"Курманжан датка" тасмасы эл аралык ФИПРЕССИ сыйлыгы үчүн ат салышат

© Фото / Айтыш фильмАрхив: "Курманжан Датка"
Архив: Курманжан Датка - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамекендик "Курманжан датка" тасмасы ФИПРЕССИ эл аралык сыйлыгы үчүн ат салышат.

БИШКЕК, 6-дек — Sputnik. "Курманжан датка" тасмасы эл аралык ФИПРЕССИ (FIPRESCI) сыйлыгы үчүн ат салыша турганын "Айтыш фильм" киностудиясынын маалымат катчысы Чолпон Идрисова билдирди. 

Курманжан Датка тасмасынан бир кадр - Sputnik Кыргызстан
"Курманжан Датка" Сеулда көрсөтүлдү
Буга чейин 3-декабрда, америкалык "The Hollywood reporter" журналынын версиясы боюнча "Курманжан датка" тасмасы "Оскар" кино сыйлыгына "Чет тилдеги мыкты тасма" номинациясы боюнча топ — 15ке киргени маалым болгон.

ФИПРЕССИ конкурсу 2-12-январь күндөрү өтөт, ага "Оскар" кино сыйлыгына "Чет тилдеги мыкты тасма" номинациясы боюнча башкы талапкер болгон алдыңкы 50 тасма катышат.

"Курманжан датка" – кинотасмасынын бет ачары үстүбүздөгү жылдын 31-августунда, эгемендүүлүк күнүндө болгон. Аны тартууга 1 миллион 500 миң доллар кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0