Троллейбус "китепкана" Бишкектин көчөсүн аралап жүрөт

Жазылуу
Троллейбус "китепкана" шаардын көчөлөрүнө ай сайын чыгып турат.

БИШКЕК, 28-янв — Sputnik. Бишкек шаарында троллейбус "китепкана" иштеп баштады. Бул демилгени Бишкек мэриясынын борбордук китепкана системасынын кызматкерлери көтөрүп чыгышкан.

№12 китепкананын жетекчиси Любовь Кошелеванын айтымында, бул демилге шаар тургундарын жана өзгөчө жаштарды китеп окууга үндөө максатында көтөрүлгөн.

"Совет доорунда мындай транспорт шаар көчөлөрүнө байма-бай чыгып, ал тургундар тарабынан абдан жакшы кабыл алынчу. Биз жаңы чыккан китептер менен шаардыктарды тааныштыруу үчүн ушул оригиналдуу жолду тандап алдык. Ошондой эле, Бишкектин тарыхый жерлери менен шаардыктарды тааныштырууну максат кылдык", — дейт ал.

Троллейбус "китепкана" 11-троллейбустун каттамы менен иштейт, тактап айтканда, Чыгыш автобекетинен чыгып, Жибек-Жолу көчөсү аркылуу жүрүп, 12-кичирайонго чейин барат. 

Бул демилгенин авторлору троллейбус "китепкана" ай сайын иштеп турарын билдиришүүдө.


Жаңылыктар түрмөгү
0