Чыгымды азайтуунун ыкмалары. Кыргызстандыктарга 8 кеңеш

© Sputnik / Жоомарт УраимовСом купюралары менен киши. Иллюстративдик сүрөт
Сом купюралары менен киши. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2021
Жазылуу
Чоң деле нерсе сатып алган жокмун, бирок акчанын баары кайда кетти? Эгер өзүңүзгө ушул суроону көп берсеңиз, анда бул кеңештер сизге ашык болбойт.
Баарыбыз миллионерлердин катарына кирбейбиз. Ошондуктан кептин түз маанисинде ашыкча акчабыз жокко эсе. Маңдай тер, мээнет менен тапкан акчабыз "суудай агып кеткени" капа кылбай койбойт. Бул ирет ашыкча чыгымдарга жол бербөөгө өбөлгө болчу бир нече кеңешти тизмектедик.

Жеке бухгалтерия жүргүзүү

Бул — каржылык сабаттуулуктун анык өзөгү. Сарптаган акчанын баарын жаза жүрсөңүз, бир айдан кийин акчанын басымдуу бөлүгү кайда кетип жатканы даана байкалат. 100 сомдук кофе ичкенден кемип кетпес деген менен, бул күн сайын кайталанса, тапканыңыз бир айда 3 миң сомго азайды дей бериңиз. Чыгымдарыңызды талдап чыксаңыз, болбогон эле сумма го деген айрым нерселер эсебиңизди бир топ эңшерип коёрун көрөсүз.
Кызыгып өзүм да бухгалтерия жүргүзүп көрсөм, чыгымдарымдын үчтөн бир бөлүгүнө чукулун кофе, сагыз сымал болбогон эле нерселер түзөт экен. Натыйжада чыгымдарды кыскартып, карыз алууну токтотуп, аз-аздан чогултууга да өттүм.
Татаал туюлар, бирок буга иш жүзүндө беш мүнөттөн ашык деле убакыт кетпейт. Атайын дептер баштап же компьютерде Excel барагын ачуунун деле кажети жок, болгону учурда жайнаган профилдик тиркемени жүктөп алуу жетиштүү. Алар чыгымдардын түрлөрүнө жараша топ-топко бөлүүгө мүмкүндүк берет.

Чоң буюм сатып алууну алдын ала пландоо

Акча дайым эле жете бербейт, ошондуктан көпчүлүк чоң оокаттарды сатып алууга насыя алууну туура көрүшөт. Бирок кат-кат зыян болушу мүмкүн. Эмнеге кош чыгым деп турабыз? Бир досумдун мисалын келтирейин. Ал муздаткыч же кымбат телефон өңдүү ири буюмду сатып алууну орточо бир жыл мурун пландайт. Керектөөчүлүк насыяларына көңүлсүнбөйт, ашыкча акча төлөбөйт, тескерисинче, үнөмдөп да калат. "Мисалы, муздаткыч 30 миң сом турат дейли. Насыяга алсам, үстүнө бир нече миң кошуп төлөп калам. Эгер аманат ачып, 28-29 миң салып койсом, пайыздарынын эсебинен эле тийиштүү сумма чыгып, ал тургай азыраак артып да калат", — деп түшүндүрөт ал. Башкача айтканда, насыя да төлөбөйт, бир аз үнөмдөп да калат.
Киши АКШ долларын санап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2021
Жакшы акча тапсаңыз деле карызга батып кеттиңизби? Абалдан чыгуунун жолу
Сатып алардан мурда жети өлчөп, бир кесүү
Кээде ойлонбой туруп бир нерсе сатып алып, эртеси күнү эле өкүнүп калабыз. Ичи жылууланган кышкы шымым дээрлик беш жыл үйдө жөн эле жатты (аябай ысытат, анан да кийсем маскарапоздой эле болуп калчумун). Мындай учурларда психолог жана эксперттер бир буюм же кийимди жактырсаңыз, сатып алууну кийинки күнгө жылдыра турууга кеңеш берет. Эгер ал буюм чындап сизге керек болсо, эртеси күнү аласыз. Кейип калган болсоңуз, анда сизге кереги деле жок оокат.

Пландалбаган сатып алуулар

Ооба, каңырыш уккан жоксуз. Бул мындан мурунку ыкмага карама-каршы келер, бирок бир караганда эле ушундай сезилет. Ар жолкусунда ойлонбой туруп чоң оокат сатып алууга үндөгөнүбүз жок. Кээде эңсөөнү кандырып койгон оң. Антпесе, аягы залалдуу болуп калышы ыктымал.
Бир досум катуу сарамжалдоого өткөн, шоколад сатып алууга өзүнө жол берчү эмес. Жарым жыл чыдап, "бардык акчаны иштеп таба албайсың" деп токтотту. Айтканындай эле акчанын баарын таба албайсың, бирок ошол жолдош балам топтогон тыйынын бир аптада коротуп салды. Ошондуктан кээде пландалбаган, бирок майда сатып алуулар деле адамды андай жагдайлардан сактай алат.
Көмүр меши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2021
Көмүрдү кантип үнөмдүү жагууга болот? Үйдү туура жылытуудагы 4 шарт
Банк картасынан үч жактуу пайда көрүү
Азыр көбүнчө, айрыкча Бишкекте, банк карталары колдонулат. Банк карталарын пайдалануу кошумча тыйын табууга да, чыгымга да алып келерин эске алуу абзел. Адегенде банктан келген билдирүүлөргө акы алынып-алынбай турганын, накталай алууда же коммуналдык кызматтарга төлөөдө комиссия бар-жогун, тейлөө акысы канча экенин тактап алуу керек. Эгер андай чыгымдар көп болсо, картаны алмаштырып же башка банкты караштырганыңыз жакшы. Ошондой эле айрым карталар менен төлөөдө кайтарым (кэшбек) жана калдык каражатка пайыз берилерин да унутпаңыз. Эки эсе үнөмдөп алууга болот.
Дагы бир артыкчылыгы — банктардын өз карталары менен төлөөдө арзандатуулар боюнча да азык-түлүк дүкөндөрү, кафеден тарта авиакасса жана клиникаларга дейре макулдашуулары бар. Арзандатуулар да кеңири, кээде 50 пайызга чейин чыгат. Бирок көбүнесе 10 пайыздан ашпайт. Бир топ эле үнөм болот. Кайсы жакка көп барсаңыз, кайсы түйүндөрдөн көп соода кылсаңыз, тейленген банкыңыздын сайтынан же сall-борборуна чалып, тактап алыңыз.

Дүкөндөрдөгү арзандатууларга көз салып, карталарын пайдалануу

Эгер базарда эмес, супермаркеттерден соода кылсаңыз, бул түйүндөрдөгү акцияларды байкап, арзандатуу же бонустук карталарын алуу керек.

Жашоонун сергек мүнөзү

Дарыгерлер жана дары-дармектен үнөмдөөнүн эң жакшы жолу. Бул адаттын дагы бир артыкчылыгы — дайым күүлүү-күчтүү жана алдыга умтулуп жүргөнүңүздө. Ал эми бул кирешеңизге чагылбай койбойт.
Көл жээкте эс алып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Өзүңдөн аябачы! Акча топтоодо көңүл бурчу 6 нерсе
Этияттык
Соңку убакта алдамчылыктын көп түрү: "банктан" телефон чалуулардан тарта финансылык пирамидаларга дейре бар. Бири сизди санаага салып чочулатса, башкаларынын кирешесинин көптүгү азгырып турат.
Өтө этият болуу абзел. Ошондой эле кирешеси канчалык көп болсо, тобокелдиги да ошончолук жогору деген катаал эрежени эстен чыгарбаңыз. Ошол себептен "жылдык 100 пайыз" деген шарттары бар долбоорго каражат салууда жалгыз көрөр пайдаңыз — сабак.
Үнөмдөлгөн каражатты кайда жумшаган оң? Варианттар оголе арбын, маселен, сактап койсоңуз болот, акчага зарылганда же пенсияга чогулууга киришүүгө да башат болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0