Опера ырчысы Миңжылкиевдин мемориалдык айкели Санкт-Петербургга орнотулат

© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүүНародный артист СССР Булат Минжилкиев
Народный артист СССР Булат Минжилкиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы атактуу театрларынын биринде белгилүү опера ырчысы Болот Миңжылкиевдин мемориалдык айкели пайда болот.

БИШКЕК, 30-дек — Sputnik. ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети СССРдин эл артисти, КР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Болот Миңжылкиевдин элесин дагы бир ирет түбөлүккө калтыруу туурасындагы маселени карады. 

Свякбай Каралаев - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз Гомери Каралаевдин маарекеси эл аралык деңгээлде белгиленди
Депутат Каныбек Осмоналиевдин айтымында, дүйнөлүк опера искусствосуна жана кыргыз маданиятына зор салым кошкон Болот Миңжылкиевдин эстелиги РФтин Санкт-Петербург шаарындагы Мариин театрына орнотулмакчы. Ырчы өмүрүнүн акыркы күндөрүндө аталган театрда солист болуп иштеген.

Комитетте демилге жактырылып, ЖКнын кароосуна сунуштоо чечими кабыл алынды.

2015-жылы Болот Миңжылкиевдин туулган күнүнө 75 жыл болот. Болот Миңжылкиев көптөгөн өлкөлөрдүн театр сахналарында кайталангыс жагымдуу үнү менен миллиондогон угуучулардын алкоосуна арзыган. СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти, бир нече орден, медалдардын ээси. Кыргыз ССР Жогорку Советиин депутаты болуп шайланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0