"Манас" руханий мурастардын дүйнөлүк тизмесине киргизилди

Жазылуу
Санкт-Петербург шаарында "Манас" эпосу адамзаттын дүйнөлүк руханий мурастарынын тизмесине киргизилгендигин расмийлеген документ КМШ Парламенттер Ассамблея Кеӊешинин башкы катчысынын орун басары – КР ЖК өкүлү Нурбек Сатвалдиевге тапшырылды.

БИШКЕК, 16-дек — Sputnik. "Манас" эпосу адамзаттын руханий мурастар объектилеринин дүйнөлүк тизмесине киргизилди. Эпосту аталган тизмеге киргизүү жөнүндө тастыктама КМШ Парламенттер Ассамблея Кеӊешинин башкы катчысынын орун басары – КР ЖК өкүлү Нурбек Сатвалдиевге Санкт-Петербург шаарында тапшырылды. Бул туурасында ЖКнын маалымат кызматы билдирди. 

 "Манас" эпосу адамзаттын руханий мурастар объектилеринин дүйнөлүк тизмесине Нурбек Сатвалдиевдин демилгеси менен киргизилди", – деп билдирди аталган маалымат кызмат.

"Манас" эпосу CD жана DVD дисктерге чыкты
"Манас" дастаны – дүйнөдөгү эӊ ири жана өтө көркөм чыгарма – манасчы Саякбай Каралаевден жазылган варианты 500553 ыр сабынан турат.

Адамзаттын руханий мурастар объектилеринин дүйнөлүк тизмеси ("SHA – rating") аймактык коомчулуктун жалпы адамзаттын руханий дөөлөтүнө кирген материалдык маданий буюм-тайымдарды, архитектуралык ансамблдерди, маданий эстеликтерди сактоо, коргоо, өнүктүрүү жаатындагы сапатын баалоого арналган.

Жаңылыктар түрмөгү
0