Россияга каршы экотеррорчулар тапталып жатабы?

© AFP / HENRIK MONTGOMERYПолиция Стокгольмдогу демонстрация учурунда климат активисттерин эвакуациялап жатат. Архив
Полиция Стокгольмдогу демонстрация учурунда климат активисттерин эвакуациялап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2021
Жазылуу
Таасирдүү америкалык басылмалардын бир даары капыстан эле "Газ түтүгүн кантип жардыруу керек?" деген аталыштагы китепти жана анын автору Андреас Мальмды даңазалоого киришти.
Негизи өзү да кызыктуу киши. Качан туулганы да так эмес, болжол менен азыр 43-46нын ортосунда. Мальм — IV Интернационалдын курамындагы швед социалисттик партиясынын ардагери, Лунд университетинин доценти, ошондой эле дүйнөлүк революцияга жана "эко-ленинизм 2.0" курууга үндөгөн эколог-экстремист. Албетте, жардырып, тартып алып жана бөлүп алуу тууралуу жазган мындай авторлор Европада жайнайт. Ушундай пикирди карманган Виктория Никифорованын аталган автордун бейнесине сүртүмдөрү жана дегеле Мальмдын багыты тууралуу ой толгоосу РИА Новости сайтына жарыяланган.
Бул китептин автору экология үчүн күрөштү Стокгольмдун бардар райондоруна жоро-жолдоштору менен келип, кымбат баалуу жолтандабастардын дөңгөлөктөрүн жаруудан баштаган. New Yorker интеллектуалдык журналына берген маегинде Мальм бүлгүн салуунун техникаларын кеңири сүрөттөгөн. Анын айткандарын тыңдасак, бул да оңой-олтоң иш эмес экен.
2000-жылдардын башында "экологдор" Швециядагы бир нече миң кымбат баалуу унаага зыян келтиришкен. Ошондон тарта бул жапырт модага айланды. Ээнбаштык менен абанын тазалыгы үчүн күрөшкөндөрдүн дөңгөлөктөрдү жармайы, бай кварталдарда жолтандабастарды чийип кетмейи Лондондон Лос-Анжелеске дейре байма-бай кайталанып келет.
Көмүр кампасындагы жумушчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2021
Көмүр капчыктарды жылытабы? Россиялык отун Европага эмнеге кымбатка түшүүдө
Мальм дайым Лениндин сөздөрүнөн келтирип, кайдагы "укмуш байларды" кескин сынга алып келгени менен эч качан реалдуу швед олигархтарынын яхта же менчик учактарына зыян келтирбейт. Балким саясий туюму менен ал жерлерде күзөтчүлөр болорун түшүнүп, андайда экологияны ким коюптур деп болжогон көрүнөт, автомобилдерин кайтарта албаган ортозаар мекендештерине гана алы жетет.
Баарынан кызыгы, Мальмга жана анын санаалаштарына эч бир иш козголгон эмес. Шведдер болгону кымбат жолтандабастарды сатып алууну токтотту. Дароо алардын модасы кетти.
"Дал ошол убакта бизге Ал Гор кызыгып калды", — дейт "эколог". Ийгиликтүү инвестор, ата-бабасынан бери саясатта келе жаткан бул киши жашыл демилгелер жаатындагы ар кандай долбоорлордон жүздөгөн миллион доллар тапкан.
Швецияда Мальм пикирлештери менен ээнбаштык кылып жүргөн кезде Нобель сыйлыгынын лауреаты, экология үчүн белгилүү күрөшчүлөрдүн бири Ал Гор өзүнүн досу Генрик Фискердин кымбат баалуу электр автомобилдерин чыгарууга белсенген фирмасы үчүн насыя издөө менен алек эле. Мальмдын жоруктары дүң болуп турган кез, анан мындай демилгелерге насыя табылбай коебу? Табылганда да жарым миллиард долларга ашыкча каражат алышат. Бирок көздөгөнү ишке ашпай, Fisker банкрот болуп кала жаздайт. Ал эми чаалыкпаган Гор башка бизнестерди издөөгө өтөт.
Мальм ошондон тарта коомдун каймактарына жаккан авторго айланып, китептери ар кыл тилдерге которулуп, мактаган рецензияларга маашырланып калат.
Газ оту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2021
Европанын энергетикалык каатчылыгына чындап ким күнөөлүү? Сереп
"Кечеңдетүү өлүмгө тете"... Мальм Лениндин ушул сөзүн улам кайталап, коронавирусту биринчи дүйнөлүк согушка салыштырат. Чыныгы экокүрөшчүлөрдүн бүгүнкү милдети — пандемияны саясий каатчылыкка которуу. Мында, албетте, жардамга климат боюнча саммиттер, протокол, нааразычылык акциялары келет. Ал тургай Мальм газ жана мунай корпорацияларынын топ-менеджерлерин барымтага алууну, адамдарга залал келтирбестен бул тармактардагы инфраструктураны талкалоону сунуштайт. Анан мунай жана газ түтүктөрүн чындап эле жардыруу демилгеси менен кебин корутундулайт.
"Бирок газ түтүгүндөгү кырсык дароо газдын баасын асмандатат, демек, электр кубатынын да кымбатташына алып келет. Бул эң оболу жакыр адамдарга чоң сокку болот...", – деп санааркаганын жашырбаптыр New Yorker басылмасынын журналисти. Ага: "Ооба, — деп кылы кыйшайбастан жооп кайтарат Мальм. — Адамдар айрым кыйынчылыктарга кабылуу коркунучу бар… Экономика үчүн да чоң тобокелдик... Бирок бул аракетибиз климатты өзгөртүүлөр менен дал келип калса эл түшүнүп, бизди колдоп кетери ажеп эмес".
Демек, большевисттик күн тартибин экологиялык жоокерлер түп-тамырынан бери өзгөртүшкөн. Ленин жана анын жолдоочулары тууралуу ким эмне дебесин, алардын тушунда Россияда миллиондогон жакыр адамдардын турмушу оңолгон, билим, медициналык жардам, татыктуу маяна, айтор, ошол доордогу болуп көрбөгөндөй социалдык топтомго ээ болушкан эмеспи. Ал эми ошол убактын жол башчысынын бүгүнкү жактоочулары коомдун дал ушул катмарына өчпү?!
Мальм жоро-жолдоштору менен учурдагы кыйын кырдаалды жактагандай. Анын баамында, европалыктар сатып алууну токтотуп, жашыл энергияга өтсүн деп "жаман" газ атайын кымбаттоодо.
Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2021
Путин РФтин 2060-жылы көмүртек нейтралдуулугуна жетүү планын айтты
Кызыгы, азыркы каатчылыктан пайда көргөндөрдүн бири – биз жогоруда кеп кылган Ал Гор. Газдын баасы он эсе кымбаттагандыктан Британияда электр кубаты менен жабдылган ишканалар жапырт банкрот боло баштады. Ошондой компаниялардын биринен 13 пайыздык үлүштү бул инвестор жарым миллиард долларга эле сатып алды. Быйыл англиялыктар жашыл энергетиканын жактоочусунан электрди былтыркыга караганда алда канча кымбат сатып алышмакчы. Башкача айтканда, энергетикалык кризис америкалык ишканаларга Британиянын рыногуна баш багууга, жергиликтүү компанияларды сүрүп чыгарууга шарт түзүп койду.
Ал эми экологиялык күрөшчүлөрдүн дүңгүрөгөн акциялары, чуулгандуу билдирүүлөрү ушундай экономикалык процесстерден алаксытууга сопсонун мүмкүнчүлүк болду. Ошентип Англияны америкалык капиталдан куткарууга болбой калды, бирок континенттик Европа эбак "Түндүк агым – 2" долбоору аркылуу өздөрүнө газ кошуп албадыбы. Жогорудагы чыйырдын жактоочулары дал ушундай учурларга камынып жатышы ыктымал. Айтмакчы, "экотеррористтер" эбак одоно сөз катары саналбай калган. Ал түгүл Greenpeace уюмун негиздөөчүлөрдүн бири Боб Хантер өз кесиптештерин экофашисттер деп атаган эмес беле?
Ушул чакта "планетаны сактап калуу" үчүн табиятты да, адамдардын өмүрүн да тобокелге салгандан жазганбас экологиялык күрөшчүлөрдүн жаңы мууну өсүп чыкканын көрүп турабыз. Федералдык чалгындоо кызматы Greenpeace, PETA, ар кандай зоо-коргоочулар жана экологиялык күрөшчүлөрдүн көпчүлүгүн кооптуу террористтер тизмегине киргизгени маалым. Ошол эле учурда бул бүлгүнчүлөрдү каржылап, башка өлкөлөрдө америкалык кызыкчылыктар үчүн иштешине тыкыр көз салып турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0