13:11 02 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7969
  • EUR95.9477
  • RUB1.1463
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
709 0 0

Sputnik Кыргызстандын баяндамачысынын каржылык сабаттуулук жөнүндөгү түрмөгүнөн дагы бир макаланы назарыңыздарга сунуштап турабыз. Бул жолкусу эртеңки күнгө кам көрүү менен пассивдүү пайдага умтулуунун ортосундагы тең салмактуулукту таба билүүгө арналган.

Эки дос балам бар. Каржылык темага терең кызыгышат. Бирок экөө эки башкача...

Бирин Бектур деп коёлу. Капилет кыйын убак түшсө, керекке жарайт деп тыйын жыйнайт. Сөзүнө карасаң өзү үчүн эле эмес, өлкөнү бүт бакчудай. Түшүнгөнүмө караганда, нөлдөрү чууруган санда, болгондо чет элдик валютада банкка аманатка салган.

Берки досум Анвар, тескерисинче, ар кандай инструменттерге болгон акчасын салып, кирешесин көбөйтүү далалатында. Айдын аягында аны кезиктирүү зааркантат, анткени андайда ал сенден аз да болсо акча алууга тырышат. Алардан кеп козгогонум, Бектур да, Анвар да аша чаап, катачылык кетирүүдө. Экөө тең тыйын сактоо менен инвестицияны айырмалай албай жүрөт.

Акча сактоо

Же коопсуздуктун каржылык жаздыкчасы кокус кыйчалыш күн тооруса, күтүүсүз чыгымдарды (дарылануу/шашылыш ремонт) же киреше булагы жоголуп/азайышына туруштук берүүгө шарт түзөт. Башкача айтканда, эртеңки күнгө ишеним менен кароого мүмкүндүк берген акча. Анын көлөмү боюнча эксперттер ар кандай пикирде. Айрымдар эки жылдык чыгымды жаба ала тургандай сумманы атаса, көпчүлүк кеминде үч айга жетерлик көлөмдө болушу абзел дешет.

Мында эмнелерди эске алуу зарыл:

  • сакталуу турган каражат акча табуу ыкмасы эмес, болгону зарыл учурда ажат ачат (ошондуктан пассивдүү кирешени көп алып келерин күтүп болбойт);
  • ал дароо ала койчу жерде – бир бөлүгү үйдө же картада, калганы маселен, аманатта болууга тийиш;
  • акча же тез акчага айлана тургандай түрдө болушу шарт (батир же белгилүү сүрөтчүнүн картинасы болсо дал наркында бачым сатып жибере албайсың).

Көл жээкте эс алып жаткан кыз. Архив
© Sputnik / Константин Михальчевский
Инвестиция деген эмне?

Инвестиция — кандайдыр киреше алууну көздөө менен ар кыл каржылык инструменттерге каражат салуу. Баалуу кагаздар, алтын, кыймылсыз мүлк, искусство предмети же бир топ пайда алып келчү көптөгөн нерселерди сатып алуу болушу мүмкүн.

Инвестиция акча сактоодон эмнеси менен айырмаланат:

  • каражаттын көлөмүнө чек жок;
  • алгач пассивдүү пайда алууну көздөйт;
  • буларды кайра акчага айлантуу көбүрөөк убакыт алышы ыктымал;
  • кайдадыр каражат салууда канчалык кирешелүү болсо, ошончолук тобокелдүү деген эреже иштейт (мында чектен чыкпастан этият, кылдат болуу маанилүү).

Анвар менен Бектурдун катачылыгы эмнеде? Бектур тийиштүү көлөмдөн эбак ашса деле сактаган акчасын көбөйтүүгө далбас урат. Абдан консервативдүү киши болгондуктан өз активдеринин көлөмүн арттырууда тобокелдикке баргысы жок. Ооба, ал банкта аманаттагы чоң суммадагы каражатынан пассивдүү киреше албай койбойт деңизчи. Анткен менен өлкөдө доллар түрүндөгү депозиттин жылдык пайыздык чени 2-3 пайызды гана түзөрү белгилүү.

Алда канча азыраак суммадан алган Анвардын пассивдүү пайдасын Бектурдукуна салыштырып болбойт. Себеби ал кыйла кирешелүү инструменттерге (мисалы, көп учурда 10 пайыздан ашкан баалуу кагаздар дейли) салып коёт.

Бирок Анвардын бул багытта бөлөк көйгөйү бар. Күтүүсүз чыгымдарды ойлоп койбостон колундагы акыркы тыйынына дейре инвестиция кылууга жанталашат. Ошол себептен күтүүсүз чыгымдар чыгып калса, бирөөдөн карыздап турууга же тез арада өз наркынан да аз сатып, акчага айлантууга аргасыз.

Айтор, акча топтоодо да, инвестиция кылууда да аша чаппай, жети өлчөп, бир кескен оң. Болбосо, сом, рубль же доллар түрүндөгү жазасы бачым эле келет.

Каржылык сабаттуулук түрмөгүнөн кантип ай сайын акча чогултуу же эмне үчүн акча топтоо керектиги талданган макалалар менен да тааныша аласыздар.

Тема боюнча

Мамлекеттин көзүн карабай пенсияга кантип акча топтоого болот. Жол-жобосу
Белгилер:
акча, инвестициялар, топтоо, ката, банк, киреше, чыгым, финансылык сабаттуулук

ЭҢ МААНИЛҮҮ