Брюсселде Айтматовдун эл көрө элек сүрөттөрүнүн көргөзмөсү ачылды

© Sputnik / Э. Вильчинский / Медиабанкка өтүүАрхив: Чынгыз Айтматов
Архив: Чынгыз Айтматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз жазуучусу Айтматовдун тилектештери менен достору тарткан сүрөттөрү Брюсселде көргөзмөгө коюлду.

БИШКЕК, 12-дек — Sputnik. Брюсселде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган фотокөргөзмө ачылып, ага жазуучунун буга чейин эч жерде жарыяланбаган архивдик сүрөттөрү коюлду. 

Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык Анар Расул оглы Рзаевге ыйгарылды
Айтматов менен көп жыл катарлаш иштеп, арбын архивдерди, сүрөттөрдү чогулткан Ибрагим Бакировдун эмгектери европалык окурмандарга тартууланды. Андан сырткары европалык айтматовтаануучу жана жазуучунун үзөңгүлөш досу Жан Бланкоффдун тарткан сүрөттөрү коюлду.

Көргөзмө ачылар алдында алп жазуучу Айтматовдун Европадагы жашоосу туурасында документалдуу кинотасма көрсөтүлүп, чыгармаларына жазылган музыкалар жаңырды. Эскерүү кечесине европалык айтматовтаануучулар, маданият ишмерлери, саясатчылар, дипломаттар, классиктин достору жана окурмандары катышты. 

"Кыргыздарды жана Кыргызстанды дүйнө Айтматов аркылуу тааныды. Европада биздин таланттуу жердешибиздин чыгармаларын баалап, сүйүп окугандар арбын. Биз ал байланыштарды үзбөй, андан ары өнүктүрүшүбүз керек", — деди көргөзмөнүн уюштуруучуларынын бири "Улут Жүзү" коомдук фондусунун жетекчиси Рустам Маманов.

Көргөзмө Брюссель шаарындагы Россиялык маданият жана илим боюнча борбордо уюштурулду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0