Талибдер учканды үйрөнүүдө: Түндүк Афганистандагы машыгуу кимге каршы багытталган?

© Sputnik / Андрей Соломонов / Медиабанкка өтүүАфганистандын Балх районундагы МиГ-21 учагы. Архив
Афганистандын Балх районундагы МиГ-21 учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2021
Жазылуу
Талибдердин чек арага жакын Балх провинциясындагы аскер-аба күчтөрүнүн окуулары мамлекеттик зарылдык болуп саналбайт, Афганистандын коңшуларына коркунуч туудурат. Бул чектешкен Борбор Азия өлкөлөрү үчүн жаман жышаан.
Талибдер Афганистандын социалдык-экономикалык жана гуманитардык көйгөйлөрү канчалык терең экенине карабастан, аскердик авиациясын калыптандырууда. 29-ноябрда Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен чектешкен Балх провинциясында "эмирликтин" аскер-аба күчтөрүнүн алгачкы окуулары өттү. Көп буталуу Ми-17 жана MD-530F тик учактары да тартылган. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул окуяга сереп салган.
Аскер-аба күчтөрүнүн машыгуулары өлкөнүн түндүгүндө тегин жерден өтүп жаткан жок. Бул аймактын (негизинен этникалык тажиктер байырлайт) тургундары жаңы бийликке баш ийгиси жок, ал эми коңшу Тажикстан талибдерден инклюзивдик өкмөт түзүүнү жана Афганистандын жарандарынын укуктарын сактоону катуу талап кылууда. Мындан улам Аскер-аба күчтөрүнүн өкүлү Амануддин Мансур качып кеткен афган учкучтарын өлкөгө кайтууга жана мекенде ишин улантууга чакырды.
Балх провинциясындагы талибдердин аскер кызматкери Атаулла Омари жаңы бийлик "Афганистандын кайсы гана бурчунда" болбосун каршылык көрсөтүүлөр менен күрөшүү үчүн аскер-аба күчтөрүн пайдаланууга даяр экенин белгилеген.
Россия менен Кытайдын аскерлери машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
Россия менен Кытайдын аскерий кызматташтыгы. ЖККУ жана Борбор Азияга пайдасы
Убактылуу коргоо министри молдо Мохаммад Якуб кандайдыр чет өлкөлүк колдоого муктаж болбой турган Аскер-аба күчтөрү түптөлүп жатканын билдирген. Бирок бул айтканы талаш жаратпай койбойт, себеби Афганистанда жергиликтүү авиатехника өндүрүшү жок эмеспи. Өлкөдө канча учуучу аппарат оң, канчасы бузук экени жөнүндө так маалымат жок. Global Firepower рейтингиндеги маалыматтар боюнча, 2021-жылы афган Аскер-аба күчтөрүндө 193 тик учак жана 77 учак болгон.
Кабулда республикалык өкмөт кулатылгандан кийин америкалык маалымат каражаттары жеңил турбовинттик 22 EMB-314 Super Tucano чабуулчусу, транспорт ташуучу төрт C-130H Hercules учагы, жеңил моторлуу 24 Cessna жана 18 PC-12 учагы, көп буталуу 30 Black Hawk тик учагы, алты Ми-35 тик учагы, 76 Ми-17 борту, ошондой эле аскердик жеңил 41 MD-530F талибдердин олжосу болуп калганын жазып чыгышкан. Андан мурда 48 учуучу аппарат да алардын колунда калганы маалымдалган.
Белгилүү болгондой, 2021-жылдын июль айында Афганистандын өкмөттүк армиясы 56 Ми-17В-5 тик учагы болгон. Алардын ичинен 32си гана согушка жарамдуу эле. Кабулда америкалыктарга ыктаган өкмөт кулагандан кийин 140тан ашуун афган учкучтары өз үй-бүлөлөрү менен өздөрү айдаган PC-12 учактары, Black Hawk жана Ми-17 тик учактары менен Өзбекстан, Тажикстандын аймагына кире качкан. Жалпы 585 киши жана машиналардын саны 50нүн тегерегинде болгон. Кийин бөлөк өлкөлөргө туруктуу жайгашууга аларга Кошмо Штаттар көмөктөшкөн. Андай ийгиликтүү коллаборационисттердин жана качканда ала кеткен машиналардын Афганистанга кайтарылары арсар.
1991-жылы ошондой жапырт "миграция" Иракта да болгон. Ирак Аскер-аба күчтөрүнүн 130дан ашуун учагы америкалык "Чөлдөгү бороон" операциясынан коргонуу үчүн коңшулаш Ирандын авиабазаларында баш калкалашкан. Натыйжада Тегеран ыраак аралыкка багытталган радиолокациялык аныктоо комплекстери менен биргеликте Су-25К, Су-24МК, МиГ-29, Ил-76, Dassault Mirage F1ге ээ болгон. Талибдер талап кылса да, Өзбекстан жана Тажикстандан кандайдыр учак жана тик учактардын Афганистанга "кайтышы" тууралуу маалымат жок.
Жаңы афган бийлигинин аскер-аба күчтөрү канчалык согушка жарамдуу, каршылык көрсөткөн жарандар же коңшу өлкөлөргө канчалык кооптуу болушу мүмкүн? Жүрүп турган машиналардын запасы бир нече айга жетет. Айрыкча, россиялык өндүрүштөгү Ми-17 тик учактарынын машакаты жок. Эске салсак, алар АКШдан алып келинген. Өлкөдө күйүүчү май жана курал-жарак, ок-дары жетиштүү.
Аскердик учкуч жана техниктерди ушундай кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык рыногунан жалдоого болот. Талибдерде баш-аягы жыйырма чакты учуучу аппарат болсо да, өлкөнүн каалаган жеринде жана Пянжанын оң жээгинде да согуштук операцияларды абадан коргоого жетишерлик.
Талибан согушкерлери Калайи-Нау шаарында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Афганистандагы чыныгы абал жана анын Кыргызстанга таасири. Конференцияга сереп
Кошоктошкон эки Ми-35 тик учагынын сокку күчүн элестетүү кыйынга турбайт. Өлкөдө азык-түлүк боюнча чоң көйгөйгө кабылышы ыктымал, бирок согуштук аракеттерди каржылоого басым жасалат. Афганистанда валюталык кирешелердин туруктуу булагы – апийим талаалары.
Орто мөөнөттүк келечекте, 2022-2023-жылдары талибдердин аскер-аба күчтөрү болжолдуу душмандарга, анын ичинде атаандашкан топторго да коркунуч туудурат. Ошентсе да талибдердин авиатехниканы пайдалануу тажрыйбасын эстесек, "эмирликтин" Аскер-аба күчтөрүнүн аскердик туруктуулугуна жоромол анчейин эмес. 1992-жылы Мохаммад Нажибулланын өкмөтү кулагандан кийин моджахеддерге Аскер-аба күчтөрүнөн бир топ машина калган.
1996-жылы моджахеддерди жеңип, Кабулду басып алгандарында талибдер бир нече МиГ-21МФ жана Су-22 истребителдерине, ар кыл типтеги транспорттук жана L-39 окуу учактарына, ошондой эле Ми-8 учактарына ээ болгон. Көп өтпөй тийиштүү техникалык тейлөөнүн жоктугунан улам бардык техника жарактан чыккан. Талибдердин Аскер-аба күчтөрүнүн "экинчи талпынышы" деле көпкө узабай турганы айкын. Анткени Кошмо Штаттар америкалык өндүрүштөгү тик учактар үчүн тетиктердин рыногун көзөмөлдөп, Афганистанга жөнөтүлүшүн болушунча бөгөттөйт. Россиялык өндүрүштөгү Ми-17нин тагдыры деле ошончолук татаал. Россия Борбор Азиядагы союздаш өлкөлөрдүн коопсуздугуна басым жасайт.
Ноябрдын акыры күнүндө Кабулдагы Дар-уль-Аман районундагы мектептин жанында катуу жардыруу болду. Эки талиб жаракат алган. Бул ирет да ИМ*дин жасаганы байкалат, узаган айда Афганистанда экенин жаңы бийликтин эсине дээрлик күн сайын салып турганы маалым. Чыгыштагы Нангархар провинциясында талибдердин "Ислам мамлекетинин"* отряддары менен куралдуу кармаштары кечээ да уланды.
Экинчи жагынан, бийликти басып алгандан берки үч ай аралыгында талибдер мурдагы өкмөттүк армиянын жүздөгөн аскер кызматкерин сотсуз, тергөөсүз өлүм жазасына тартышты.
Чет өлкөдөгү сүйлөшүү аянтчаларында бул аскердик-диний кыймылды эмне деп гана аташпасын, Афганистанда террор уланууда, буга жергиликтүү калк да каршылык көрсөтүүдө.
Ситуация в Афганистане после захвата власти талибами - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2021
Алгачкы 100 күн: мындай Афганистандын бизге кереги жок
Россия президенти Владимир Путин жай жарандарга жардам берүү, гуманитардык көйгөйлөрдү чечүү үчүн Афганистандын акчалары сакталган европалык банктардагы эсептерин ачууга чакырды. Ошол эле учурда РФ жана анын Борбор Азиядагы союздаштары Пянжадан түштүккө карай кандай гана окуя болбосун, жөнгө салууга даярдык көрүүдө.
Тажикстандагы россиялык 201-базанын жоокерлери кечээ старт алган кышкы машыгууларга кызуу даярдык көргөнүн белгилей кетели. Алдыдагы жарым жылда мотоаткычтар, артиллериялык, авиациялык бөлүктөр жана штаттык аскердик техниканы тартуу менен 40 чакты машыгуу өткөрүү пландалган.
Ляур жана Самбуль тажик полигондорунда радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо, байланыш, радиоэлектрондук күрөш, абадан коргонуу, артиллерия, чалгындоо, инженердик күчтөрдүн адистери машыгышат.
* – Террордук иштери үчүн БУУнун санкциясына алынган уюм.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Жаңылыктар түрмөгү
0