Алмаз Акунов: Салбуурун Кыргызстандын бренди болушу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековСалбуурун федерациясынын президенти Алмаз Акунов.
Салбуурун федерациясынын президенти Алмаз Акунов. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл биринчи жолу Салбуурун боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүп, ага өлкөнүн аймактарынан саяпкерлери, мергенчилер катышты.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Жекшемби, 1-мартта Бишкек шаарындагы Ак-Кула ат майданында Салбуурун боюнча Кыргызстандын алгачкы чемпионаты өттү. Бул маданий иш-чарада куш салынып, тайган агытылып, жаачылар көзгө атарлыгын дагы бир жолу көрсөтүштү.

Салбуурун – Кыргыздардын салттык аңчылыгы - Sputnik Кыргызстан
Салбуурун боюнча Кыргызстандын алгачкы чемпионаты өттү
Салбуурун федерациясынын президенти Алмаз Акунов Sputnik маалымат сайты менен болгон маегинде чемпионат, кыргыздардын аңчылык маданияты тууралуу буларга токтолду.

Салбуурун алгач, фестиваль катары 2006-жылы Тоң районунда болгон. Башында элди кызыктырыш үчүн, жаныбарларды алып келип иттерге салып берип, канаттууларга куштарды салып келишкен. Көрүүчүлөр иттердин талаа жаныбарларынын канжалап, таландысына калганына күбө болуп келген. 

Акунов белгилегендей, бул көрүнүш кээсине жакса, кээси жакчу эмес.

"Интернетке чыккан айрым видеолордон улам, Европа мамлекеттери "Салбуурун Кыргызстандагы абдан ырайымсыз федерация" деп бизге петиция жарыялашты. Кыргызстандагы Белгиянын, Германиянын, Американын элчиликтери биздин президентке, парламентке жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигине жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылууну токтоткула деп кайрылды. Ушундан кийин биз ойлоно баштадык. Андан көп узабай эле биз Дүйнөлүк мүнүшкөрлөр уюмуна мүчө болдук. Аталган уюм жапайы жандыктарды коргойт. Конвенцияга кол коюп, бул уюмга акысыз түрдө мүчө-корреспондент болуп кирдик. Жарды мамлекеттерге жардам кылып бекер кабыл алат экен", — деди ал.

Салбуурун боюнча Кыргызстандын алгачкы чемпионат жаңы ыкма боюнча өттү

Дүйнөлүк мүнүшкөрлөр уюмуна мүчө болуп киргенден кийин, алардын талаптарын аткаруу керектигин белгилеген Акунов, Салбуурун боюнча алгачкы чемпионат жаңы эрежелер менен өткөнүн кошумчалады.

"Дүйнөлүк тажрыйбаны, мүнүшкөрлөр уюмунун багыттарын карап, өзүбүздүн салтка ылайыктап туруп, Салбуурундун жаңы ыкмаларын, эрежелерин иштеп чыктык. Мурда карышкырды ортого байлап коюп, аны тиштеген кайсыл тайган кыйын деп талатчубуз. Андан кийин бүркүттү тиштеп салбасын деп карышкырдын оозун таңып туруп ага бүркүт салчубуз. Аны токтоттук. Жапайы жандыктарды – көгүчкөн, кыргоол, кекилик, коенду аянтка алып келип, аларга куштарды салчубуз. Мындай көрүнүштү дүйнөнүн бир катар коомдору жактырышкан жок. Мен өзүм Дене тарбия институтун аяктагам. Спорттун чебери, отличнигимин. Спортту жандандыруу ыкмасына таянуу менен жаңы ыкманы иштеп чыктык", — деди ал.

Ал жаңы эрежелер 2012-жылдан баштап киргизиле баштаганын кошумчалады.

1-мартта өткөн Салбуурун боюнча алгачкы чемпионатка жүздөн ашык ышкыбоздор – Жалал-Абал, Ош, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынан келип катышты. Программада бүркүт салуу, карчыга куштарды өрдөккө сыноо, жөө жаа атуу, атчан жаа атуу, кыргыз тайгандарынын көргөзмөсү болуп, тайгандар жарыштырылды. 

Биринчи орунга алты миң сом, экинчи орунга төрт миң, үчүнчү орунга үч миң сом берилди.

Алмаз Акунов белгилегендей, кийинки жылы боло турчу чемпионат жаңы норматив, жаңы эрежелер менен бааланат. Учурда алар иштелип чыгууда.

Салбуурун Кыргызстандын бренди болушу керек

Каражаттын тартыштыгынан улам, быйылкы чемпионатка сырттан киши чакырылган жок. Мындай чоң иш-чарага сырттан конок чакыруу көп каражатты талап кыла турганын Акунов белгиледи.

"Биз аларды чакырып алып тамак бере албасак, же жакшы сыйлык коё албасак, кантип чакырабыз. Быйылкы чемпионатты өкмөт "карызга өткөрө бергиле, кийин акчасын беребиз" деп койду. Чемпионатты негизи өкмөт өткөрүшү керек болчу. Ипподромдун бир күндүк акысына 67 миң сомдон төлөндү. Бул чемпионат ышкыбоздордун демилгеси менен өттү. Кыргызстанга келебиз дегендер көп, бирок өзүбүзгө ишенбей эле чакырбайбыз", — деди ал. 

Салбуурун федерациясынын президенти Кыргызстанды, кыргыздарды чет мамлекетте Салбуурун оюндары жакшы таанытат деп ишенет.

"Салбуурунга келген туристтер жакшы пикирлерин айтып жатат. Салбуурун башталганга сурнай тартып, добулбас кагып "Манас" айттырып баштайбыз. Башкача айтканда, илгертеден бери сакталып келе жаткан үрп-адаттар колдонулат", — дейт Акунов.

Салбуурун – бул комплекстүү түрдөгү аңчылык кылуу маданияты. Салбуурунчу ууга чыкканда кушун колуна кондуруп, тайганын жанына ээрчитип, артына жаа асынып, алдына ат минет. Салбуурун көчмөн элдердин чоң маданияты, анын ичинен кыргыздардын да аңчылык маданияты. Башка жагынан алып караганда, Салбуурунга чыгуу жоокерлердин машыгуусунун бир бөлүгү болгон. Жоокердик заманда атын да, өзүн да даярдаган. Денеси чымыр болуп, жоо келсе аттанууга даяр турган.

Жаңылыктар түрмөгү
0