Бишкекте Куран окуу боюнча жарыш башталды

Жазылуу
Кыргызстанда Куран окуу боюнча жаштар арасында республикалык V жарыш өтүп жатат.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Куран окуу боюнча V жарыш башталды. Ага Кыргызстандын жети облусунан келген 15 жаштан 25 жашка чейинки 28 бала катышууда. Катышуучулар үч багытта — Куранды толук жаттагандар, Курандын 3/1ин жаттагандар жана көркөм окуу боюнча сынактан өтөт. Сынак "Адеп Башаты" коомдук фонддун демилгеси менен бешинчи ирет уюштурулуп жатат. 

Иш-чаранын демилгечилери конкурс негизинен жаштарга багытталгандыгын айтышты.

"Биздин иш-чаранын максаты — Куранды жаштарга таанытуу, жакындатуу. Бүгүнкү күндө коомубузда негативдүү көрүнүштөр арбып кетти, биз Курандын сүрөөлөрүнүн жардамы менен жаш муундарды жакшы жактарга жетелеген үгүт-насааттарды айталы деген ниеттебиз", — деди "Адеп Башаты" коомдук фонддун жетекчиси Жумадыл Маматжанов. 

Фонддун жетекчиси байге фонду 1 миллион 65 миң сом доллар экендигин айтып, орундар 20 миң сомдон 200 миң сомго чейин каралгандыгын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0