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0