WorldSkills Russia VIII Улуттук чемпионатынын финалы өтүүдө

© Фото / WorldSkills RussiaWorldSkills Russia VIII Улуттук чемпионатынын катышуучулары
WorldSkills Russia VIII Улуттук чемпионатынын катышуучулары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
WorldSkills Russia VIII Улуттук чемпионатынын финалы быйыл 6-21-сентябрда алгач ирет дистанттык-күндүзгү форматта өтөт.

Коронавирус эпидемиясы дүйнө жүзүндө калыптанып калган иш форматын өзгөрттү. Аны менен бирге эле жаңы горизонтторду ачып берди, санарип аянтчалар дүркүрөп өсүүдө.

Күндөлүк жыйындар, спорт менен машыгуулар, достор менен кезигүү, бизнес, мектеп, университет, музейлер онлайн-форматка өттү. WorldSkills Russia да окутуу, машыгуу, мелдеш жана квалификацияларды дистанциялык форматта баалоо үчүн санариптик каражаттарды иштеп чыгуудан четте калбады. Улуттук чемпионаттын финалын жылдырбоо үчүн WorldSkills тутумунда алгач ирет анын дистанттык-күндүзгү форматы иштелип чыкты. Ага бөлөк өлкөлөр да кадрларды даярдоо жана улуттук чемпионаттарды өткөрүү системаларына киргизип, колдоно турган эң мыкты технология жана инструменттер камтылды.

© Фото / WorldSkills RussiaУлуттук чемпионаттын финалын жылдырбоо үчүн WorldSkills тутумунда алгач ирет анын дистанттык-күндүзгү форматы иштелип чыкты.
WorldSkills Russia VIII Улуттук чемпионатынын финалы өтүүдө - Sputnik Кыргызстан
Улуттук чемпионаттын финалын жылдырбоо үчүн WorldSkills тутумунда алгач ирет анын дистанттык-күндүзгү форматы иштелип чыкты.

Улуттук чемпионаттын финалынын алкагында мелдеш 130 компетенция боюнча (юниорлор үчүн 71) өтөт. Улуттук биринчиликке 2800дөн ашуун киши, алардын арасында өспүрүмдөр жана чет элдик конкурсанттар катышууда.

Салыштырсак, 2018-жылы катышуучулардын саны – 700, 2019-жылы 1500дү түзсө, эксперттик коомчулук 700дөн ашат.

Жаңы WorldSkills Russia форматы РФтин аймактарынан чемпионатка катышууга ниеттенгендердин санын арттырды. Ошентип, 8 жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан мелдештердин арасынан WorldSkills Russia VIII Улуттук чемпионатынын финалы Россиядагы эң масштабдуу болмокчу. Ага каалоочулардын баары дүйнөнүн булуң-бурчунан көз сала алат.

Компетенциялар кесиптердин жети блогуна ылайык келет: курулуш жана курулуш технологиялары; маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар; чыгармачылык жана дизайн; өндүрүш жана инженердик технологиялар; тейлөө чөйрөсү; транспорт жана логистика; Future Skills.

© Фото / WorldSkills Russia8 жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан мелдештердин арасынан WorldSkills Russia VIII Улуттук чемпионатынын финалы Россиядагы эң масштабдуу болмокчу. Ага каалоочулардын баары дүйнөнүн булуң-бурчунан көз сала алат.
WorldSkills Russia VIII Улуттук чемпионатынын финалы өтүүдө - Sputnik Кыргызстан
8 жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан мелдештердин арасынан WorldSkills Russia VIII Улуттук чемпионатынын финалы Россиядагы эң масштабдуу болмокчу. Ага каалоочулардын баары дүйнөнүн булуң-бурчунан көз сала алат.

Финал колледждердин аймактык аянтчаларында, ошондой эле адистештирилген жана эл аралык компетенциялар борборлорунда өтөт. Дал маалында башкы эксперттер мелдештин жүрүшүнө көз салып, регламентке төп келишин катуу көзөмөлдөйт.

Катышуучулардын аракети аралыктан жана онлайн-технологияларды пайдалануу менен бааланат. Баалоо системасы бир нече блокко бөлүнөт. Сынакка катышуучулардын эмгектери өздөрү жашаган аймакта эксперттер тарабынан визуалдык көзөмөл каражаттары аркылуу аралыктан бааланат. Аралыктан баалоого мүмкүн болбогондору Новокузнецкидеги негизги Мелдештерди баалоо борборуна же Москва жана Казандагы аянтчаларда жайгашкан кошумча мелдештерди тескөө борборлоруна экспресс-почта менен жөнөтүлөт. Андан сырткары, "Келечекке билет" платформасында "Кесипте өзүңдү сынап көр" – Try-a-skill атайын дистанциялык программасы уюштурулган.

Каалагандар виртуалдык экскурсияга катышып, заманбап онлайн-активдүүлүктөр – устаттардан алынган оюн жана интерактивдүү тапшырмалар аркылуу компетенцияларда өз күчтөрүн сынай алышат.

© Фото / WorldSkills RussiaКомпетенциялар кесиптердин жети блогуна ылайык келет: курулуш жана курулуш технологиялары; маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар; чыгармачылык жана дизайн; өндүрүш жана инженердик технологиялар; тейлөө чөйрөсү; транспорт жана логистика; Future Skills.
WorldSkills Russia VIII Улуттук чемпионатынын финалы өтүүдө - Sputnik Кыргызстан
Компетенциялар кесиптердин жети блогуна ылайык келет: курулуш жана курулуш технологиялары; маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар; чыгармачылык жана дизайн; өндүрүш жана инженердик технологиялар; тейлөө чөйрөсү; транспорт жана логистика; Future Skills.

Иштин глобалдык ыкмаларындагы өзгөрүүлөрдү чагылдырган трансформация жана санарип экономиканын өсүшү биргелешкен аракеттердин жемиши болуп саналат. WorldSkills Russia бир топ убакыттан бери методикаларды иштеп чыгып келет. Улуттук чемпионатты жаңы дистанттык-күндүзгү форматта өткөрүү демилгесин РФ Билим берүү министрлиги, Кузбасс өкмөтү, Стратегиялык демилгелер агенттиги жана дүйнөдөгү эң алдыңкы 50 компаниядагы өнөктөштөрү колдоого алган.

Кузбасс — дүйнөдөгү ири көмүр бассейндеринин бири. Бул VIII Улуттук чемпионаттын финалын өткөрүү борборуна айланды. Мында оор өнөр жай, металлургия мекемелери бар.

Учурда Кузбасс кызуу өнүгүп келет, заводдорго заманбап технологиялар, эң жогорку дүйнөлүк стандарттарга төп келген алдыңкы иш механизмдери киргизилүүдө. Аймакка жогорку деңгээлдеги кесипкөйлөр зарыл. Ошондуктан улуттук чемпионаттын финалын өткөрүү — жаштарга талап күч болгон жумушчу адистиктердин кеңири спектрин көрсөтүүнүн эң сонун жолу.

РФ чегинин тышындагы катышуучулар да WorldSkills Russia Улуттук чемпионатка катышып, окуудан өтүп, ошондой эле бир нече компетенциялар боюнча мелдештерге катыша алышат. Чемпионаттын алкагында Евразия мейкиндигиндеги өлкөлөрдөн катышкандар үчүн да евразиялык чегерим пландалууда.

© Фото / WorldSkills RussiaСынакка катышуучулардын эмгектери өздөрү жашаган аймакта эксперттер тарабынан визуалдык көзөмөл каражаттары аркылуу аралыктан бааланат.
WorldSkills Russia VIII Улуттук чемпионатынын финалы өтүүдө - Sputnik Кыргызстан
Сынакка катышуучулардын эмгектери өздөрү жашаган аймакта эксперттер тарабынан визуалдык көзөмөл каражаттары аркылуу аралыктан бааланат.

"Кадрларды даярдоо, кесиптик чеберчилик боюнча чемпионаттарды уюштуруу, окутууда санарип чечимдерди жаратуу жана өнүктүрүүнүн комплекстүү системасын курууда WorldSkills Russia өнөктөш өлкөлөр менен эл аралык кызматташууда тажрыйбага бай, — дейт WorldSkills Russia башкы директору Роберт Уразов. — Ушул тапта Евразия мейкиндигиндеги өлкөлөрдө, анын ичинде КМШда кадрларды даярдоо тутумуна мындай саамалыктарды киргизүүгө көмөктөшөбүз. Бул иштин алкагында россиялык аянтчаларга, санарип инфраструктурага жана WorldSkills Russia ресурстарына, ошондой эле компаниялардын жана билим берүү мекемелеринин өнөктөштүк түйүндөрү аралыктан туташтыруу менен биргелешкен машыгууларды өткөрөбүз. Мындай ыкма иштелип чыккан технологияларды жакшыртууга, чогуу өнүгүп жана кийин да КМШ өлкөлөрү менен бирге бирдиктүү эмгек рыногун жогорку квалификациялуу адистер менен камсыздоого өбөлгө болот".

Кыргызстан кесиптик билим берүү тутумун активдүү өнүктүрүп, келечекте WorldSkills кыймылына кирүүнү пландап келет. Бүгүнкү күндө WorldSkills Russia кесиптештери менен кадр даярдоо тутумуна WorldSkills стандарттарын киргизүүнүн мыкты тажрыйбаларын алмашуу жаатында кызматташат.

Былтыр Кыргызстандын өкүлдөрү WorldSkills Kazan – 2019 кесиптик чеберчилик боюнча 45-Дүйнөлүк чемпионатынын алкагындагы бизнес-миссияга жана жогорку окуу жайлар арасындагы III "Жаш кесипкөйлөр" улуттук чемпионатына баяндамачы катары кошулган.

© Фото / WorldSkills RussiaКаалагандар виртуалдык экскурсияга катышып, заманбап онлайн-активдүүлүктөр – устаттардан алынган оюн жана интерактивдүү тапшырмалар аркылуу компетенцияларда өз күчтөрүн сынай алышат.
WorldSkills Russia VIII Улуттук чемпионатынын финалы өтүүдө - Sputnik Кыргызстан
Каалагандар виртуалдык экскурсияга катышып, заманбап онлайн-активдүүлүктөр – устаттардан алынган оюн жана интерактивдүү тапшырмалар аркылуу компетенцияларда өз күчтөрүн сынай алышат.

Мелдеш өткөрүү жана окутуунун WorldSkills Russia жаңы форматтары глобалдык өзгөрүүлөргө карабастан, Кыргызстан менен кызматташууну улантууга мүмкүндүк берет.

WorldSkills Russia VIII Улуттук чемпионатынын финалынын алкагында кайрадан иштелип чыккан санарип технологияларын өз аянтчаларында гана тургай, өнөктөш өлкөлөрдүн аянтчаларында да өркүндөтүп, окутуунун тигил же бул улуттук тутумуна айкалыштыруу менен бекитет. Өлкөлөр бул багытта WorldSkills Russia кыймылынын "лабораториясында" жасалган инструменттерди өз улуттук аянтчаларында киргизүүгө кызыгуусун билдирип келишет. Ошентип, WorldSkills Russia ааламдык деңгээлде өз тажрыйбаларын кеңейткенден кеңейтип келет.

Быйыл атайын онлайн-программа тажрыйба алмашуу жана жаңы технологияларды өздөштүрүү аянтчасына айланды. Аны WorldSkills Russia өкүлдөрү мелдештерди өткөрүүгө санарип жана онлайн-чечимдерди киргизүүгө арнап, чет өлкөлүк өнөктөштөрү үчүн уюштурууда.

Кырктан ашуун өлкөдөн катышуучулар аталган программага көз карандысыз эксперт жана байкоочу катары кошулган. Программанын алкагында: санарип чечим жана онлайн-технологиялар пайдаланылган WorldSkills Russia улуттук чемпионатынын жаңы форматына арналган сессия; чемпионаттын мелдештер өтчү дистанттык аянтчасына, мелдештерди тескөөчү борборлорго онлайн-тур; ошондой эле аралыктан WorldSkills стандарттарына жараша көз карандысыз баалоо тренинги; онлайн-тренинг жана мелдештерди өткөрүү үчүн өнөр жай жаатындагы өнөктөштөр жана компаниялар менен кызматташуу, өз ара аракеттешүү жөнүндөгү ишкердик баарлашуу; компетенциянын негизги жети блогу боюнча аралыктан жана онлайн-мелдеш моделин киргизүү боюнча сессия өтүүдө.

© Фото / WorldSkills RussiaРФ чегинин тышындагы катышуучулар да WorldSkills Russia Улуттук чемпионатка катышып, окуудан өтүп, ошондой эле бир нече компетенциялар боюнча мелдештерге катыша алышат.
WorldSkills Russia VIII Улуттук чемпионатынын финалы өтүүдө - Sputnik Кыргызстан
РФ чегинин тышындагы катышуучулар да WorldSkills Russia Улуттук чемпионатка катышып, окуудан өтүп, ошондой эле бир нече компетенциялар боюнча мелдештерге катыша алышат.

Заманбап шарттар кадрларды даярдоонун кесипкөйлүк системасын өзгөрттү. Анын өнүгүшүндөгү жаңы уникалдуу баскычка алып келди. Дистанттык жана бөлүштүрүлгөн форматка чемпионаттар гана тургай, билим берүү жана жумуш процесстери да өтүүдө. Бул ишке орношуунун жаңы үлгүлөрүн жана эмгек рыногундагы жумуш орундарын түзүүгө түрткү болот.

КМШ өлкөлөрүндөгү бирдиктүү эмгек рыногу жана бирдиктүү стандарттарды түзүү аракетин эске алсак, Кыргыз Республикасында WorldSkills кыймылын өнүктүрүүдөгү ырааттуу иш кадр даярдоонун улуттук тутумун дүйнөлүк деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берет. Ал менен гана чектелбестен, жаңы реалдуулук мобилдүүлүк мүмкүнчүлүгүн жаратат, себеби жаңы форматта бул алда канча жеңилдейт.

Кадрлардын мындай мобилдүүлүк жана глобалдык интеграциясында дүйнөлүк деңгээлдеги жөндөмдөргө ээ болуш абдан маанилүү. Ошондуктан дал ушундай окутууну камсыздоо үчүн WorldSkills стандарттарын кеңейтүү жана киргизүү — WorldSkills Russia менен кыргызстандык кесиптештеринин өнөктөштүк алкагындагы артыкчылыктуу милдеттердин бири.

Бул туурасында https://wsr.online/ сайтынан кеңири маалыматтар менен тааныша аласыздар.

Долбоордун өнөктөшү

Жаңылыктар түрмөгү
0