00:12 17 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7960
  • EUR99.8176
  • RUB1.1707
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (214)
321 0 0

Афганистан дале ааламга күтүлбөгөн жагдайларды тартуулоодо. Кеп Панжшердин тездик менен алынышы туурасында да эмес.

Афган темасы Батыш тарабынан Россия жана Кытай менен оюндар үчүн да, болгондо да абдан примитивдүү түрдө пайдаланылып жатат.

Афганистандагы абалды талкуулоо үчүн "Чоң жетиликтин" жыйыны капыстан эле 8-сентябрга белгилене калды. Ал онлайн-форматта тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде өтмөкчү, аны америкалык мамлекеттик катчы Энтони Блинкен уюштурган. Баяндамачы Петр Акоповдун ушул тууралуу макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Кыйкым издегендей сезилер. Батыш күчтөрүнүн чыгарылышы жана америкалыктарга ыктаган режимдин кулашынан соң Афганистан чындап эле дүйнө жүзү үчүн алдыңкы саптагы темага айланып калбадыбы. Анан да эки апта оболу "Чоң жети" атайын ушул өлкөгө арналган жогорку деңгээлдеги чукул саммитин өткөргөн эмес беле. Бирок кептин баары Батыш бул жолу таасиринен тая элек өлкөлөр менен баарлашууну көздөгөнүндө. Япониянын тышкы иштер министри Тосимицу Мотэги билдиргендей, консультацияга жыйырмадан ашуун өлкөнүн дипломаттары чогулат.

"Афганистандагы абалды талкуулоо үчүн "Чоң жети" тышкы саясий мекемелердин жетекчилеринин деңгээлинде сүйлөшүү өткөрөт. Ага Россия, Кытай жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү да катышууга тийиш", – деди япониялык министр. Мотэги "Афганистанга анык бир таасири бар" Россия жана КЭРдин делегацияларынын мындай жолугушууга катышуусу маанилүү экенин белгилейт. Бирок Россия менен Кытайга алдын ала кабарлабай туруп мындай жар салуу – дүйнөлүк дипломатиядагы жаңы көрүнүш. Батыш клубунун жыйынына Москва да, Пекин да катышпайт. Анткени бул чоочун клуб, 2014-жылдан бери Россиянын "Чоң сегиз" форматына катышуусу (Крымдан соң) токтотулган, ал эми Кытай бул "тандалмалар клубуна" эч качан кирген эмес. РФтин кайра бул жыйынга кайтпай турганын Путин да, Лавров да кайталап келет.

Мындай билдирүүнү Москва таң калуу менен кабылдады. Россиялык ТИМдин өкүлү: "Эки күн мурда Берлин жана Парижден кайсы бир жолугушуу тууралуу сигнал алганбыз, бирок "Чоң жетинин" жыйыны тууралуу кеп болгон эмес. Андан кийин эле Токионун сөзүн тыңдадык. Россия боюнча "Чоң жетинин" ар бөлөк өңүттөгү билдирүүлөрү, ушундай жагдай өнөктөштөрдүн өздөрү жана айланадагылардан так эмнени күтөрүн билбестигин айгинелейт", – деп билдирет.

Маселе Россия Батыш менен Афганистан жөнүндө талкуулоону каалап же каалабаганында эмес, кеп анын форматында. Андай деле протоколдук масштабда эмес. Сөз батыш клубунун консультацияга чакыруу усулунда.

Бир апта оболу түркиялык министр Мевлүт Чавушолу мындай видеоконференцияда "Чоң жети" өлкөлөрүнүн ТИМ башчылары менен катышканын кабарлаган. Түркия го НАТОго мүчө. Ал эми Москва менен Пекинди бөтөн клубдарга чакыруудан майнап чыкпайт, анан да бул басынткандай кабылданат. Берлин менен Париждин Москвага кабар жөнөткөнү – кезигүүнү жымсалдагандай аракет.

Эртең эми жыйын кандай өтүшү мүмкүн? Эки вариантын болжоого болот. Биринчиден, "Чоң жети" Россия менен Кытайсыз кезигет. Бирок булардан башка чакырылган мамлекеттердин өкүлдөрү катышат. Арасында Пакистан да, Түркия да, Сауд Аравиясы да, Катар да, Индия да болушу ыктымал.

Жозеп Боррелдин "Европа биримдиги Россия менен Кытайга Афганистандагы абалды көзөмөлдөөгө алып, Кабулдун демөөрчүлөрүнө айланышына жол бербешибиз керек. Биз аракетке өтүүгө тийишпиз" дегени бар. Анткен менен Боррель "Европа Афганистанга таасири бар эл аралык негизги өнөктөштөр менен кызуу кызматташуусу абзел. Түркия, Кытай, Россия Афганистандагы өз таасирин күчөтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болду. Иран, Пакистан, Индиянын да чөлкөмдө кыйла таасири бар" деп моюнга да алган. Башкача айтканда, америкалыктар кеткенден кийин дал европалыктар Афганистандын коңшулары, региондун таасирдүү державалары жана Россия менен кызматташуу менен катар Афганистандагы батыш кызыкчылыктарын коргоону самагандай. Бирок афган маселелерин Россия жана Кытайсыз, бирок таасирдүү мусулман өлкөлөрүн жана Индияны тартуу менен талкуулоо аркылуу баары бир өзүнө Москва жана Пекинди кайраштырып алат. Анткени Россия менен Кытайды консультациянын негизги темасы Афганистанга алардын таасирине кантип каршы туруу эмес экенине ынандыруу кыйын. Мындай аракет – Москва менен Пекинди ооздуктоо саясатынын кезектеги көрүнүшү. Болгондо да мунун баары жыйырма жыл Афганистанды басып туруп, азыркы каатчылыкка кептегендер тарабынан уюштурулууда.

Ошол себептен Афганистан боюнча бардык негизги күчтөрдүн глобалдык консультациясын өткөрүүнүн жалгыз конструктивдүү варианты "Чоң жети" жана анын "меймандарынан" баш тартып, "Чоң жыйырма" форматында уюштурулушу. Дал ушуну анын азыркы төрагасы Италия да сунуштоодо. Премьер Марио Драги бул жөнүндө дүйнөлүк борбор калаалар менен сүйлөшүүлөрдү да эбак баштаган. Адегенде ушул апта же келерки жуманын аягына онлайн-жолугушуу белгилениши болжонгон. Бирок андай формат 27-сентябрдан соң БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясы аяктаган маалда гана мүмкүн экени белгилүү болду.

"Чоң жыйырма" форматы улуу державалардын көп тараптуу консультацияларына эң ылайыктуу, себеби алардын клубу болуп саналат. Ага "Чоң жети" өлкөлөрү, Кытай менен Россия гана тургай Индия да, Түркия да, Сауд Аравиясы да кирет. Ал эми Пакистан, Катар жана Иранды кошумча чакырууга болот.

Ирансыз Афганистан маселесин талкуулоо мүмкүн эмес, ал эми "Чоң жети" форматында ал катышпай турганы анык. Россия да "Чоң жыйырма" негизги эл аралык формат экенин кайталап келет. Ал эми афган темасы башта дүйнөлүк экономика темасын талкуулоо үчүн түзүлгөн бул клубду дагы чыңдамак. Анткен менен ашыгуунун деле кажети жок, ал форматта пландалган кезигүү октябрдын аягында Римде өтүүгө тийиш. Бирок алигүнчө анын онлайн же бетме-бет өтөрү аныктала элек.

Ошондой эле дүйнөлүк масштабда, тагыраак, Батыш менен Чыгыштын ортосунда консультация өткөрүүнүн дагы бир варианты бар. "Чоң жети" менен Шанхай кызматташтык уюмунун биргелешкен жыйын форматында да жолугушуу уюштурууга болот. Дал ШКУ афган темасы чындап эле улуттук коопсуздук маселеси болуп саналган өлкөлөрдүн баарынын башын кошуп турат. Атап айтсак, Россия, Кытай, Пакистан, Борбор Азиядагы мамлекеттер жана Индия бул форматта катыша алмак. Анан да Иран жакында байкоочулук макамдан ШКУнун туруктуу мүчөсүнө которулмакчы. Чөлкөмдө жалгыз Афганистан гана байкоочу катары калышына америкалык оккупация маалында кабулдук бийлик Россия менен Кытайды уюмдун катарында көрүүнү каалашпаганы себеп эле. Аталган уюм Азияда тынчтыкты азиялык мамлекеттердин өз күчү менен сактоону максат кылат. Айтмакчы, ШКУнун саммити он күндөн кийин Душанбеде бетме-бет форматта өтөт.

Ошентип Батыш менен Чыгыштын жалгыз афган көйгөйү гана эмес, бир топ маселелерде сүйлөшүү жана консультацияларды өткөрүүдө мүмкүнчүлүктөрү кеңири. Башкысы, аларды даярдоодо Батыш кожоюн макамын көздөбөсө болгону. Анткени бир тараптуу оюн, атлантикалык дүйнө өңдүү эле эбак аяктаган эмеспи.

Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (214)

Тема боюнча

ЖМК: талибдер Кабулда антипакистандык акцияга чыккандарды таратуу үчүн ок чыгарды
АКШ глобалдык стратегиясын өзгөртөбү?
Белгилер:
Афганистан, согуш, Батыш, чыгыш, Пакистан, Кытай, НАТО

ЭҢ МААНИЛҮҮ