F-35 кайрадан жаза басты. Аппарат Жер ортолук деңизде кырсыкка кабылды

© AFP / FABRICE COFFRINILockheed Martin F-35 Lightning II истребители. Архив
Lockheed Martin F-35 Lightning II истребители. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2021
Жазылуу
Америкалык өндүрүштөгү F-35 Lightning истребители дүйнөгө асман чапчыган баасы менен төмөнкү техникалык даярдыгынын уникалдуу "айкалышы" менен белгилүү.
Согуш тургай, тынч күндөрдө пайдаланууда да алар үндөн ыкчам ылдамдыкта өзүнөн өзү кыйрап, замбирегинде эле бузулуп, чагылган түшсө да жарактан чыгып, конууда талкаланып, учушта деңизге кулашы ыктымал. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул сапар аталган аппарат кабылган жакындагы эле окуяны иликтеп, учактын мүнөздөмөлөрүн дагы бир ирет талдап чыккан.
HMS Queen Elizabeth авиаташуучусунан коё берилген британиялык ВМС F-35B палубалык истребителдери 17-ноябрда Гринвич убактысы боюнча саат ондо Жер ортолук деңизге кулады. Учкуч секирип кетүүгө үлгүрүп, кеменин бортуна кайткан.
F-35B – кыска учуш жана вертикалдык конуштардын технологиялык мүмкүнчүлүктөрүнөн улам эң кымбат модификация. Бир учактын кыйрашы Лондонду 256 млн долларга чыгым кылды. Ушундай көлөмдөгү каражатка сатып алынган жапжаңы истребитель кулап түшпөшү керек эле. HMS Queen Elizabeth авиаташуучусундагы бул окуя да F-35ти улам бир өлкөдө кырсыкка учураткан "мүчүлүштүктөрүнүн" узун тизмегин дагы узартты.
Британиялык кемелер истребитель кырсыктаган жерди жана F-35Bтин технологиялык сырларын чет өлкөлүк чалгындоо кызматтарынан "кайтарууда". Анткен менен мындай "олжо" болжолдуу душмандын бүйүрүн кызытаары арсар.
Аскердик машыгуулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2021
"Кобальт", Hamkorlik жана башкалар. Борбор Азияда аскердик машыгуулар уланууда
F-35B учагы жакшы иштелип чыккан эмес, кымбаттыгы, тар багыты жана ынанымдуулугунун төмөндүгүнөн улам ага чет өлкөлүк талап да жокко эсе. Бюджеттик чектөөлөрдү эске алуу менен Королдук Аскер-аба күчтөрү F-35B истребителдерине буюртма берүүнү кескин түрдө, тагыраак 48 бирдикке дейре кыскартты. Алардын ордуна келечекте кыйла арзан (бир даанасы – 100 млн доллар) жана пайдаланууда чыгымы аз F-35A учактарын сатып алмак болду.
Бүгүнкү күндө британиялыктардын колунда буюртма берилген 48 бирдиктен дал жарымы – 24 F-35B истребители бар. Ал эми эң башында бул держава аталган машинадан 138 бирдикти сатып алууга ашыккан.
Канткен күндө да HMS Queen Elizabeth кемесинин бортунда дале британиялык F-35B учагынан жети бирдик жана АКШнын деңиз пехоталык корпусунун ушундай эле 10 машинасы учуштарын улантууда.
Сыйымдуулугу 65000 тонналык кеме Тынч океан аймагынан чыгып жол боюнда Жер ортолук деңизине токтоп, британиялык тууну желбиретүү менен "Кытайга каршы туруштук бергенин" кыйыткандай болду. Анткен менен британиялык абадан сокку уруучу топтун кемелери талашка түшкөн аралдарга жакындаган да жок. Бир апта мурун HMS Queen Elizabeth Араб деңизинде сүзүп, Омандын территориясындагы аскердик машыгууларга колдоо көрсөткөн. Королдук флоттун флагманынын ыраакка карай алган бул алгачкы сапары келерки айда аяктайт.

Кулаган "Чагылгандар"

Кошмо штаттар союздаштарын америкалык өндүрүштөгү учак дегенге гана негиздөө менен F-35 Lightning II аппаратынын өзгөчө сапаттарына ынандырып келет. Бирок жай шарттарда пайдаланууда да ал кабылган кырсыктардын статистикасы F-35тин сапатынын начардыгын айгинелейт. Төрт истребитель кулап түшкөн, бешөө "штаттык эмес кырдаалдан" (күйүп кетип) соң жарактан чыккан.
Америкалыктар кырсыктардын себептерин ачык айтышпайт, бирок "шибегени капка ката албайсың", фактылар улам көзгө урунат. АКШнын Флорида штатындагы Эглин авиабазасында 2018-жылы 20-майда F-35A истребитель коноор маалда кыйраган. Ошол эле жылы 28-сентябрда Түштүк Каролинадагы Бофорт авиабазасына жакын жерге АКШ деңиз пехотасынын корпусунун F-35B истребители кулаган. 2019-жылы 9-апрелде Япониянын Аскер-аба күчтөрүнө таандык F-35А истребители кабылган кырсык жаап-жашырылган. Учак Мисава авиабазасынан 135 чакырымдык аралыкта Тынч океанга кулаган.
Су-75 (Checkmate) россиялык жаңы истребители - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Dubai Airshow 2021: россиялык Су-75тин таң каларлык өзгөчөлүгү
АКШнын Аскер-аба күчтөрү ушул күнгө дейре машинанын көп сериялык өндүрүшүнө уруксат бербегени тегин жерден эместир. F-35ти 2014-жылдан бери пайдаланып келсе да, башкача айтканда учактын техникалык даярдык жана согушка жарамдуулугунун жарыяланган параметрлерин тастыктай элек. Истребитель анчалык тез учпайт, ыкчамдаганда кыйрап калат, кеменин палубасынан зорго ажырап чыгат. F-35 учагы "орто жана катуу согуштарга дале даяр эмес, пайдалануунун башаттык гана мүмкүнчүлүктөрүнө ээ". 300дөн ашуун конструкциялык кемчилиги аныкталган, анын ичинде согуштук тапшырманы аткарууга жол бербей, учкучтун өмүрүнө коркунуч туудурган мүчүлүштүгү да бар.
Согуш шартында F-35 алгач ирет 2018-жылы учуп чыккан. Бирок ашкере кымбат "көзгө көрүнбөс" көчмө зениттик ракеталык комплекстери да жок афган жихадчыларынын соккуларына туруштук бере алчудай куралбаганы айдан ачык эле. Ал эми кыйчалыш кырдаалдагы майнаптуулугунан кеп козгобой эле коёлу, анткени жаңы эле Бириккен улуттар уюмунун афган миссиясынын башчысы Дебора Лайонс "Ислам мамлекети"* тобу Афганистанда кеңири жайылганын билдирди.
Авиатехника рыногунда европалык өндүрүшчүлөр америкалыктарды сүрүп чыга баштаганы мыйзам ченемдүү. Франциялык эки мотордук Rafale истребители Air 2030 тендеринде алдыңкы сапта. Бул мамлекет Швейцариянын Аскер-аба күчтөрүн 7 млрд. долларга жаңы аскердик учактары менен жабдый турган болду.
Rafale америкалык F-35 Lightning II, F-18E Super Hornet, ошондой эле британиялык–германиялык–италиялык Eurofighter истребителинен да артык. Балким дал ушундан улам Францияны Австралия үчүн суу түбүндөгү атомдук кайыктарды курууга пайдалуу буюртма алышына бөгөт болушкан чыгар.

Европаны кыстоо

1,4 триллион долларлык эскирип бараткан Lockheed Martin долбоорун америкалык адистер "улуттук кырсык" деп аташкан. АКШнын Аскер-аба күчтөрү F-35терди көп сатып алуудан эмитен эле баш тартууда. Ал эми Эски Жарыктагы согуш үчүн "бир жолку пайдаланылчу" истребитель даяр жана иш жүзүндө америкалыктар куралдар менен интеграцияланбаган "көзгө чалдыкпас" истребителин сатып алууга европалык союздаштарын мажбурлап туру.
В Польше размещен батальон НАТО - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
НАТОнун Steadfast Noon 2021 машыгуусунун сырлары. Максаты эмне?
НАТОнун Аскер-аба күчтөрүнүн башкы командачысы генерал Тод Уолтерс 2030-жылга чейин F-35 учагынан 450 бирдик көбүнесе союздаштарынын эсебинен Европага топтоштуруларын жар салды. АКШнын Европа боюнча Аскер-аба күчтөрүнүн командачысы генерал Жеффри Харригян: "Пландарыбыз жаман эмес, анткени биз, айрыкча согуштук аракеттер театрында эбак F-35 пайда болгон өнөктөштөрүбүздүн көпчүлүгү менен бул мүмкүнчүлүктү пайдаланууну ойлоно баштадык", — деди. Пентагондун өзүнүн көңүлүнө толбогон "чагылгандар" Улуу Британия, Норвегия, Италия, Нидерланд, Даниянын Аскер-аба күчтөрүнө сатылган. Кезекте – Польша.
Европалыктар үчүн россиялык агрессия жөнүндөгү "жомокторду" улам ойдон чыгаруу тыйыла элек. Анан, албетте, андайда америкалык F-35 истребителдерин сатып алуудан союздаштарынын баш тартышы "эркин дүйнөнү" сатып кеткенге тете бааланат эмеспи.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Жаңылыктар түрмөгү
0