Депутат: улуттук спорт оюндарын мектеп программасыны киргизүү керек

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүАрхив: кубок президента Киргизии по кок-бору
Архив: кубок президента Киргизии по кок-бору - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңеште улуттук спорттук оюндарды мектеп программасына киргизүү сунушталып, мыйзам долбоору 1-окууда жактырылды.

БИШКЕК, 24-дек — Sputnik. Депутаттар улуттук спорттун түрлөрүн мектеп программасына киргизүү демилгеси көтөрүштү. Бул боюнча ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында аталган маселе тууралуу мыйзам долбоору каралды. 

Демилгечи депутаттардын бири Каныбек Иманалиев улуттук спортко мамлекет камкордук көрбөсө, жоголуп кетүү коркунучу бар экендигин айтты. 

"Улуттук философия сыяктуу эле улуттук спорт оюндары да улуттук идеологиянын бир бөлүгү", — деди депутат.

Комитет жыйынына катышып отурган Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева улуттук оюндарды мектеп программасын милдеттүү түрдө эмес, факультативдик сабак катары киргизүүнү сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0