Бишкектеги Кино үйүндө Сүймөнкул Чокморовдун 75 жылдыгы белгиленди

© Sputnik / Фред Гринберг / Медиабанкка өтүүСүймөнкул Чокморов эс алууда.
Сүймөнкул Чокморов эс алууда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүймөнкул Чокморов советтик актерлер ичинен Бүткүл союздук кинофестивалда төрт жолу катары менен "Эркектин мыкты ролу" номинациясын жеңип алган жалгыз актер.

БИШКЕК, 10-ноя — Спутник Кыргызстан. Актердун жаркын элесине арналып, 9-ноябрда Бишкектеги Кино үйүндө Мамасалы Апышевдин "Сүймөнкул Чокморов: жашоо жана чыгармачылыгы" аттуу китептин бет ачары болду. Бул тууралуу Кинематография департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Бет ачаарда Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, кинорежиссер Болот Шамшиев, кинодраматург Мар Байжиев, академик Турар Койчиев, С.Чокморов атындагы фонддун төрагасы Сагын Абдрахманов, продюсер Фархад Бекмамбетов сөз сүйлөштү. Ошондой эле, Кино үйүнда улуу талантка арналган сүрөт көргөзмө ачылды. Сүймөнкул Чокморов Кыргыз ССР эл артисти наамын 1975-жылы алса, 1981-жылы СССРдин эл артисти наамына татыган. 1972-жылы Ленин комсомолунун лауреаты, 1978-жылы Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыкка арзыган. Чокморов советтик актерлер ичинен Бүткүл союздук кинофестивалда төрт жолу катары менен "Эркектин мыкты ролу" номинациясын жеңип алган. Белгилүү актер, атактуу сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов тирүү болгондо быйыл 75 жашка толмок. Ал 1939-жылы 9-ноябрда туулуп, 1992-жылдын 26-сентябрында каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0