"Курманжан Датка" тасмасы Кореяда көрсөтүлөт

© Фото / Курманжан Датка тасмасынанКурманжан Датка тасмасынан бир кадр
Курманжан Датка тасмасынан бир кадр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Курманжан Датка" тарыхый-эпикалык тасмасы 16-ноябрда Түштүк Кореянын Сеул шаарында көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 1-ноя — Спутник Кыргызстан. "Курманжан Датка" тасмасы Кореядагы Кыргызстандын элчилиги жана "Биримдик" коомдук уюмунун чакыруусу менен коюлууда. Бул тууралуу аталган коомдук уюмдан кабарлашты.

"Курманжан Датка" картинасы буга чейин Европанын бир канча мамлекеттеринде, Америка, Дубай, Россия жана Казакстанда көрсөтүлгөн. Ал эми соңку ирет 20-26-октябрь күндөрү Кытайдын Сиань шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда көрүүчүлөрдүн сыйлыгына татыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0