Композитор Рыспай Абдыкадыровду эскеришти

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшаВ городе Ош прошли мероприятия ко дню рождения композитора Абдыкадырова
В городе Ош прошли мероприятия ко дню рождения композитора Абдыкадырова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарында композитор Рыспай Абдыкадыровду эскерген бир нече иш-чаралар өттү.

БИШКЕК, 13-янв — Sputnik. Ош шаарында атактуу композитор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карата эскерген иш-чаралар өттү. Бул туурасында Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Абдыкадыровдун атын алып жүргөн Ош облустук филармониясынын имаратында композиторго жана чыгармачылыгына урмат көрсөткөн чогулуп, митинг-реквием өткөрүштү. Ал көзү тирүү болгондо 73 жашка чыкмак. 

Эскерүү иш-чарасына Ош шаарынын вице-мэри Ильичбек Эргешов, өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, ОшМУнун ректору Каныбек Исаков, сахналаштары, артисттер жана коомчулук катышты. 

Ош шаарынын вице-мэри Ильичбек Эргешов кыргыз музыка искусствосунун калыптанышында Рыспай Абдыкадыров өзүнүн олуттуу салмагын кошкондугун белгиледи.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Рыспай Абдыкадыров 200дөн ашык обондор менен музыкалык чыгармалардын автору. Учурда кыргыз музыка өнөрүнүн айдыңында жүргөн бир топ ырчы, обончулар анын шакирттери экендиктерин айтып келишет. 

Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган. 1963-жылы Ош педагогикалык факультетин бүтүргөн.1994-жылы 12-сентябрда оорудан каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0