Машина деп ушуну айт! Бишкекте Hyundai автоунаасынын жаңы моделдери сунушталды

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезентация новых моделей Hyundai в Хендэ Центре Кыргызстан
Презентация новых моделей Hyundai в Хендэ Центре Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2021
Жазылуу
Сунушталган автоунаалар жогорку технологиялык заводдон чыгат. Баасы опцияларына жараша. Мисалы, Hyundai Elantra үлгүсүнүн наркы 22 миң доллардан башталат.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кыргызстандагы Хендэ борбору Hyundai (Хендэ) моделинин Elantra, Sonata жана Santa Fe деп аталган үч жаңы түрүн көрсөттү.
Иш-чарага дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери, компаниянын өнөктөштөрү, медиа өкүлдөрү, блогерлер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Бул моделдер кыргызстандыктарга көптөн бери тааныш экенин айткан "Азиямоторс" ЖЧКсынын Кыргызстандагы жетекчиси Владимир Лим дал ушул модификациялар биринчи жолу сунушталып жатканына токтолду. 
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Азиямоторс" ЖЧКсынын Кыргызстандагы жетекчиси Владимир Лим
Презентация новых моделей Hyundai в Хендэ Центре Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
"Азиямоторс" ЖЧКсынын Кыргызстандагы жетекчиси Владимир Лим
“Бүгүн биз үчүн өзгөчө күн. Жергиликтүү рынокко үч моделди алып чыгып жатабыз. "Азиямоторс" компаниясына 12 жыл болду, бул убакыт аралыгында биз миңдеген адамды унаалуу кылып, рынокту жаңы деңгээлге көтөрүүгө салым коштук”, — деди ал.
Hyundai Motors CIS ("Хендэ Моторс СНГ") компаниясынын аймактык директору Хван Ки Ен мырза "Азиямоторс” Hyundai брендинин Кыргызстанда жайылып, таанымал болушуна өбөлгө болгонун белгиледи.
“Биз үчүн автоунаа ыңгайлуу, көзгө сүйкүмдүү болгону эле эмес, айдоочуга кам көрөрүбүз билинип турганы маанилүү”, — деди Хван мырза.
Иш-чарага Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин консулу Пак Ки Сок да катышты. Ал ушуга окшогон иш-чаралар аркылуу кореялык автоунаалар Кыргызстанга көбүрөөк импорттолоруна үмүт артты. 
© Sputnik / Табылды КадырбековКорея Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин консулу Пак Ки Сок
Презентация новых моделей Hyundai в Хендэ Центре Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин консулу Пак Ки Сок
Hyundai компаниясынын сатуу бөлүмүнүн жетекчиси Азат Мурдинов “Хэнде” автомобилдеринин сапаты мыкты экенин, анткени жогорку технологиялык заводдон чыгарын белгиледи. Ал жакта машинаны чогултуу процесси автоматташтырылганы кошумчаланды. 
© Sputnik / Табылды КадырбековHyundai компаниясынын сатуу бөлүмүнүн жетекчиси Азат Мурдинов
Презентация новых моделей Hyundai в Хендэ Центре Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Hyundai компаниясынын сатуу бөлүмүнүн жетекчиси Азат Мурдинов
“Автоунаалардын баары Кореядан чыгат, беш жылдык кепилдиги бар. Elantra моделинин баасы 22 миң доллардан башталат, нарк опцияларга жараша, кардар өзүнө ылайык түрүн тандап ала алат. Бизнес-класстагы D — Sonata моделинин баасы 27 миңден жогору. Ал эми Santa Fe 35 миңден өйдө турат”, — деп айтып берди ал.
Конокторго алгач Hyundai Sonata сунушталды. Капотко узатасынан тартылган диод жарыктары машинанын көркүн ачкан. Образды 18 дюймдук дисктер толуктап турат. Панелинде алган багыт тууралуу бардык маалымат, приборлордун көрсөткүчтөрү чыгып турат, андан тышкары, маңдайкы айнекте прибор көрсөткүчтөрүнүн проекциясы жана айланта көрүү мүмкүн болгон системасы бар. 
© Sputnik / Табылды КадырбековКонокторго алгач Hyundai Sonata сунушталды
Презентация новых моделей Hyundai в Хендэ Центре Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Конокторго алгач Hyundai Sonata сунушталды
Максималдуу кубаттуулугу — 180 аттын күчүнө барабар. Машинада ылдамдыкты кнопка менен алмаштыруу блогу, алты коопсуздук жаздыкчасы, круиз-көзөмөл, ошондой эле алдынан тоскоолдук чыкса автоматтык токтоо системасы каралган.
Андан соң сахнага Hyundai Elantra чыкты. Бул моделде автомобилдин дизайнга мүнөздүү болгон учтуу формалар жок. Кузову адаттагыдан кең, узунураак келет. Аралыктан кубаттоочу түзүлүш, автоматтык токтоо системасы бар. 
© Sputnik / Табылды КадырбековHyundai Elantra модели
Презентация новых моделей Hyundai в Хендэ Центре Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Hyundai Elantra модели
Кеченин кульминациялык ирмеми Hyundai Santa Fe болду. Модель бүгүнкү күндөгү жолтандабас жаатындагы чоң секирик десе болчудай. HD-дисплейи менен кошо санарип панели, көрүнбөгөн зоналардын монитору, 8 дюймдук дисплейи жана смартфонду алмаштыруу функциясы бар аудиосистема, смартфондорду аралыктан кубаттоочу системасы бар. 
© Sputnik / Табылды КадырбековКеченин кульминациялык ирмеми Hyundai Santa Fe болду
Презентация новых моделей Hyundai в Хендэ Центре Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кеченин кульминациялык ирмеми Hyundai Santa Fe болду
Hyundai компаниясынын Кыргызстандагы расмий өкүлү болуп "Азиямоторс" ЖЧКсы эсептелет. Борбор Кыргызстанда 2010-жылдан тарта иштеп, автоунаа сатуу, андан кийинки тейлөө жана тетик менен камсыздоо кызматтарын көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0