"Курманжан Датка" киносу Оскар сыйлыгынын кыска тизмесине кирбей калды

© Фото / Курманжан Датка тасмасынанКурманжан Датка тасмасынан бир кадр
Курманжан Датка тасмасынан бир кадр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик тапшырык менен тартылган "Курманжан Датка" тасмасы "Оскар" сыйлыгына ат салышуудан четтеди.

БИШКЕК, 22-дек—Sputnik. Кыргызстандык режиссер Садык Шер-Нияз тарткан "Курманжан датка" киносу "Оскар" сыйлыгынын "Чет тилдеги мыкты тасма" категориясына кирбей калды. Бул тууралуу америкалык киноакадемиянын расмий сайтында жума күнү жарыяланды.

Архив: Курманжан Датка - Sputnik Кыргызстан
"Курманжан датка" тасмасы эл аралык ФИПРЕССИ сыйлыгы үчүн ат салышат
Маалыматка ылайык, "Оскар" сыйлыгынын "Чет тилдеги мыкты тасма" категориясы боюнча 9 тасма ат салышат. Алардын ичинде аргентиналык режиссер Дамиан Шифрондун "Жапайы жомок", венесуэлалык режиссер Альберто Арвелонун "Куткаруучу" жана грузиялык режиссер Георги Овашвилинин "Жүгөрү аралы" тасмалары бар. Андан сырткары Мавритания, Нидерланды, Польша, Россия, Швеция жана Эстониянын тасмалары бар. 

Бул жылы "Оскар" сыйлыгын алууга 83 тасма ат салышкан. Анын ичинен Косово, Мальта, Мавритания жана Панама мамлекеттери биринчи жолу катышкан.

Садык Шер-Нияз өзүнүн Facebook баракчасына "Биздин "Курманжан Датка" кыска тизмеге илинбей калды. Албетте бул кабар силерге анча жага бербестир. Биринчи иш биринчилигин кылат экен. Али бизге көп нерсени үйрөнүш керек экен. ", — деген пикирин жазды.

"Курманжан датка" тасмасы мамлекеттик тапшырык менен тартылган кинотасма. Аны тартууга мамлекеттик бюджеттен 1,5 миллион доллар сарпталган. Анын бет ачары ушул жылдын 31-августунда Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүндө болгон. Бул күндөрү "Курманжан датка" Түркияда да көрсөтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0