"Юнистрим" мобилдик тиркемеси эми кыргыз тилинде тейлейт

Мобильное приложение Юнистрим
Мобильное приложение Юнистрим - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тиркеме өзү өтө жөнөкөй жана ыңгайлуу, ал эми кыргыз тилине которулгандан кийин мамлекеттик тилде сүйлөгөндөр үчүн мурдагыдан да жеңилдейт. Тейлөө тилин алеки заматта алмаштыра аласыз.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. "Юнистрим - акча которуулар" мобилдик тиркемеси мындан ары кыргыз тилинде да тейлей баштайт. Бул туурасында РИА Новости агенттиги билдирди.

Банктагылар кызмат көрсөтүү тилдеринин арасына кыргыз тилинин киргизилиши — ыңгайлуулукту гана камсыздабастан, сапаттуу тейлөө элементи да болуп саналат.

"Улуттук тил — банк өндүрүмдөрүн жаратууда сөзсүз эске алынчу ар бир элдин баалуулугу, маданий коду", — деди "Юнистрим" банкынын башкаруу тобунун төрайымы Надежда Кибальник.

Ошондой эле ал 2018-жылы "Юнистрим" тутуму боюнча онлайн которуулардын 60 пайызы дал ушул мобилдик тиркеме аркылуу жүргүзүлгөнүн кошумчалайт.

Тиркемени колдонуу алда канча жеңил. Ал сиздин банк картаңыздын маалыматтарын жадында сактайт, башкача айтканда, акча которууда маалыматтарды кайра-кайра терип отурбайсыз, ошондой эле сиздин которууларыңыздын таржымалы да катталат. Акча которууга эки мүнөттөн ашык кетпейт, эгер бир эле кишиге кайра которуп жатсаңыз, анда бир нече гана кнопканы басканыңыз жетиштүү.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы банктар былтыр кандай киреше алганы айтылды
Тейлөө тилин алмаштыруу үчүн "Профиль" бөлүмүнө киресиз, тил тандамы эң жогорку панелде жайгашкан. Көз ирмемчелик гана убактыңызды алат. Тиркеме өтө жөнөкөй, түшүнүктүү түзүлгөн, ал эми кыргыз тилинин киргизилиши менен ого бетер жеңилдейт.

"Юнистрим" мобилдик тиркемеси менен Кыргызстанга акча жөнөтүүдө кандай валютада, анын ичинде сом түрүндө да берилерин белгилөөгө болот.

Тиркемени AppStore жана GooglePlay базасынан жүктөй аласыз. Ал үчүн издөө панелине "Юнистрим - акча которуулар" деп тересиз.

2017-жылга салыштырмалуу Кыргызстанга "Юнистрим" аркылуу онлайн акча которуулардын саны бир жарым эсе жогорулаган. Биздин республикада бул тутумдан которулган акчаны 1180 пунктудан алууга болот. "Юнистрим" системасынын өнөктөштөрү өлкөнүн ири банктары болуп саналат, алардын арасында "Айыл Банк" ААКы, "РСК Банк" ААКы, "Дос-Кредобанк" ААКы, "Банк Компаньон" ЖАКы, "ЭкоИсламикБанк" ААКы, "Бакай Банк" ААКы жана "КЫРГЫЗСТАН" коммерциялык банкы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0