Дароо эле "уяты жок" дешет. Маршруткадагы жанды кашайткан жоруктар

© Sputnik / Жоомарт УраимовРабота общественного транспорта в Бишкеке
Работа общественного транспорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2021
Жазылуу
Коомдук транспорттун ичинде бара жаткан адамдардын айрым кылыктары колумнист Эламан Карымшаковдун көкөйүнө көк таштай тийиптир. Мындан улам ал жанын кашайткан жагдайларын тизмектеп чыкты.
Азыр маршруткаларга 15 сом берип шаардын бир башынан этегине чейин жетсең болот. Ал арада миңдеген кызыктуу окуяларга туш болосуң. Бирок кээ бир учурларды көзүм да көрбөсүн, кулагым да укпасын дейсиң.

Таң кутмандуу болбой калганда…

Адатта эртең менен "кутман таң" дешет эмеспи. Эгер жеке унааңыз болбосо бул сөз сизге тиешелүү эмес. Анткени күндүн жакшы башталышы маршруткадан көз каранды.
Таң атпай көзүңдү ушалап жумушка шашып жөнөйсүң. Жолго жетейин дегенде маршрутка өтүп кетет же 15-20 мүнөт күттүрүп кууратат. Бир кыйладан кийин булуттан чыккан айга окшоп келе жаткан аппак маршрутканы көрөсүң. Сүйүнүп барып эшигин ача салсаң ичи толо эл.
Киши АКШ долларын санап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2021
Жакшы акча тапсаңыз деле карызга батып кеттиңизби? Абалдан чыгуунун жолу
Ал эми айдоочу "ай, артка жылып койсоңор, ортосу бош эле турбайбы" деп корсулдайт. Эптеп кыпчылып "өх-хх баттым" десең артыңдан дагы үч адам келе жаткан болот. Айла жок, аларды да батырыш керек. Албетте, бул дүйнөдө жалгыз эле сен жашабайсың да. Ошентип унаага жык толгон жүргүнчүлөр айдоочуну басып калчудай абалда батканына сүйүнүп эңкейип, кыйшайып кете берет. Кээде кыздар менен бетме-бет тиктешип каласың, ошол кезде сезимдериң ойгонуп, жүрөгүң козголо баштайт. Тилекке каршы, ал сүйүү 10-15 мүнөткө эле созулат. Ошончо элдин көзүнчө ал бийкеч менен таанышып, телефон номерин алыш үчүн Чолпонбайдай эрдик керек экенин билип унчукпай кала бересиң.
Анан улам сүрүлүп жатып тээ артка өтүп кетесиң. Бир маалда эле терезени карасаң жумушуңа жеткен болосуң. Эми кайра сыртка чыгып көр! Мина коюлган талаадан сойлоп өткөндөй эле. Кечинде чыкканда деле ушул көрүнүш. Чарчап "азыр арт тарабында орун болсо отура калайын" деп кыялданып кирсең дагы деле бири-бирине кабатталып, бир буттап турушкан болот.

Балээге калган жаштар

Ошентип кыйналып бара жатсаң улгайган адамдар кирет. Аларга жол бошотуп, арттагыларга кыйкырып жатып орун алып бересиң. Кээде айрым ата-апалар маршруткага кирбей жатып эле "ай жаштар, орун бошотуп бербейсиңерби!" деп кыйкырышат. Анан берген орундукка да унчукпай эле отуруп калбай "азыркы жаштар тигиндей-мындай" деп бир короо сөз айтышат. "Рахмат балам, өмүрлүү бол!" деп койсо кандай кубанып каларыбызды билсе гана. Анан да күчүңдү сынап көрөйүн дегенсип "келе кармап алайын" дебей, оор сумка көтөрүп турганыңды унчукпай карап отура бергендер да бар.
Чынында жаштар деле эртең менен эрте туруп жумушуна же окуусуна барып чарчашат. Алар деле адам, чаалыгып уктаса уктап калгандыр. Дароо эле наалып кирбей арт жакка өтсө орун бошотуп беришет да. Баса, ал жаштар асмандан түшпөйт, ошол эле ата-апалардын балдары.

IP-телефония

Показ кыргызской национальной одежды на джайлоо Кок-Жайык - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2021
Жүр, чырагым, айылга барып жашайлы. Элеттен жаа бою качкан кыздарга кулак кагыш

Маршруткага киргенде телефон чалса зарыл ишин айта салып кайра коюп койсо түшүнөм. Кээ бири антпейт да, "кечээ түнү менен кафеде отурдук. Апеей, Айжамал ичип алса кыпкызыл экен. Жигитин кызганып Айгүл менен чачташып кетсе болобу. Аны эртеси Каныбекке айтсам каткырып өлүп калды" деген сыяктуу жеген-ичкенин, достору менен тентип жүргөнүнө чейин эзилип сүйлөшкөндөр жаныңды кашайтат. Дагы бири келинин ушактап, курбусун сынаганга үлгүрөт. Аны карап отуруп коомдук транспортто баратканын унуттубу деп аң-таң болосуң. Кээде эки-үч дос бала же кыздар түшөт да өздөрүнчө кыраан каткырык салып, жаагы тынбай "пыты-пыты-пыты" деп сүйлөшүп башыңды оорутат. Андайда жаактан ары эле бир чапкың келет.

Маршрутка романтикалуу жай эмес

Кээде айрым жаштардын сүйүүсү маршруткага киргенде күч алат. Бактыңарга көз тийбесин, бирок жарым саат, бир саат өзүңөрдү кармап койгулачы. Паркта жүрсөңөр мейли демекмин, маршруткадагы балдарга терс адат көрсөтүп жатпайсыңарбы. Эгер мындайды да өз көзүм менен көрбөсөм жазбайт элем…
Электробус аялдамада. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2021
Пресс-борбор
Бишкекке 120 электробус алынат. Маршруттары
Бир жолу дем алыш күнү эртең менен "Дордой" базарын көздөй жөнөдүм. Мени менен кошо маршруткага кыз-жигит кирди. Жакшы эле бара жатышкан, анан эле бир орун бошоп калды. Тиги кызын отургузду да өзү анын алдына отуруп алса болобу. Тим эле өздөрүнүн үйүндө диванда отургансып эркелешип алышкан. Элди көзгө илбейт. Мен телефонумду колго алып, келген каттарга жооп жазып жатсам жанагы түгөйлөр мага карап "эмне тартып жатасың" деп кыйкырат. "Ай, силерди тартып эмне кылайын" десем болбойт. Телефонумду көрсөтүп араң кутулдум. Көрсө, алардын намысы ошондо ойгонгон имиш.
Анан дагы эркектер маршрутканын ичинде буту-колду жыйып отурганды үйрөнсөк жакшы болот эле. Кээ бирлери жайыттагы койлорго көз салып жаткансып керилип, талтайып отуруп алышат.

Айдоочунун амалкөйлүгү

Айдоочулар деле кечке чарчайт. Бирок ошончо адамдын тагдырын колуна алгандан кийин кичине жоопкерчиликтүү болуш керек. Терезени карамак тургай башыңды бура албаган абалда бара жатканыңды билгенден кийин аялдамаларды алдын ала айтып турса болот да, туурабы? "Байке, Ахунбаев көчөсүнөн токтотуп коёсузбу" десең "мына. келдик, түш!" дейт. Сен ары-бери түртүлүп өткөнгө чейин "алдыга чыгып даярданып турбайсыңбы" деп урушуп кирет. Тигиндей шартта алдыга чыкмак тургай араң дем алып жатканың менен иши жок.
Бала жайлоодо самоорго чай даярдап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2021
Уул баладан канткенде чыныгы эр жигит чыгат? Эненин ой толгоосу
Анан да карама-каршы тилкени 180 менен кесип өтүп, жаныңда бара жаткан унаанын айдоочусун сөккөндө аркы дүйнөнү "бир көрүп" келесиң. Баары дебейин, бирок көпчүлүк маршруткалардын отургучтары аман эле болсун! Кээ бирлери көбүрөөк адам батсын деп 8 эле отургуч калтырып коёт (негизи 12-15 орун болуш керек). Жогору жактагы кармагычтарды бир жагына эле коюп койгон. Колуң жетсе жетет, жетпесе отургучтун жөлөнгүчүн кармап кетесиң. Эгер айдоочу дагы бир "трюк" көрсөтчү болсо жаныңдагы кызды кучактап жыгыласың го, чиркин.
Мына ушинтип кызыктуу күндөрүбүз өтүп жатат. Эмнеге бир тараптуу жазып койдуң дешиңиздер да мүмкүн. Ушундай терс көрүнүштөрдөн арылалы деген ой. Кемеге түшкөндөрдүн жаны бир болгондуктан жогоруда айтылгандарды эске алып, көңүл калтырбай жашайлы. Баса, 15 сомуңузга милдет кылбай түшүп баратып айдоочуга рахмат айтып коюңуз. Ал да бирөөнүн баласы, бирөөнүн атасы, сүйүнүп калсын.
Жаңылыктар түрмөгү
0