Жүр, чырагым, айылга барып жашайлы. Элеттен жаа бою качкан кыздарга кулак кагыш

© Sputnik / Табылды КадырбековПоказ кыргызской национальной одежды на джайлоо Кок-Жайык
Показ кыргызской национальной одежды на джайлоо Кок-Жайык - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2021
Жазылуу
Журналист Эламан Карымшаковдун "ал жигит айылда жашайт экен" деп мурдун чүйүргөн кыздарга айтар кеби бар. Ал мурдагы стереотип менен ойлонуу жаңылыштык деп эсептейт. Айылда эле шаардагыдан жакшы шарттар бар экенин баяндап бермекчи.

Кыздар, эгер жигит "айылда жашайбыз" десе бир аралда калып кетчүдөй болуп, замандан артта калам деп коркпой эле коюңуздар. Азыр мурдагыдай эмес, айылда деле шаардагыдай жашаса болот экен. Дегеним, жайытка айдаса, жарга качкан эчкидей болуп калаага агыла бербейли. Стереотипке таянып "айыл" десе атам заманды, "шаар" десе шампан ичкен жашоону элестетүүдөн арылсак.

Мен билген дос, тааныш кыздарымдын деле көпчүлүгү айылда жашагысы келбейт. Досторум бир сулуу менен таанышып тиричилиги айылда экенин айтса, "сүйүүңө да, алып берген чайыңа да рахмат" деп басып кеткендер болгон. Айылга барса XIX кылымга түшүп калгандай сезишет окшойт. Бирок андай эмес...

Ооба, ысык сууга муздагын чабыштырып жарымын жерге төгүп жуунса, бир кнопканы басса чайы кайнап, кири жуулуп, кадам аттаса дүкөндөр жайнаса, бетке макияжды калыңынан берип кең көчөлөрдө жайкала басып жүрсө шаардан ким эле кеткиси келсин дешиңиз мүмкүн. Анда айыл десе чалкасынан кеткендерге чыныгы көрүнүштү сүрөттөп берейин.

Бала жайлоодо самоорго чай даярдап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2021
Уул баладан канткенде чыныгы эр жигит чыгат? Эненин ой толгоосу
Жакында эле эмгек өргүүгө чыгып кичи мекениме барып, мурда маани бербеген баалуулуктарды байкап келдим. Биздин айыл Талдык деп аталат, Ош шаарынын борборунан 50 чакырым алыс. Жери кара топурак, дыйканчылыкка ыңгайлашкан, "чөнтөгүңөн урук түшүп калса да өнүп чыга берет" деген кеп бар. Жердештерим сабиз, картошка өстүрүп, мал кармап тиричилик кылат. Ушуну менен эле шаарда тытынып иштегендерден, кээ бир бизнесмендерден көбүрөөк киреше таап коёт экен.

Мисалы, быйыл сабизи барлар алтын казгандай эле болду. Базарга алып барып сары сабизди дүңүнөн 50-60, кызылын 25-30 сомдон сатышууда. Биздин үй-бүлө 15 сотых жерден алты тоннадай түшүм алды. Мындан көп эккендер "быйыл миллионер болом" деп жүрүшөт. Кээ бири базарга барып убара болбой жолдун боюна отура калып эле сатып койду. Себеби айылыбыз Алай, Чоң-Алай райондоруна кеткен чоң жолду бойлой жайгашкан. Ал жактагылар сабиз экпейт. Ал эми картошканын бир килограммын дүңүнөн 20 сомдун тегерегинде сатып жатышат. Эсептесеңиз, беш тоннасы эле 100 миң сом болуп жатпайбы.

Мындан сырткары, беш уй саасаң күнүнө кеминде 20 литр сүт чыгат, аны сүт ташуучу машина үйүңдүн алдынан алып кетет. Бир литрин жайында 17 сомдон, азыр 22 сомдон сатып алууда. Ошондо деле орто эсеп менен күнүнө 400, айына 12 000 сом таап коюшат экен. Апам учурда төрт уй саап жатат. Дагы бир жакшы жери — алынган пайда үчүн салык төлөбөйсүң.

Ал эми жылкы баккандар кымыз сатып, өз үйүн эле бээнин сүтү менен ден соолукту чыңдоо жайына айландырган.

Байкасаңыздар, азыр тоо тарапка барып эс алууга ыктагандар көбөйө баштады. Жогоруда айткан иштерди жасай албасаң, туристтерди тейлеп иштесең да болот турбайбы.

Дыйкан буудай оруп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.07.2021
Айылда жашоо керемет... Элет турмушунун көзгө көрүнбөгөн байлыгы
Акча тапканың мейли, ага жетиш үчүн эшектей иштеш керек деп ойлоп жатсаңыз керек. Бул да жаңылыштык. Айылда деле жашоону жеңилдеткен шарттарды түзүп алышыптыр. Көпчүлүгү үйүнүн ичине ванна, унитаздан бери коюп, жуунчу бөлмө куруп алган. Жерди 10 метр казгандан кийин суу чыгат, аны насос менен сордуруп чыгарган. Айрымдары булактардан түтүк менен үйүнүн астына алып келишкен. Ошентип чака көтөрүп суу ташуу көйгөйүнөн кутулушуптур. Көпчүлүгү кир жуучу машина колдонот, демек, жеңелердин түйшүгү дагы жеңилдеди десек болот.

Айылдын дагы эмнеси жакшы? Үйүңдүн алдына керектүү жер-жемиштин баарын эгип алсаң болот. Мында да алда канча каражат үнөмдөлөт. Тандырга нан жаап, таза тамактарды жеп турсаң ден соолукка деле пайда эмеспи. Анан айыл жайкысын салкын экенин, балдарың ары-бери кенен чуркап, таза абада чыйралып чоңоёрун да эске алуу керек.

Салыштырып көрдүңүзбү, кайсы жакта жашоо сиз үчүн пайдалуураак экен? Албетте, кайсы бир кыялын орундатуу үчүн, кесибине байланыштуу шаарда жашагандар бар. Айтар кебим аларга тиешелүү эмес. Анан да бул пикиримди таңуулоо эмес, сунуштама катары кабыл алыңыздар. Ар кимдин тандоосун сыйлайм.

P.S. Автордун пикири редакциянын позициясы менен дал келбей калышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0