12:30 02 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7969
  • EUR95.9477
  • RUB1.1463
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (281)
3607 0 0

15-августта талибдер Афганистанды толук көзөмөлгө алышты. Бүгүнкү күндө дүйнө коомчулугу “Талибан”* кыймылы менен кандай өңүттө сүйлөшүү жүргүзүү тууралуу бир пикирге келбей жаткан учур.

20-кылымдын башында Индиянын жарым пашасы лорд Жорж Керзондун "Афганистанда ким үстөмдүк орнотсо, анда ал дээрлик бүт Азияны көзөмөлдөй алат" деп айтканы бар. 19-кылымда улуу немец философу Георг Вильгельм Фридрих Гегелдин "тарых эки жолу кайталанат" деп айткан сөзү Афганистандагы азыркы абалды даана сүрөттөп жаткандай. 20 жыл АКШ жана НАТОнун аскерлери “Талибан” кыймылы менен майнапсыз согушту. 2008-жылы кыргызстандык саясат талдоочуу Орозбек Молдалиев “Ислам и Политика: политизация Ислама или исламизация политики?” аттуу эмгегинде 1996-жылы сентябрда талибдер душмандарынын арасындагы таасирдүү фигураларды сатып алып, Кабулду оңой-олтоң алып коюшкан деп жазган. 20 жылдан кийин да талибдер кыска убакыттын ичинде өлкөдө бийлигин орнотуп, кайрадан эч кандай каршылыгы жок Афганистандын борборун басып алышты.

“Талибан”* кыймылы кандай себептердин натыйжасында эки тизгин бир чылбырды алганын колумнист Алмаз Батилов илимпоздор, дипломаттар, журналисттер жана саясат таануучулардын пикирине таянып талдоого аракет кылган.

"Талибанга" багынып берген армия

2008-жылы УКМКнын ардагери, отставкадагы полковник Талант Разаков Түндүк Афганистан аркылуу Кабулга иш сапары менен барып, анын жыйынтыгы боюнча 2015-жылы “Терроризм менен тирешкен Афганистан” аттуу эмгегин жазган. Китептен карапайым афгандыктар "эгерде эртеңки күнү АКШ Афганистандан чыгып кетсе, анда эл талибдерге оойт" деген пикирде экенин билүүгө болот. Разаковдун айтымында, ал жылдары талибдер мамлекеттин 60 пайызын көзөмөлдөп турушкан.

Талибдердин көпчүлүгү пуштун улутунун өкүлдөрү. Буларды өлкөнүн уюткусу болгон пуштундардын басымдуу бөлүгү колдоп, пакистандык кандаштары да жардам берген. Расмий Исламабад да ар түрдүү жолдор менен көмөк көрсөткөн. Бул жолу да талибдерди пуштундардын эң ири уруусу гильзайлар жетектеп келди. 300 миң жоокерден турган армия колуна заманбап курал-жарак кармап жүрүп, эмне себептен “Талибан” кыймылына багынып берди деген суроо жаралат.

Биринчиден, мурдагы афган бийлиги жемкорлукка белчесинен баткан, кыргызстандык серепчи Орозбек Молдалиев армия жетекчилиги кагазга жоокерлердин санын көбөйтүп жазып, казынадан ири суммадагы акча уурдалганын белгилеген.

Экинчиден, полиция, күч түзүмдөрүндө жана армияда пуштундар басымдуу болгон. Эң башкысы — афган элинин басымдуу бөлүгү талибдерге каршылык көрсөткөн жок. Анткени 42 жылга созулган согуш көкөйгө көк таштай тийген. Карапайым калк азыр “Талибан“ кыймылы бийликке келсе кандуу тирешүүнү токтотуп, тынчтыкты орнотот деп үмүттөнүп турат. 

Талибдер мамлекетти басып алып жаткан учурда катарында канча согушкер бар эле деген суроого белгилүү советтик жана россиялык чыгыш таануучу Владимир Пластун төмөнкүчө жооп берди.

“Мен ар түрдүү маалыматтарды талдап жана башка дасыккан афган таанучулар менен кеңешип мындай бүтүмгө келдим. Биринчиден, былтыр майда талибдердин катарында элүү миңге жакын согушкер бар эле. Бирок бир жылдын ичинде алар Филиппинден баштап Мароккого чейин экстремисттик жана террористтик уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Быйыл июнь айынан баштап алардын катарына дүйнөнүн булуң-бурчунан келген 200 миңге жакын ыктыярчы кошулган. Арасында Сирия менен Иракта согушкан ДАИШтин теги араб, казак, кыргыз, тажик, чечен, өзбек жана ингуш согушкерлери да бар эле. Атүгүл булардын катарында бангладеш, шри-ланкалык жана филиппиндик ыктыярчылар да болду. Ошол эле убакта талибдер менен “Өзбек ислам кыймылы”, “Хизб ут-Тахрир”, “Хорасан чөлкөмүнүн Ислам мамлекети” өңдүү террордук уюмдар да биригишкен. “Чыгыш Түркстан ислам кыймылынын”* уйгур улутундагы мүчөлөрү көмөк көрсөтүштү. Андан тышкары, талибдер пакистандык жумушсуз каңгып жүргөн селсаяктарды жалдашкан. Советтик чыгыш таанууда аларды "люмпен" деген термин менен белгилеген. Жогоруда айтылган согушкерлерди талибдер каржылады.

Владимир Пластун на перевале Саланге Северный Афганистан. Март 2009 года
© Фото / из личного архива Владимира Пластуна
20 жылдан кийин советтик жана россиялык илимпоз Владимир Пластун Саланг ашуусунда. 2009-жыл, март. Түндүк Афганистан

Экинчиден, бүгүнкү күндө “Талибан” кыймылынын бир жылдык бюджети 2 миллиард АКШ долларын түзөт. Ар чөлкөмдө көмүскөдөгү бийлигин орноткон. Калктан салык чогултуп, борбордук бийликке салык төлөөгө тыюу салган. Асыл таш жана жемиш өндүргөн плантациялар кирешеси менен бөлүшкөн. Перс булуңундагы араб мамлекеттери “Талибан” кыймылы пайда болгондон бери каржылап келген. Алар баңгизат өндүрүүгө жана сатууга каршыбыз деп жар салышат. Бирок ислам үчүн деген чакырыкка жамынып, “баңгизат барондорун” да салык төлөтүшкөн. Андан тышкары, Афганистандын улуттук банкын акчасы менен олжолошту. Ошондуктан жогоруда айтылган жалданма согушкерлерге маянасын төлөп берүүгө каражаты жетет. Анын үстүнө пуштундардын чоң тайпасы нурзайлар колунан келген жардамын аяган жок", — дейт Пластун.

Буга чейин  талибдердин арасында теги уйгур согушкерлер болгону жөнүндө маалыматтарды айрым басылмалар да жазып чыккан. Мисалы, 2014 -жылы россиялык “Ритмы Евразии” маалыматтык-аналитикалык басылмасынын кабарчысы Эгамберды Кабулов “Кытайда “Талибан” кыймылынын тарапкерлери барбы?” деген суроону Томск мамлекеттик университетинин чыгыш таануу кафедрасынын профессору, кытай таануучу Евгений Савковичке узаткан. “Кытай талибдердин айрым топторуна каржылык көмөк көрсөткөн. Расмий Пекин  уйгур калкынын кээ бир нааразы бөлүгүн тымызын тышка чыгарган. Бирок бир аз убакыттан кийин булар курал менен кайта баштаган. Кытай бийлиги үчүн мындай кадам абдан күтүүсүз болгон” деп белгилеген томскилик илимпоз Савкович.

Талибдер пуштундардын кыялын ишке ашырды

Афганистандын 300 жылдан ашык тарыхында өлкөнү аз убакыт теги тажик Бачаи Сако, Бурханиддин Раббани жана кашмирлик Бабрак Кармаль башкарды. Талибдер мамлекетти пуштундар гана башкарат деген кыялды ишке ашырган. Анын үстүнө ушул эл гана өздөрүн накта афгандык деп эсептейт. Башка улуттарды теңсинбейт. 2017-жылы КР Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков “Биринчи радиого” берген маегинде: “1987-жылы Афганистанда иштеп баштаган учурда тажик, өзбек жана түркмөн сыяктуу улуттук азчылык өкүлдөрү "тегиң афгандыкпы?" деген суроого алар өздөрүнүн афган улутуна тиешеси жок экенин айтышчу. Булардын көз карашында пуштундар гана чыныгы афгандыктар”, - деген.

Өлкөдөгү айрым улуттук азчылыктардын аң-сезими дагы толук калыптана элек дешет афган таануучулар. Чыгыш таануучу Пластундун айтымында, кабулдук тажик "улутуң ким?" деген суроого "кабулдукмун" деп жооп берет. Бирок россиялык илимпоз Борис Подипригора атактуу талаа командири Ахмад Шах Масуддун афган жана советтик тажиктердин конфедерациясын уюштуруу тилеги болгонун белгилеген.

Изъятое советскими войсками у моджахедов оружие, Северный Афганистан. 1982 года
© Фото / из архива Айбека Дехканова
Советтик аскерлер моджахеддерден олжологон курал-жарак. 1982-жыл, Түндүк Афганистан

Талибдердин маалыматтык согушу

2001-жылы “Талибан”  кыймылы интернет колдонууга тыюу салган. Бирок талибдер бийликтен кулагандан кийин социалдык тармактар аркылуу маалыматтык согуш жүргүзүп, тарапкерлеринин санын көбөйткөн.

Түндүк Афганистандагы пуштундардын талибдерге көмөгү

"Теги тажик, өзбек жана хазара талаа командирлери башкарып келген Борбордук жана Түндүк Афганистанды багындырууда “Талибан” кыймылына ким жардам берди?" деген суроо жаралат.

19-кылымдын аягында өлкөнүн өкүмдары Абдуррахман-хан мамлекеттин борбордук жана түндүк аймактарындагы хазаралар менен өзбектердин автономиясын аёосуз талкалап, алардын жерине пуштундарды көчүрүп, отурукташтырган. Ал түрк-моңгол тектүү көпчүлүгү шиит агымын карманган хазараларды британиялык Индия жана Иранга сүрүп, басымдуу бөлүгүн кулга айланткан эле. Өлкөнү башкарып турган учурда улуттук азчылыктардын кырктан ашуун көтөрүлүшүн баскан.

Мындан сырткары, Абдуррахман-хан Афганистандын түндүк-чыгышында жашаган көз карандысыз, теги индоевропалык жана бутпарас динине сыйынган элди багындырган. Буга чейин бул чөлкөм Капырстан деп аталган. Жогоруда айтылган аймактын тургундарын кылычтын мизи менен ислам динин кабыл алдырып, аларга Нуристан деген аталыш ыйгарган. Ушул элдин айрым өкүлдөрү “Талибан” кыймылына кошулган.

Пакистандык изилдөөчү Ахмед Рашид “Талибан. Ислам, нефть и новая Большая игра” аттуу китебинде "1997-жылы Түндүк Афганистанда жайгашкан пуштундардын көпчүлүгү талибдерге жан тартып, көмөк көрсөткөн" деп жазган. 1997-2001-жылдары талибдер Абдуррахман-хандын улуттук азчылыктарга карата катаал саясатын уланткан. Рашид да 1998-жылы Балх чөлкөмүндө талибдер хазараларды аёосуз кырганын белгилейт. "Быйыл да түндүк афганистандык пуштундар “Талибан” кыймылын кучак жая тосуп алышты" дейт россиялык чыгыш таанучу Владимир Пластун.

2017-жылы Afghanistan Analysts Network көз карандысыз уюмунун эксперти Обаид Алинин пикиринде, 20 жыл мурун ээрден шыпырылган “Талибан” стратегиясын кайра карап чыгып, 2010-жылдан баштап катарына тажик, түркмөн, өзбек жана хазараларды кошкон.

Расстрелянный Дом советской науки и культуры в Кабуле. Март 2009 года
© Фото / из личного архива Владимира Пластуна
Кабул шаарындагы талкаланган советтик илим жана маданият үйүнүн аянычтуу көрүнүшү. 2009-жыл, март

Швейцариялык илимпоз Алессандро Монсуттун пикиринде “Талибан” кыймылынын көз карашы “Деобанди” кыймылынын идеологиясына окшош. 19-кылымда Түндүк Индиянын Деобанд шаарында пайда болгон бул кыймыл фундаменталисттик суннизм агымын тутунат. Ушул кыймылдын жобосу боюнча шиитер мусулман эмес деп эсептелет. Дал ушул себептен улам адегенде талибдер шиизм агымын карманган хазараларга каршы аёосуз репрессия жүргүзгөн.

Афган таануучулардын айтымында, үч кылымдан ашык убакыттан бери пуштундардын басымдуу бөлүгү хазараларды моңгол өңү үчүн басынтып келүүдө. Талибдер улуттук азчылыктарды бийликке жакындатпайт деген пикир бар. Өзбек тилинин расмий макамынын алып салышы буга далил.

“Талибан” кыймылынын катаал мыйзамдарды кайрадан киргизиши

1996-жылы талибдер бийликке келгенде тойлордо музыка угууга, бий бийлөөгө жана видео көрүүгө да тыюу салган. Талибдердин айтымында, бул нерселер исламга туура келбейт. 1996-2001-жылдары алар бийликте турганда афгандык музыканттар менен ырчылар жанын сакташ үчүн Пакистанга качышкан.

Мындан сырткары, талибдер өлкөгө товардын 30 түрүн киргизбөө жөнүндө, үйдө сүрөт жана фотосүрөт сактоого болбойт деген буйрук чыгарган. Анын ичинде оюндар, музыка жазылган кассеталар жана эрин боёочу помада бар болчу.

2001-жылы “Талибан” кыймылы тестиер балдарга полиомиелитке каршы эмдөөгө тыюу салса, бүгүнкү күндө да COVID-19га каршы эмдөөдөн баш тартып жатат. Талибдер бийликте турганда кыз-келиндердин укугун чектеген эң катаал эрежелер кабыл алынган. Булар түзгөн шарият полициясы аялдарды көчөдөн кубалап, анысы аз келгенсип үйдөгү кыз-келиндерди башка эркектер көрбөсүн деген шылтоо менен терезелерди кара парда менен жаптырган. Муну менен кыз-келиндер күндүн жарыгын да көрбөй калган деп пакистандык журналист Ахмед Рашид өз китебинде баса белгилеген. Ал эми 1982-1984-жылдары Афганистанда 40-армиянын атайын пропаганда бөлүмүндө офицер катары кызмат өтөгөн афган согушунун ардагери, илимпоз жана дипломат, дари тилинин котормочусу Айбек Дехканов мындай деди: “Көчмөн пуштундарды көрдүм. Аларды мардуми кучи деп аташат. Пуштун тилинен көчмөн калк деп которулат. Булардын турмушу жана айрым үрп-адаттары илгерки көчмөн кыргыздарга абдан окшош. Мардуми кучинин кыз-келиндери паранжа кийбейт”.

Кыргызстанские военные переводчики Айбек Дехканов (слева) и Замир Арынов, Северный Афганистан. 1982 год
© Фото / из личного архива Айбека Дехканова
Советтик 40-армиянын атайын пропаганда бөлүмүнүн кыргызстандык офицерлери Айбек Дехканов (солдо) жана Замир Арынов. 1982-жыл, Түндүк Афганистан

Баңгизат өндүрүүгө бөгөт коюу

Кыргызстандык саясат талдоочу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, “Талибан” кыймылы 1996-жылы бийликке келип апийим айдаганды тыйган. Кийин өздөрүн актай турган шылтоо ойлоп таап, "баңгизатты каапырлар колдонот экен, демек, бул жихаддын бир түрү болот” деп фатва чыгаруу менен апийим айдоого уруксат берген. Бүгүнкү күндө да талибдер бийликке келип баңгизатты тыябыз деп жар салышты. Бирок кылмыш дүйнөсү диний жана мамлекеттик мыйзамдарга баш ийбейт. Ошон үчүн “Талибан” кыймылы “баңгизат барондоруна” каршы кандай күрөшөрүн турмуш көрсөтөт дейт серепчи Молдалиев.

Талибан кыймылы Борбордук Азияга кол салабы?

“Талибан” кыймылы 1996-жылы бийликке келген учурда Борбордук Азияга кол салган эмес. Азыркы күндө да коңшу өлкөлөргө согуш ачпайбыз дешти. Бирок 20 жыл мурда АКШ менен анын өнөктөштөрү Афганистанга киргенге чейин ал жерде террорчуларды машыктырчу борборлор болгонун эстен чыгарбоо керек. 1999-2000-жылдары Тажикстандан Кыргызстанга кол салган “Өзбекстан ислам кыймылы” террордук уюму, Афганистандан башпаанек тапкан талибдер менен санаалаш террордук уюмдардын мүчөлөрү келечекте Борбордук Азияда Ислам эмирлигин куруу үмүтү бар дейт серепчи Молдалиев. Дал ушул себептен улам серепчилер Кыргызстандын атайын кызматтары улуттук коопсуздугун чыңдашы керектигин белгилешти.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган уюм

Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (281)

Тема боюнча

Талибдер Афганистандын Жогорку сотун түзгөнүн жар салды
G20 уюму: Афганистанга гуманитардык жардам берүүгө мажбур болуп турабыз
Белгилер:
Афганистан, "Талибан" кыймылы, согуш, саясат, бийлик, Борбордук Азия, кол салуу

ЭҢ МААНИЛҮҮ