Москвада кыргыз сүрөтчүсү Райкүл Ахматованын көргөзмөсү өттү

© Фото / Айымкан КулукееваАрхив: Райкуль Ахматова
Архив: Райкуль Ахматова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүрөтчү республикада жана жана башка өлкөлөрдө декоративдик-колдонмо искусствосунун чебери катары таанылган. Адистердин айтымында, Ахматова өз иштеринде заманбап көрүнүштөрдү кылымдар бою келе жаткан элдик салттарга менен чеберчиликте айкалыштырып бере алат.

БИШКЕК, 29-дек — Sputnik. Москвада Крымский Вал көчөсүндө жайгашкан Борбордук сүрөтчүлөр үйүндө (БСҮ) Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, СССР жана КР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Райкүл Ахматованын көргөзмөсү аяктады.

Анын чыгармалары сүрөт искусствосунун көп сандагы сүйөрмандарынын көңүлүн бурду. Сүрөтчүлөр Үйүндө чебердин кийизден, жүндөн жана жибектен жасалган бир нече эмгектери коюлду.

"Россиялык кесиптештер менен көп жылдан бери чыгармачылык байланышыбызды үзбөй келебиз, бири-бирибизде мейманда болуп, биргелешкен долбоорлордо катышабыз. Бул жолу да мен россиялык досторумду келерки жылы Кыргызстанга пленэрде бирге иштөөгө чакырдым", — дейт Ахматова.

Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй
Сүртөчүнүн айтымында, Москвадагы көргөзмөгө анын мыкты чыгармалары тандалган.

Сүрөтчү республикада жана башка өлкөлөрдө декоративдик-колдонмо искусствосунун чебери катары таанылган. Адистердин айтымында, Ахматова өз иштеринде заманбап көрүнүштөрдү кылымдар бою келе жаткан элдик салттарга менен чеберчиликте айкалыштырып бере алат. Анын колунан жаралган эмгектер эл аралык түрдүү көргөзмөлөрдө бир нече ирет катышкан жана мамлекеттик музейлердин фондуларында сакталып келет. Дагы бир топ иштери Япония, АКШ, Англия, Швеция, Австрия, Индия жана башка өлкөлөрдөгү жеке коллекцияларда сакталуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0