19:03 22 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7875
  • EUR98.7011
  • RUB1.1965
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
239 0 0

Кошмо Штаттар кандуу окуяны эскерүү алдында турат, тагыраагы, 11-сентябрдагы террордук актыга быйыл туура 20 жыл толду.

Голливуд тасмаларынын бардык эрежелери боюнча белгисиз сценаристтер менен уюштурулган ошол апаат америкалык өкмөткө эл аралык терроризмге согуш жарыялоого жана бөлөк өлкөлөргө куралдуу интервенцияны баштоого шылтоо болгон.

Ошондогу катуу таасир менен, эгиз мунараларга учактар барып урунуп, жогорку кабатынан ыргыган адамдар, көк тиреген үч (үчүнчүсүнө учак урунган да эмес) имараттар кулаганын көргөн эл аралык коомчулук да америкалыктарга дүйнөнүн булуң-бурчунда террорчулукка каршы күрөшүүгө мандат берип койгон. Андан бери 20 жыл өттү. Күрөштүн корутундусун чыгарууга мезгил жетти. Виктория Никифорованын ошондой жыйынтыктоолорго сереп салган макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

АКШдагы айтылуу Браун университетиндегилер ушул мезгил аралыгында америкалыктар оккупациялаган мамлекеттерде кеминде эле миллион киши өлтүрүлгөнүн эсептеп чыгышты.

"Согуштун наркы" университеттик долбоорунун негиздөөчүлөрүнүн бири Нита Крофорд бул көрсөткүч өтө төмөндөтүлгөндүгүн белгилейт. Анткени куралдуу кагылыш убагында набыт болгондор гана саналган. Согуштун кесепетинен, айталы, ачарчылык, дарт, инфраструктуранын жапырт кыйрашынан улам медициналык жардамдын жоктугунан көзү өткөндөр эсептелген эмес. Башка укук коргоочулардын баамында өлүм саны кыйла жогору. Мисалы, "Врачтар социалдык жоопкерчилик үчүн" уюму 2001-2015-жылдар ичинде эле Афганистан, Ирак жана Пакистанда миллион чакты адам өлтүрүлгөнүн айтып чыккан.

Браун университетинин докладында: 387 миң курмандык жай жаран, 200гө чукулу — америкалыктар тарапта күрөшкөн жергиликтүү аскерлер, 300 миңден ашууну америкалыктар "террорчу" деп атаган жергиликтүү партизандар болгон.

Нита Крофорд террорчу деп саналган адамдардын көпчүлүгү катардагы эле жергиликтүү жарандар болгонун моюнга алат. Ошондой эле докладда "Террорго каршы согушта" АКШнын жети миңдин тегерегиндеги өз аскери жана келишим боюнча катышкан сегиз миңдей аскер кызматкери набыт болгону айтылат. Башкача айтканда, алардын саны оккупацияланган өлкөлөрдүн жарандарынан дээрлик жүз эсеге аз. Анда эмнеге эл аралык коомчулук кезегинде АКШга ушул үчүн мандат бергенби деген суроо туулат.

Президент Жорж Буш Кошмо Штаттардын армиясы жергиликтүү жашоочуларды кырат деп айткан эмес. Ал америкалыктар Ирак, Афганистан жана андан соң бардык жерде "улуттук демократиялык мамлекет" курарына ант берген. Баарына эң бай өлкөнүн бул үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрү бардай көрүнгөн. Кошмо Штаттар дүйнөлүк полиция болгусу келсе, жол болсун дешкен.

Америкалыктар көйгөйү күч өлкөлөрдүн аймагына кирип, реалдуу террордук топтордон арылтып, жергиликтүү таасирдүү саясатчыларга таянуу менен акырындап мамлекетти реформалоо үчүн аларды кызматташууга тартат деп болгоолошкон. Мисалы, Афганистанга мурдагы лидер Захир шах чакырылса, дурус кадам болмок. Ал элдин ишенимине татыгандыктан өлкөнү бириктире алмак. Бирок америкалыктар аны бийликке жолотушкан эмес. Жергиликтүү саясатчылар арасында терс тандоо башталган. Өтө шарттуу бийликке сатылма, жөндөмсүз, калк кадырлабас, анан да кыйын кезеңде элин таштап басып кете берген адамдар келген. Афганистандын акыркы президенти Ашраф Гани августта тезирээк учуп кетүүгө ашыкпадыбы. Жөн кетпестен анын күзөтчүлөрү төрт машина жана тик учакка доллар салынган каптарды шашылыш түрдө жүктөгөнү, акчалар абага сапырылганы да айтылды.

Америкалыктар аяк баскан аймактарын башаламандыкка батырып, кийин каалагандай пайда көрүүгө, маселен, маңзат соодасы, курал сатууга ыңгай түзгөндөй. Ошол эле Браун университети АКШ "террорго каршы" согушка сегиз триллион доллардан ашуун каражат сарптаганын эсептеген. Формалдуу түрдө акча оккупацияланган аймактарды өнүктүрүүгө жумшалган, бирок алар өз дарегине жеткен эмес. Ирак менен Ливия жакырланып кетти. Афганистан калкынын үчтөн бири ачарчылыкта. Бюджеттин тонолушу эле бир топ чуулгандуу, анан да кызык кылмыш иштеринин козголушуна себеп болмок. Булардын баары аз келгенсип, америкалыктар басып киргени Афганистан эбегейсиз маңзат лабораториясына айланып калды. Дүйнөдөгү героиндин 90 пайызын ушул өлкө өндүрөт. Афгандыктар маңзат соодасынын басымдуу бөлүгү америкалык күч кызматкерлерине кетет деп болжошот. Башкача айтканда, триллиондогон инвестициялар жеке адамдардын чөнтөктөрүн толтуруп, алар кайра АКШга кирешелүү кайтышкан өңдүү.

Анда терроризмге каршы күрөшкө эмне болду? Себеби мунун баары ошол үчүн башталбады беле? Тескерисинче, Афганистан, Ирак, Ливияда террордук актылар байма-бай уюштурулуп, "баарына каршы баарынын" жарандык согушуна айланып кетти. Алар жар салган улуттук мамлекеттердин ордуна уруу-уруу, кландар жана бандиттик түзүмдөр ич ара согушкан аймактар пайда болду. Батыштык демократия эмес, накта орто кылымдагы кыйноо, өлүм жазасы, жапырт өлтүрүү, аялдар, балдар жана азчылыктарды шылдың менен басынтуулар күч алды. Террордук деп аталган уюмдардын лидерлери менен америкалык күч кызматкерлеринин чырмалышкан алакалары да жок эмес.

Адегенде "Талибандын"* жол башчыларын түрмөгө отургузуп, кийин кайра капыстан бошотуп салышты. Бүгүн дал ошол адамдар Кабулга кирип, афган өкмөтүн куроодо.

"Терроризмге каршы согуш" жүрүп отуруп, америкалыктар өлкөнү экиге бөлүп, өз санаалаштарын жергиликтүү партизандарга кайраштырууга алып келди. Алар тарабынан тандалган жергиликтүү "элита" сергектик менен процессти көзөмөлдөп турган. Ушундай кандуу башаламандыкта америкалык бизнес, күч кызматкерлери жана аскердик өндүрүш ондогон жылдар бою далай киреше көрүштү.

Аскердик заводдордогу карапайым америкалыктардын тынымсыз мээнети коргоо тармагынын өнүгүшүн, америкалык куралга дүйнөдө суроо-талапты камсыздап берген. Бейкүнөө адамдардын өмүрү ошол "жетишкендиктердин" куну болду.

Америкалык саясатчылар мунун баарын жакшы билишчү. 1996-жылы CBS телеканалынын алып баруучусу Мадлен Олбрайттан: "Иракта (америкалык санкциялардын айынан — ред. тактоосу), ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, жарым миллионго жакын бала набыт болгон. Бул Хиросимадагыдан да көп. Арзыйт беле ушуга?" — "Оор чечим, — деп жооп кайтарган Олбрайт. — Бирок, ооба, буга арзыйт".

Бир нече жыл мурун ирактык балдардын өмүрүн америкалык санкциялар эмес, америкалык ок алып кетип турган. Жакында эле америкалык бомба Кабулда автоунааны жардырды. Ага мина коюлган деп жоромолдонууда. Анда жыйырма чакты кабулдук, анын ичинде алты бала шейит кетти. Эң кенжеси эки гана жашта болгон.

Терроризмге каршы деп аталган согуштун жүрүшүндөгү америкалык аскерлер тарабынан жасалган кылмыштар тыкыр эл аралык изилдөөгө татыктуу. Кошмо Штаттар өз кезегинде Эл аралык кылмыш сотунун ишине катышуудан баш тарткан. Бирок дүйнө жүзүндөгү укук коргоочу жана коммерциялык эмес уюмдар америкалык оккупациянын үрөй учурган летописин (жылбаянын) жазууда. Бул – набыт болгондордун алдындагы биздин жалпы парз.

Бүгүнкү күндө демократиялаштыруучу америкалык томагавктардан куткарууга жалгыз Россиянын гана күчү жетет. Россиялык аскерлер Сириядагы "көзөмөлдөнгөн башаламандыкты" токтото алышты. Россиялык дипломаттар Украинадагы жарандык согуштун тутанышына жол беришкен жок. Россия Армения менен Азербайжандын ортосундагы кан төгүүнү токтотууга салым кошту. Америкалыктар кандуу башаламандыкты жаратса, Россия тынчтык менен коопсуздукту экспорттоого жан үрөйт.

Макаланы америкалык журналисттин макаласынан мисал келтирүү менен жыйынтыктайлы. "Афганистан, Ирак, Сирияда, мурда Вьетнам, Кубада маскара болгон америкалык империя мурдагыдай эле өзүнүн урап баратканын, алсыздыгын жана жапайы тартып баратканын көргүсү жок, — деп жазат белгилүү америкалык журналист Крис Хежес. — Көшөгө артындагылар өздөрү асылчу дарды өздөрү куруп жатканын аңдабастан, империяны каалагандай калчап, афгандыктардын өлүмүнө сүйүнүп, "арзый турган иш" деп өздөрүн ынандырышат".

* Кыргызстан жана бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм.

Тема боюнча

Байден Кабулдагы жардыруудан соң "Ислам мамлекетине" чабуул даярдоону буюрду
Россия АКШнын абийирин төкпөй согуштан сактап калууга даяр. Себеби
Үйгө куралчан тараган балдар. АКШнын Ирактагы жеңиши жана кемчилиги
Белгилер:
АКШ, согуш, "Талибан" кыймылы, Афганистан, террорчулук, жыйынтык

ЭҢ МААНИЛҮҮ