Өзүңдөн аябачы! Акча топтоодо көңүл бурчу 6 нерсе

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүКөл жээкте эс алып жаткан кыз. Архив
Көл жээкте эс алып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Жазылуу
Акыркы жылдары пассивдүү киреше алуу керектиги тууралуу кызуу ойлонуп, маанисин түшүнө баштадык. Ошондуктан көпчүлүк кара жанын карч уруп, ар бир ашыкча тыйынын эселентүү үчүн бир багытка салат. Бирок кээде таптакыр башка нерселерге акча бөлүп жүргөн да оң.

"Инвестиция" дегенде адатта акылга алтын, акция, кыймылсыз мүлк, антиквариат келет. Айрымдар соңку убакта булардын катарына криптовалютаны да кошуп калды. Анткен менен буларга эле эмес, таптакыр бөлөк нерселерге да салым салуу дурус. Ошолор тууралуу кеп учугун улайлы.

Ден соолук

"20 жашымда кандай жараат болбосун тез эле бүтүп калчу...", — деп наалыды жакында эле бир досум. Чындыгында сатып алгыс ден соолуктун баркын көп учурда унуткарып коёбуз. Ал эми оору тооруганда капчык да кыйла жукара түшөт, себеби дарылануу, айрыкча илдет өтүшүп кеткенде арзан иш эмес.

Киши капчыгынан акча алып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2021
Акча топтоонун жеңил жолу. Кыргызстандыктарга 7 кеңеш
Ошону менен бирге эле бул кирешенин азайышына алып келет, анткени иштин ордуна дарыланууга көңүл бөлүнөт. Иш жөндөмүң төмөндөйт, жумушка ойду топтоо да оорлошот. Натыйжада турмуш деңгээлин да кескин начарлатып алышыбыз ыктымал. Ошондуктан эң оболу оорунун алдын алууга көңүл буруу кажет. Эгер дарттын алгачкы белгилери байкалса, дароо дарыланууга киришүү керек. Өзү эле айыгып калат деген тоң моюндук — эң натуура кадам.

Жашоонун сергек мүнөзүнүн мааниси терең, азыраак болсо да спорт менен машыга жүргөн дурус. Булардын баары оору-сыркоонун алдын алат, иммунитетти чыңдоого, чыйрак болууга жана жаркын маанайда жүрүүгө көмөкчү болот.

Туура тамактануу

Мында биз жогорудагы теманы улайбыз. Тамактан үнөмдөбөстөн, толук кандуу азыктануу абзел. Тез татым, жарым фабрикаттар негизинен куурулган жана ачуу азыктардан жасалат. Даамдуулугун да айтпаңыз, анан да бир топ арзанга түшөт. Бирок артыкчылыгы ушуну менен чектелет. Жашылча-жемиш, көк-сак, тамактануунун туура режимин туткан киши көп ооруга чалдыкпайт.

Билимди өз алдынча өркүндөтүү

Пенсия алып аткан кемпир. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2021
Мамлекеттин көзүн карабай пенсияга кантип акча топтоого болот. Жол-жобосу
Ийгиликтүү адамдардын эч бири мектеп менен жогорку окуу жайдагы билими эле жетиштүү болгонун айтпайт. Жашообуз адатта жаңы нерсени окуп-үйрөнүүдөн, анын ичинде өз алдынча билим алуудан турат. Ошол себептен кесиптик жөндөмүңүздү жакшыртууга да салым салыңыз. Бул — көбүнесе сиздин негизги активиңиз. Эмгек рыногунун талаптарына шайкеш келүү үчүн аны дайым жакшыртып турган оң.

Балдардын билим алуусу

Жакшы, сапаттуу билим кызматтык өсүшкө өбөлгө болот. Кыргызстандыктардын азыр буга көзү жетип калды. Ар кандай ийримдердин, ошондой эле жеке мектептердин көп ачылышы муну тастыктап турат.

Ыңгайлуулук

Акчаны асманга сапыра берүү жаман адат, бирок ашыкча чыгымдарды чектей берүүнүн да чеги болот. Жакыр деп айтууга тилиң барбаган кишилер деле көп оокаттан баш тартып, үнөмдөй бергендерин көрдүм. Мисалга микротолкундуу меши жок. Алар акча сарамжалдаганы менен убактысын коромжу кылышат. Кандай болгон күндө да ыңгайлуулукка жана убакытты үнөмдөөчү буюмдардан акча аябай эле койгон жакшы.

Эс алуу

Банк карталары жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2021
Насыя картасы же "кредитканын" эмне пайдасы бар? Кыргызстандагы банктардын шарты
Жакын досум иштин майын чыгарган киши жакшы эс алганды да билет деген пикирди карманат. Эс алгандан башкасынын баарын жасаган эмгек өргүүлөр баарыбызда эле болсо керек. Жанагы досум эс алуудан дегеле аянбайт, ал эми өргүүнү да "иштен кийинки калыптанууга" гана арнайт. Анан баарыбызды кыжырдантып маңдайыбызга куунак, чың жана сергек болуп чыга келет...

Учкай корутунду

Албетте, кантип жашаш, эмнеге акча сарпташ өзүңүз билчү иш. Бирок өмүр бир берилет, аны бакубат сүрүүгө эмне жетсин?!

Буга чейин редакция топтогон акчаны кайсы валютада сактоо туура болорун жазган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0