Талибдер түндүк провинцияларды ээлөөдө. Кабул менен Вашингтон кандай жооп берет?

© Sputnik / Саид Закерия / Медиабанкка өтүүАфганистандын аскер кызматкерлери. Архив
Афганистандын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Жазылуу
Афганистандын түндүк провинцияларынын беш административдик борборун талибдердин басып алышы чектешкен Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугуна коркунуч туудурат. Мындай абал качкындардын агымын арттырып, масштабдуу гуманитардык апаатты баштайт.

Үч күн ичинде, тагыраак, 8-10-август аралыгында "Талибан"* өлкөнүн түштүк-батышындагы Нимроз провинциясынын административдик борборун кошпогондо түндүк провинциялардын беш борборун: Кундуз, Сары-Пул, Жаузжан, Саманган, Балх шаарларын басып алышты. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко талибдердин жаңы тактикасына жана жалпы абалга токтолгон.

Талибдердин карамагына өткөн беш провинция картада бир эле так болуп турат, ошону менен бирге эле Жаузжан, Балх жана Кундуз Түркмөнстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешет. Аскердик-диний кыймыл быйылкы жайдын башынан бери провинциялардын көпчүлүгүндө өкмөттүк күчтөрдүн шайын оодарып келет, ошентсе да Афганистандын түндүгүндө ийгиликтери парадоксалдуу. Мында "Талибандын"* позициялары борбордук жана түштүк аймактарга караганда дайым чабал болуп келген. Талибдердин 1996-2001-жылдары бийликке биринчи келиши өлкөнүн бир бөлүгү "Түндүк коалициянын" аракети менен террорчуларга баш ийген эмес.

Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Шойгу ЖККУну талибдердин кирип келишине даяр турууга чакырды
Панжшер капчыгайында ошондо баарынан ажырап (ичерге суу, жегенге азык жетпей), бирок "Талибандын"* бийлигине баш ийгенден көрө кыйынчылыкка да кайыл жүз миңдеген качкындар болгон. Бүгүнкү күндө бекемделген борбор калаа – Кабул, ошондой эле коңшу өлкөлөрдүн аймагы гана качкындар үчүн салыштырмалуу коопсуз жер.

Өкмөттүк күчтөр менен экстремисттердин ортосундагы айыгышкыс күрөштөр 18 провинцияда, анын ичинде Бадахшан, Тахар, Кундуз, Жаузжан, Герат, Гильменд жана Кандагарда жүрүүдө. Жүздөгөн жай жарандар набыт болуп, 57 миңден ашуун үй-бүлө өз үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болушту.

Качкындар өкмөт жана Бириккен Улуттар Уюмунан жардам талап кылып, Кабулда нааразылыкка чыгууда. Афганистан Ислам Республикасынын Агартуу министрлигинин маалыматы боюнча, согуштук аракеттер активдешип жана бүт өлкөгө талибдер чабуул койгондон бери окуучулардын 42 пайызы билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Бул – келечектеги "Ислам эмирлигинин" учкундары гана.

Вашингтон тарабынан уюштурулган кезектеги гуманитардык апааттын белгилеринен опкоолжуган Пентагон колунан келишинче көмөктөшүүдө. Стратегиялык В-52 бомбалоочуларын жөнөткөн, алар талибдердин позицияларын жана аларга жанаша жайгашкан курулуштарды бийиктиктен бомбалоодо. Мындай тактика акыркы 20 жылда талибдерди өзгөртө албады. Ал эми АКШ жана НАТОнун күчтөрү чыгарылгандан кийин абадан урулган соккулар аргасыздык жана саясий алсыздык катары көрүнүүдө.

Айып кимде?

Вашингтондун афган багытында так бир планы жок. АКШнын аскердик-аба күчтөрү талибдерге көбүнесе Перси булуңундагы Аль-Удейд авиабазасынан сокку урууда. Ошол эле учурда Пентагон тездик менен кыйроого Кабулдагы "жетекчиликтин" өзү күнөөлүү экенин кыйытат. Айтымында, ал өз артыкчылыгын, атап айтканда, заманбап курал-жарак жана күч структураларынын артыкчылыгын эптүүлүк менен пайдалана алган жок.

Афганистандагы курал менен кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Америкалыктар менен талибдерге дубай салам. Россия менен Кытайдын машыгуусу
Жыйырма жыл аралыгында жергиликтүү реалдуулукту жана менталитетти элес албастан Афганистанда он миллиарддаган доллар инвестиция сарптоо менен НАТО стандарттарына ылайык аскердик түзүлүштү орното албаганын моюнга алуу америкалыктар үчүн оор болуп турат.

The Washington Times басылмасындагы жазылгандарды мисал келтирген америкалык Defense Priorities аналитикалык борборунун директору Бенжамин Фридмандын пикиринде, "мамлекеттик түзүлүш миссиясы ишке ашпай калды. Ал эми чабал мамлекеттик пайдубалда согушка жөндөмдүү куралдуу күчтөрүн түзүү дээрлик мүмкүн эмес".

Талибдер афган шаарларын компьютердик оюндагыдай бат, аз жоготуулар менен басып алууда. Каршылашынан тартып алынган зооттолгон техниканын, атайын багыттагы өз бөлүктөрүн ыгын таап пайдаланууда. Жакында эле Афганистандын Өзбекстан жана Түркмөнстан менен чек араларына жакын жердеги стратегиялык Шеберган провинциялык борбору кулады. Мурда катуу кайтарылып, "Талибандын"* негизги душмандарынын бири маршал Абдул-Рашид Дустумдун штабы орун алган жер болгон.

Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңеши Афганистан боюнча чукул жыйын өткөрдү, бирок талибдер аны байкамаксанга салышты. БУУнун афган миссиясынын башчысы Дебора Лайонс шаарларга кол салуу жай жарандар арасында эбегейсиз жоготууларга алып келиши мүмкүн экенин, өлкөнү үстөккө-босток каатчылык каптай турганын, Ислам эмирлигинин калыптанышы АКШ үчүн туура келбестигин эскертти.

Афганистандын Герат шаарындагы аскер кызматкерлер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2021
ЖМК: талибдер Афганистандын Герат шаарынын борбордук райондорун баса баштады
Вашингтон жана Лондон бир эле убакта кооптуу Афганистандан чыгып кетүүгө үндөдү. Пентагон кайра кайтышы ыктымал, бирок иш жүзүндө андайга акча да, убакыт да жок. Ак үйдөгү жогорку аткаминердин сөзүнө таянуу менен The New York Times басылмасы талибдердин согуштагы ийгилиги АКШ президенти Жо Байдендин Афганистандан америкалык аскерлерди чыгаруу боюнча пландарын өзгөрткөн жок. Ошентип Вашингтон өзүнүн азиялык жана европалык союздаштарын тагдырдын сыноосуна жана талибдердин колуна биротоло салып берүүдө.

Эмне кылуу зарыл?

АКШ жана НАТОнун узакка созулган согушунан соң "Талибанды"* чабуул коюудан жана жеңил жеңиштен баш тартууга көндүрүүгө тырышууда. Альянстын расмий өкүлү 10-августта: "Талибдер чабуулун токтотуп, тынчтык боюнча сүйлөшүүлөргө чынчылдык менен катышууга тийиш", - дейт.

Түндүк атлантикалык альянс террорчуларды куралдуу согушту токтотууга чакырууда, антпесе эл аралык коомчулук алардын бийлигин эч качан тааныбастыгын айтууда. Сейрек, анан да парадоксалдуу баеолук. Талибдер Кабулду экинчи жолу алышына деле көп алыс эмес. Ал эми кийин Афганистан аймагынан эл аралык терроризм батыш европалык багытта "күч көрсөтө" баштаары турулуу иш. Баңгизат трафиги да жоюлуп кетпеси анык. Россия, Кытай, Пакистан, АКШ жана "Талибандын"* өкүлдөрүнүн катышуусунда Афганистан боюнча Дохадагы сүйлөшүүлөр 10-августта башталды. Жыйынтыгын болжош кыйын, бирок Афганистандагы согуш уланары айдан ачык.

Кабулдун көчөлөсүндө адамдар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021
Тажикстанда афган качкындарына лагерь курула баштады
Азыркы Афганистан Ислам Республикасынын бийлик структураларына мыйзам орното ала турган, сүйлөшүүгө ачык "дурус талибдер" тууралуу жомокторду жоопкерчиликсиз, алысты көрө албаган же жеке кызыкчылыкты көздөгөндөр гана ойлоп чыгарууда.

"Жаман айтпай, жакшы жок" деп Россия, Өзбекстан, Тажикстан Афганистандын чек араларында бир топ күч, зооттолгон техника жана сокку уруучу авиацияны тартуу менен биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүштү.

Булардан сырткары, Москва Борбор Азия өлкөлөрүн курал менен камсыздоону арттырып, улуттук куралдуу күчтөрдү бекемдөөгө кызуу көмөктөшүүдө. Россия Тажикстандагы 201-аскердик базасын кыйла чыңдады. Арсеналында жаңы зооттолгон техника жана ыраактыгы узартылган огнеметтор пайда болду. Согушка даярдык бекем. Кадамдарын болжоп болгус талибдердин "Ислам эмирлиги" менен болжолдуу диалог үчүн бул – туура жол.

* – Кыргызстан жана бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0