"Манас" эпосу CD жана DVD дисктерге чыкты

© Художник Г. Петров / Медиабанкка өтүүАрхив: "Манас" эпосуна Г. Петров тарткан иллюстраця
Архив: Манас эпосуна Г. Петров тарткан иллюстраця - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Манас" эпосунун үн менен айтылган варианты 3 миң нуска менен CD жана DVD дисктерге чыкты.

БИШКЕК, 28-ноя — Sputnik. "Манас" эпосу 3 миң тираж менен CD жана DVD дисктерге чыкканын Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бул дисктер "Манас" эпосунун жаштарды тарбиялоодогу гумандуулук идеясын эске алуу менен Кыргызстанда жашаган түрдүү улуттар ортосундагы достукту чыңдоо максатында чыгарылган. Мындан сырткары, улуттун маданий казынасы болгон "Манас" эпосун жайылтууну да көздөйт.

Бул жылы Замирбек Баялиевдин айтуусундагы "Манас" дисктерге чыккан. "Манас" эпосунун варианттарын даярдап чыгаруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Анын курамына Кыргызпатенттин, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, КР Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү жана манасчылар кирген. Аталган дисктер, негизинен, китепканалар менен жогорку окуу жайларга таратылат.

2012-жылы Талантбек Бакчиевдин айтуусундагы "Манас" дисктерге чыкса, 2013-жылы Рысбай Исаковдун айтуусундагы "Манас" дисктерге чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0