00:40 17 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7960
  • EUR99.8176
  • RUB1.1707
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
29510

30 жыл. Эгемендүүлүк туубуз желбирегенден бери ушунча убакыт өттү. Адамзат тарыхы үчүн бул, балким, бир көз ирмемдир. Бирок биз үчүн бүтүндөй бир доор.

Беш президент алмашты. Үч ыңкылап болду. Эки жолу тышкы террордук топтордун агрессиясына каршы турдук. Бир жолу башка өлкө менен толук масштабдуу согушуу коркунучуна кептелдик. Президенттик башкаруудан супер президенттик башкарууга, андан соң парламенттик системага өтүп, кайра супер президенттик тартипке кайттык. Бир дагы президент Конституциябызга тийбей кыйгап өткөн жок: өзгөртүп, толуктады.

Кыска мөөнөткө болсо да мамлекет башында аял турган; Батыш өлкөлөрү "демократия аралчасы" атаган; бир эле мезгилде эки державанын аскердик базасын аймагына жайгаштырган; орус тилине расмий статус берген; Олимпиадалык оюндарда бир дагы алтын медаль ала элек; эки президентин өлкөдөн кууп чыккан; мыйзамга ылайык бир гана мөөнөткө мамлекет башчысын шайлаган; эгемен замандагы алгачкы өкмөт башчысы белгисиз себептерден улам шейит кеткен; "кыргыз жараны" түшүнүгүн кийирип, жалпы жарандык аң-сезимди калыптандыруу аракетин жасаган; убагында "Ыйман" фондун түзүп, эки миңден ашуун имамдарды системалуу окутуп, аларга айлык берип турган Борбордук Азиядагы жападан жалгыз республика болдук.

Тышкы саясатыбыз, адегенде, көп вектордуу нукта жүрүп, кийинчерээк так приоритеттер аныкталды. КМШ, ШКУ, Түрк кеңеши сыяктуу интеграциялык институттардын казанында көбүрөөк кайнай баштадык. Керек-керек эмесин ылгабай ондогон эл аралык уюмдарга мүчө болуп, мүчөлүк акы төлөөгө жылына канча каражат коротобуз.

Карыз, кредит, грант, гуманитардык жардам алмай кадыресе көрүнүшкө айланды. Бирок аларды эффективдүү колдонуудан катуу аксадык. Натыйжада тышкы карызыбыз бир нече миллиард долларга жетти. Андан арылуу үчүн итке минген жакыр мамлекеттерге кайыр-садага берүүнү караган ХИПК программасына аз жерден кире жаздап токтодук.

Болору болду, өткөн өттү. Эми каталарды дыкат карап, тыянак чыгарып, ишти чапчаң илгерилетчү мезгил келди. Өзгөчө сабак алып, акылбалды оңдоого шашылчу бир нече тармактарга токтолоюн.

Айрым тыянактар

Тышкы миграция. Четке чыгып, иштеп, жашоо үчүн күрөшүп отуруп элибиз көп нерсени үйрөндү. Бара-бара бутка туруп, өлкөбүзгө миллиарддаган доллар кирешелерди алып келе баштады. Бирок алар жиберген каражаттын көбү той-топур, шаан-шөкөт сыяктуу пайдасыз максаттарга чыгаша болду. Ата-эне тарбиясын көрүп, мээримине канбаган балдарынын бүтүндөй бир мууну өсүп жетилди жана өсүп жатат. Бул өтө чоң социалдык көйгөй. Андан да өткөн көйгөй — мигранттардын четте төрөлүп, чоңойгон бала-бакырасы эне тилин билбей, улуттук маданиятынан кабарсыз калганы. Билгенге бул элди дүңүнөн жоготкон менен барабар. Сан жагынан аз биздей калк үчүн эң чоң өксүк. Мигранттар арасында улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча стратегиялык аракет аба-суудай керек.

Кен иштетүү. Кыргызстанда ар бир кен иштетүү маселесинин ырынан чыры көп. Алтын, күмүш тапканың менен аны казуунун экологиялык зыяны, кирешенин элге эмес эле бир ууч шылуундардын кулкунуна кетиши, чет элдик аферисттердин чөнтөгүнө түшүшү сыяктуу маселелер тынбай айтылып келет. Айткан менен отуз жыл аралыгында өз кен байлыгыбызды өзүбүз иштете турган тажрыйба, илим-билим топтой албадык. Азыр деле чет элдик инвесторлорсуз бул тармакты өзүбүз алып кете албайбыз, аттиң. Ошон үчүн кен казчу чет элдиктердин колунда аз-маз айлыкка майда-чүйдө иштерди кылган мекендештерибиз үчүн жумуш ордун түздүк деп корстон болбой, ал компаниялар берген зекет-садагадан биртке фонд түзүп, болор-болбос иштерибизди бүтүрүп жүргөнгө мардайбай, болгон кендерибизди өзүбүз казып, кирешесин жүз пайыз өзүбүз пайдаланчу деңгээлге умтулбасак болбойт. Кадрларды даярдап, инвесторлордун акылын уурдап, билимин сиңирип, бул ишти өз колубузга алууга убакыт эчак эле келген.

Билим берүү. ЖОЖдордун жана жеке менчик мектептердин саны боюнча, балким, биз КМШда эң алдыда турган өлкөбүз. Бирок билим-илимдин сапаты али да өтө төмөн бойдон. Буга билим берүү системасындагы тамырлашкан коррупция жана каргыдай тагылып, жаңырбаган эски система себеп. СССР убагындагыдай аң-сезим менен жашаган окумуштуулар чектеген стандарттар менен заманбап, керектүү билим жана көндүм алуу мүмкүн эмес.

Чет мамлекеттердеги эң мыкты окуу жайларда окуп келген жана окугандардын маалымат базасы түзүлбөгөн. Алардын илимий ачылыштары, табылгалары, эмгектерине кызыккан жан жок. Бат өнүккөн өлкөлөрдүн көбү ири алдыда ушул маселени иретке салышкан. Мыкты кадрларды билүү, тандоо, иргөө жана пайдалануу, алардын идеяларын ишке ашыруу системасы жолго коюлмайын алыс кетүү кыйын.

Адеп жана жарандык жоопкерчилик. Көчмөндөр оюну өткөн Кырчын жайлоосуна барып, жарыктандыруу жана суу менен камсыздоо инфратүзүмүнүн талкаланып, уурдалганына күбө болуп, кабыргам кайышты. Мындай көрүнүштөр ар кадам сайын кезигет, аттиң. Айтайын дегеним, курганды бүлүндүргөн кургур сапаттан дегеле арыла албай келебиз. Анан кантип өнүгөбүз? Бузганга, уурдаганга катышкандар көп, бирок кызматынан куулуп жооп берген – президенттер гана. Ар бир эл өз башчысына татыктуу деген белгилүү аксиома бар го...

Аң-сезим. СССР эбак ураганы менен аң-сезимдерде дале жашап келет. Советтик системада мамлекет бүт жоопкерчиликти өзүнө алып, адамга техникалык аткаруучунун ролун гана калтырган. Ал тургай сооданы, ишкердикти да өкмөт өзү кылчу. Ошондуктан өкмөт кылат, чоңдор жасайт деген ишеним калыптанган. Жеке демилгелерге чексиз мүмкүнчүлүктөр эбак ачылганына карабай дале президент, аким, министр кылыш керек деген алма быш, оозума түш аң-сезиминен арыла албай келебиз. Өлкөмө эмне бердим жана берем деген кенен ой-чабытка ээ азаматтар өтө эле аз.

Экономикалык дипломатия. Ишкердик менен алек болуп, бирдеме куруп, бирдеме өндүрүп жаткандар, Кудайга шүгүр, бизде да көбөйүп барат. А бирок алар өндүргөн продукцияны сатуу үчүн тышкы рынокту кеңейтүү ишине мамлекеттик институттар анчейин аралашпайт. Бул багытта да ишкерлер өз арыктарын өздөрү чабуу менен алек. Мамлекеттик дипломатия бул тармакта ырааттуу аракет кылбаса, экспорттук потенциал өспөйт.

Тышкы карыз. Тыштан алган кредиттер, демейде, күнүмдүк иштерди чампалаганга, жыртыкты бүтөгөнгө кетип, кумга сиңген суудай жок болгону менен өзүбүздүн эле эмес, укум-тукумдарыбыздын мойнуна улам пайызы арткан кабат-кабат карыз болуп жазылып келет. Ошондуктан эгер кредит алсак, аны өзүн актап, анан киреше табуучу, жумуш орундарын түзүүчү объектилерди курууга сарптоо жагын катаал көзөмөлдөө керек.

Мыйзам. Мамлекеттик институттардын кадыры качан мыйзам жана чечим аткарылбаганда төмөндөп кетет. Кыргызстанда ойлонуп-ойлонулбай кабыл алынган мыйзамдар толтура. Алардын көбү аткарылбай эле калат. Мисалы, ким таштанды ыргытса, коомдук жайда түкүрсө же сөгүнсө баланча айып пул төлөйт деген таризде мыйзамыбыз бар. Аны жарандарыбыз көрдүм деп көңүлүнө да албай, кандай түкүрсө, ыргытса, сөгүнсө, ошол бойдон эле бул жаман адаттарын улантып келишет. Мыйзамды мажбурлап аткартчу укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин көбү өздөрү мындай илдет сапаттардан кутула элек. Аты бар, бирок заты жок мындай мыйзамдардын барынан жогу. Эгер кабыл алынса, жаман болсо да мыйзамды аткаруу механизми сааттай иштеши зарыл.

Адабият. Ааламга Айтматовду берген кыргыз адабияты кароосуз калды. Жазуучулар Союзу көп бейөкмөттүк уюмдардын бири болгон коомдук бирикменин деңгээлине түштү. Мыкты чыгармаларды чет тилдерге которуп, кезектеги Айтматовду сүрөп чыгаруу аракети нөл. Чыгармачыл инсандардын көбү күнүмдүк тиричилик менен алпурушуп, калемдерин калтырып коюшту. Жылына баланча чыгарманы дүйнөлүк тилдерге которуп, баланча мыкты чыгарманы китеп кылып чыгарып, түкүнчө чыгаан жазуучуга мындай колдоо көрсөтүп, журнал, гезит, вебсайттарын популярдуу кылууга жан үрөйбүз деген кам-пикир болмоюн, руханий бийиктиктен кулап кетиш бат эле. MegaCom, "Газпром", Beeline сыяктуу бай компаниялар менен макулдашып, ушул багытты каржылап берүүгө ынандырып, кайрадан адабий державага айлануубуз керек.

Мындай ойлорду улап отурса дагы бир канчага созулар. Бирок иштин мыктысы — аздан болсо да күндө уланганы деген кеп бар. Азды аныктап, акырындап чечип, каталарыбызды калтырып, жаңы дем, жаңы ой, жалындуу аракеттер менен алга умтулуп, жарыштарда озууга жаналакет кылчу учур келди. Эгемендүүлүк — бул жоопкерчилик, биздин моюндагы аманат. Асыл ой, берекелүү аракет, ширелишкен ынтымак болмоюн, ал аманатты алып кетип, кийинкилерге мурас кылуу кыйын. Жаратканым бизге жардам берип, Кыргызстаныбыздын зоболосун зор кылсын, ылайым!

Тема боюнча

Жабыла көтөргөн жүк жеңил болот. Кыргыздын канындагы берешендик кайда кетти
Баланын шагы сынып, көңүлү түшпөсүн! Кыргыздын ат коюу маданияты
Белгилер:
Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү, Кыргызстан, адабият, маданият, тышкы карыз, экономика, саясат, президент

ЭҢ МААНИЛҮҮ