05:44 07 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7942
  • EUR95.7496
  • RUB1.1510
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
486 0 0

Афганистандан АКШ жана НАТОнун күчтөрү чыгарылгандан кийин эч ким тарабынан тааныла элек талибдер баары бир жакынкы коңшуларынан өлкөнү трансформациялоо үчүн бейформал карт-бланшты алды.

Аларга бөгөт болушкан жок, биргелешкен экономикалык долбоорлорго багыттап, афган калкына гуманитардык жардам көрсөтүлүүдө. Борбор Азиянын ага чектеш мамлекеттери жана Россия алдын ала белгиленген багыттар боюнча оң жыйынтыктарды күтүүдө. Атап айтканда: инклюзивдик өкмөттүн түзүлүшүнө, террордук коркунучтардын азайышына, аялдардын тең укуктуулугу, баңгизатсыз экономиканын калыптанышына үмүт артышат.

Анткен менен талибдердин жаңы бийлигинин алгачкы жүз күнү эч кандай өсүш алып келген жок... Бул жолу аскерий баяндамачы Александр Хроленко аталган мамлекет жаатындагы үмүттөр жана реалдуулуктан кеп салган.

Россия президенти Владимир Путин 18-ноябрда Афганистандагы кырдаал Россиянын түштүк чек араларында коопсуздуктун кошумча чараларын көрүүнү жана союздаш Борбор Азия өлкөлөрүнө көмөктөшүүнү талап кыларын айтты. Бул багытта негизги мидеттерди – качкындардын көзөмөлдөнбөгөн агымын токтотуу, жарандык тынчтыкты орнотуу, Афганистандагы террордук түзүмдөрдү жана баңгизат кылмышын жоюуга активдүү жардамдашуу керектигин белгиледи.

Ошол эле күнү Бириккен Улуттар Уюмундагы Россиянын өкүлү Василий Небензя: "Афганистанда 15-августта орногон жаңы реалдуулук афгандыктардын өздөрүн да, эл аралык коомчулукту да туруктуулук орногон, аймагы тынч, бөлүнбөс жана баңгизат менен кылмыштуулуктун "уучунан" куткарылган мамлекеттин курулушуна жакындата алган жок", - деп билдирди.

Андан мурун РФтин Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев: "Эгер Кабулдагы жаңы бийлик кырдаалды жөнгө сала албаса, ал эми эл аралык коомчулук афган калкына таасирдүү көмөк көрсөтпөсө, кырдаал өтө кооптуу нукка бурулуп: жарандык согуштун жаңы эпкини, калктын жапырт жакырланышы, ачарчылыктын болушу да ыктымал", - деп эскертти. Булардын баары КМШ өлкөлөрүнө жана дүйнө жүзүнө терс таасир этет.

Россия эрежесин бузгандарга (талибдерге) каарын төктү. Афганистандын борбор азиялык коңшуларынын сабыры да түгөнбөй койбойт. Жыйынтык зарыл. Аз сандагы тек этникалык өкмөттүн Афганистандын ондогон улуттан куралган калкын башкарышы оңой-олтоң эмес, мезгилдин талибдерге багынганы жок. АКШ менен НАТО сымал тышкы оюнчулардын жаңы геосаясий эксперименттери жана авантюраларына жол бербөө өтө маанилүү.

Коопсуздук спектри

Аскердик багытта Борбор Азия өлкөлөрү жана Россия түштүк чек араларын бекемдөө үчүн бардык аракеттерди көрүп, куралдуу күчтөрдүн аскердик интеграциясын жогорулатып, биргелешкен машыгууларды дээрлик тынымсыз өткөрүүдө. Мындан сырткары, жылдын экинчи жарымында Россия заманбап курал-жарак менен Тажикстан жана Өзбекстанды жабдууну күчөттү.

Ушундай көп кырдуу, татаал иш – чөлкөм коопсуздугунун жалгыз ынанымдуу кепилдиги, жакынкы айлар же жылдарда да уланары шексиз. Анткени Афганистандагы террордук топтордун кооптуулугу дале күч, талибдер өлкө аймагында жана провинциялардагы терактылар үчүн бутага айланууда. Борбор Азия өлкөлөрүнө түштүктөн "жихадчылардын" кол салуу коркунучу бар. "Ислам мамлекети"* террордук тобунун Афганистанда активдүүлүгү күчөп баратканын 18-ноябрда БУУ тынчсыздануу менен талдады: август айында 13 чабуул, сентябрда – 38, октябрда 48 теракт уюштурган. Өлкөдөгү оор экономикалык кырдаал ИМ* катарынын өсүшүн өбөлгөлөп жатат, себеби мүчөлөргө акы төлөнөт.

Талибдердин өкмөтү сентябрдын башындагыдай (17 киши каза таап, 40 адам жаракат алган) Хаккани (кыймылдын радикалдуу канаты) жана Барадардын (салкын кандуу багыты) тарапташтарынын Кабулдагы ок атышмайынын жыйынтыгы эмес. Бирок өкмөт негизинен Пакистандын таасириндеги, Афганистандагы 80 чакты улуттун экономикалык кызыкчылыктарын жана диний ишенимдерин чагылдыра албаган "пуштундардан" турат.

Россия, Кытай, Пакистан жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн катышуусундагы ар кыл аянтчаларда талибдердин белдүү өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр бул өкмөттүн курамы жана майнаптуулугуна анчалык таасир эте алган жок. Экономика жана аялдардын укуктары – "эмирликтин" эң чечилбес эки көйгөйү. Алгачкысы дале апийим талаасына таянат. Апийим өндүрүшүнүн көлөмү Афганистанда 2021-жылы 8%га өсүп, 6,8 миң тоннага чыкты.

Туруксуз кырдаал апийимдин баасынын көтөрүлүшүн шарттап, бул "фермерлерди" "өндүрүштүн" көлөмүн арттырууга түрттү. Экинчи жагынан АКШда Афган Ислам Республикасынын эски өкмөтүнүн эсептерине бөгөт коюлган, жаңы инвестициялык каражаттар жок.

Коңшулар өлкөдө олуттуу экономикалык (энергетикалык жана транспорттук) долбоорлор боюнча макулдашууга ашыкпайт, анткени алардын ишке ашырылышын жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылууга эч ким кепилдик бербейт. Тынчсыздандырган кооптуу туңгуюк абал. Тыштан келген гуманитардык жардам Афганистандын 40 миллиондук калкынын жыргалчылыгына жетпей турганы айдан ачык.

Туруксуз "эмирлик"

Талибдер өлкөдө тартип орнотууга умтулгандай. 18-ноябрда Кабулдун түндүгүндө ИМ* террордук тобуна каршы операция өткөрүп, үч согушкерди жок кылышты. Анткен менен жаңы бийликке атаандаштары катуу куралдуу каршылык көрсөтүүдө. Мындан бир күн мурун эле ИМ* борбор калаада эки жерди жардырган.

13-ноябрдан тарта бир апта аралыгында "жихадчылар" борбор калаада бир топ адамдын өмүрүн алган жардырууларды уюштурган. Терактылар дээрлик өлкөнүн бардык провинцияларында уланууда. Коопсуздуктун ишенимдүү тутумун түзүүгө талибдердин күчү да, иш билгилиги да жетпейт.

Алар ИМ* тобунун операциялык мейкиндигинин кеңейишин токтото алышпайт. Туруктуу жана коопсуз Афганистан жакын арада жаралары арсар. Foreign Policy басылмасы "саясий кеңсенин" багыты орто звенодогу талибдердин көпчүлүгүнүн көңүлдөрүн калтырып, нааразы болгондор ИМ* отряддарына өтө баштаганын маалымдады. Баңгизат аткезчилигинин кирешелери менен айкалышкан партизандык рейддер – мамлекетти башкаруудан кыйла жеңил милдет экени айкын эмеспи.

Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн үч Ил-76 аскердик-транспорттук учагы Кабулга тонналаган гуманитардык жардам жеткирип, Афганистандан 380 кишини, Армения, Беларусь, Россия, Кыргызстан, Украинанын жарандарын, алып чыкты.

Борбор Азия чөлкөмүндөгү жана өзүнүн Түштүк стратегиялык багытындагы абалдын туруктуулугун сактоо үчүн Россия Москва консультация форматын активдүү пайдаланууга ниеттенет. Эске салсак, бул формат 11 өлкөнүн: Россия, Афганистан, Кытай, Пакистан, Иран, Индия, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын аракеттерин бириктирип турат.

* – Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган террордук уюм.

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.

Тема боюнча

Талибдер афганистандыктарга бир шарт менен көк бөрү ойноого уруксат берди
Польшадагы качкындар жагдайынын Кыргызстанга таасири. Серепчилер эмне дейт
Белгилер:
Афганистан, АКШ, НАТО, "Талибан" кыймылы, бийлик, Борбордук Азия

ЭҢ МААНИЛҮҮ