Кабул кулачудай абалда турат... Эпкини Борбор Азияга тиеби?

© REUTERS / STRINGERКабулдун четинде чогулган куралдуу адамдар жана Афганистандын коопсуздук күчтөрү
Кабулдун четинде чогулган куралдуу адамдар жана Афганистандын коопсуздук күчтөрү  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2021
Жазылуу
Афганистандан чет өлкөлүк аскердик контингенттин толук чыгарылышына туура эки апта калганда өкмөттүк армия жана өлкөнүн коопсуздук күчтөрү жеңилип, бардык фронттордо чегинүүдө.
Талибдер Ислам республикасынын төрттөн үч бөлүгүн көзөмөлдөп, жеңиштин жакындыгын сезип турат. Ага жеткен соң алар стратегиялык милдетин – "Ислам эмирлигин" курууга киришет. Балким, алар бир өлкө менен гана чектелбей же бир мамлекеттин бийлигине алымсынбай калышы да толук ыктымал. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко аталган республикадагы кырдаалдын бүтүндөй чөлкөмгө тийгизчү таасирине токтолгон.
Афганистандын түндүгүндөгү чек ара аймагындагы кагылыштан кийин Шортепа уездинде 23-июнда 50дөн ашуун афган чек арачы жана жоокери куралдары менен Өзбекстандын аймагына чегинишкен. Ал жактан кармалып, кайра артка кайтарылды.
Өзбекстан Тышкы иштер министрлиги: "Өзбекстан аймагына мыйзамсыз өтүүгө кандай гана аракет болбосун катуу басылып, мамлекеттик чек араны бузгандарга карата эң катаал чаралар көрүлөт".
Бейтараптыктан тайбоого аракет кылган Өзбекстан Афганистан менен достук жана коңшулук алакаларды сактоого умтулат. Ташкент чектешкен өлкөдөгү аскердик-саясий кырдаалдын өнүгүшүнө тыкыр көз салат. Афган ислам республикасынын түндүк провинцияларындагы аскердик аракеттери курчуп кетсе, өзбек чек арачыларынын же ТИМ билдирүүлөрүнүн күчү менен токтотууга мүмкүн болбой калат. Коңшулук коркунуч алдында.
Радикальное движение Талибан  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2021
АКШ Кабулду Түркияга табыштады... Талибдер кандай кабылдайт?
22-июнда талибдер тажик чек арасынын маанилүү тилкесин – "Шерхан-Бандар" бажы жана соода өтмөгүн басып алышты. Ал аркылуу Түштүк жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен негизги товар айлантуу жүргүзүлөт.
Чек арачылар жана өкмөттүк күчтөр туш тарапка чачырап, 130дан ашуун аскер кызматкери тажик аймагына кире качкан. Гумандуулук жана коңшулук кылып аларга өз аймагында калууга уруксат беришкен.
Тажикстан менен чектешкен Кундуз жана Тахар провинцияларындагы сегиз район жана эки чек ара көзөмөл-өткөрүү жайы талибдерге өттү. Согушкерлер Бадахшан провинциясындагы Хаш районун да басып алышты.
Согуш жалыны чалмаган Афганистан менен чек арасы 1300 чакырымга созулган Тажикстан Борбор Азиядагы мамлекеттердин ичинен мында эң опурталдуу абалда.

"Ислам эмирлиги" горизонтто

Азырынча талибдер чек арадан ары өтүшө элек, бирок бийликтин баамында Тахор жана Бадахшандагы афган провинцияларындагы радикалдуу топтордун катарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары да "кызмат өтөп" келишет. 2017-2020-жылдары Өзбекстан коңшу республикадагы согушкерлердин катарында жүргөн жана атайын кызматтар тарабынан колго түшүрүлгөн 86 жаранын Афганистандан кайтарып алган. Талибдердин арасында дагы канчасы калганы белгисиз. Мындай фактылар Борбор Азия өлкөлөрүндө террордук кыймылдын таасирин айгинелеп турат. Май-июнь айларындагы чабуулдары менен талибдер мурдагы жерлерден тышкары Афганистандын дагы 50 районун басып алышкан.
Өткөн суткада эле согушкерлер Афган ислам республикасынын ар кай бурчундагы дагы сегиз район борборлорун көзөмөлгө алды. 20-июнда 11 уездди алып, Кабулду өлкөнүн түндүк провинциялары менен байланыштырып турган кан жолду (Баглан провинциясындагы) бууп салышты.
Саммит НАТО 2021 в Брюсселе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
НАТОнун антироссиялык жаңы "манифести" КМШ өлкөлөрүнө коркунуч туудурат
Түндүктөгү ири – Мазари-Шариф, Пули-Хумри, Кундуз калаалары да курчалып турат. Афган провинцияларынын көпчүлүгүнүн административдик борборлору бийлиги талибдерге өткөн райондордун арасында. Кабул кулаганы турат. Тахар, Баглан, Жаузжан, Сари-Пул, Фарьяб, Кундуз, Балх, Парван, Кандагар, Бадгис провинцияларында түзүлгөн элдик кошуун отряддары армияны жана кесипкөй полициянын ордун баса албайт. Өкмөттүк күчтөр күрөшсүз жеңилген учурлар да жок эмес (жергиликтүү саясатчылар жана уруу башчылары аларга багынып берүү жөнүндө келишим түзүүдө).
Ушул айдын ортосунда Сари-Пул провинциясында "макулдашуу боюнча" афган армиясынын карамагындагы "Хамви" үлгүсүндөгү 20 жол тандабасты, 50 армиялык жүк ташуучу унаа, 30 пикап, M-16 чабуулдук винтовканын 300 бирдиги жана бир нече тонна ок-дарыны ээлеп алышты.
Америкалык чалгындоо азыркы афган өкмөтү чет өлкөлүк күчтөр чыгарылгандан алты ай өтпөй, башкача айтканда, 2022-жылдын башында кулашы мүмкүн деген тыянак чыгарган. Бул дагы оптимисттик вариант. Андан да жан кейитерлик жоромолдор боюнча өкмөттүк күчтөрдүн жеңилишине үч эле ай жетет. Кырдаал дал ошол терс божомолдорду чын чыгарчудай нукта баратат. Афганистандагы согуштук аракеттердин интенсивдүүлүгү улам артууда.
Бийликтин талибдер тарабынан басып алынышы өлкөдө зомбулуктун күч алышына, отуз чакты атаандаштыктагы террордук топтордун, анын ичинде Ислам мамлекети жана Аль-Каиданын кыйла активдешүүсүнө алып келери шексиз. Бул уюмдар мамлекеттик чек араларды таптакыр тааныбайт. Ошондуктан согуштук аракеттердин Борбор Азияга "көчүшү" – мезгилдин гана маселеси.

Президенттер жана кыймылдагы күчтөр

Чектешкен өлкөлөр мүмкүн болгон бардык каражаттар менен эл аралык терроризмдин жайылышына каршы турууга камынууда. Өзбекстан өкмөтү "афган калкына бардык экономикалык жана гуманитардык жардамды" көрсөтүүгө ниеттенет. Анткен менен азыркы кырдаалда мылтыкты октолуу, күчтөрдү күрөшкө даяр кармаган оң.
Өзбекстанда 24-июнда Ташкент жана Түштүк-батыш өзгөчө округдарынын күч бөлүктөрүнүн, абадан коргонуу жана Аскердик-аба күчтөрүнүн күрөшкө даярдыгын текшерүү күтүүсүз башталды. Аскер кызматкерлери аракеттерди координациялоо жана талаа кармашына машыгууда. "Ангрен" жана "Термез" армиялык полигондорунда батальондук тактикалык окуулар уюштурулуп, шарттуу душман жайгашкан жерлерге авиациялык жана артиллериялык сокку урулууда.
ЖККУнун Бириккен штабынын маалыматына караганда, 25-июнда уюмга мүчө мамлекеттердин коргоо мекемелери жана өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин нөөмөт күзөттөрүнүн биргелешкен окуулар өттү. Борбор Азиянын ЖККУга мүчө өлкөлөрүнүн биринин мамлекеттик чек арасындагы окуя маалындагы аракеттерге машыгышты.
Талибан кыймылынын согушкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2021
Афганистан Борбор Азия өлкөлөрүнө "атайын багыттагы күчтөрдүн достугун" сунуштады
Каршы-Тоо кыркаларынын этектеринде 24-июнда Тажикстандагы 201-россиялык аскердик базасынын чалгындоо бөлүктөрүнүн окуусу өтүп, ага 300дөй аскер кызматкери жана 50 аскердик техника бирдиги тартылган. Машыгуунун уламышы боюнча абадан чалгындоо кызматы тоо серпантини боюнча бараткан автомобилдердеги куралчан бандиттик топтордун колоннасын байкайт. Шарттуу душмандын багытын тороо үчүн тоого армиялык авиациянын тик учактары менен чалгындоо топтору жеткирилет.
Гранатомет жана снайпердик винтовкаларды пайдалануу менен чалгындоочулар жол баштаган жана колонна аркасындагы машиналарды уруп, бандиттик топторду толук жок кылуу үчүн артиллерияны мээлөөгө координаттарды беришкен.
Тажикстан жана Өзбекстан президенттери Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиёев 23-июнда Афганистандагы кырдаалдан кеп салышты. Мындан сырткары, Рахмон чөлкөмдөгү аскердик-саясий кырдаалды Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен да талкуулады. Казакстан Тажикстан жана Кыргызстанга кайтарымсыз аскердик-техникалык көмөк көрсөтүүгө ниеткер. Атап айтканда, 5,45 миллиметрлик калибрдеги 3,2 млн бирдик, 23 миллиметрлик 20,7 миң даана патрон жана 10 миң бирдик 82 миллиметрлик миномёттук ок-дары берилет.
Афган маселеси боюнча сүйлөшүүлөр Душанбеде 22-июнда Кыргызстан, Россия Федерациясы, Казакстан жана Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчылары Марат Иманкулов, Николай Патрушев, Асет Исекешев жана Насрулло Махмудзоданын катышуусунда эки тараптуу форматта өткөн. Жамааттык коопсуздук келишим уюму жана Шанхай кызматташтыгы уюмунун (курамына Кыргызстан, Кытай, Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Индия, Пакистан кирет) алкагындагы өз ара аракеттешүү да уланууда.
Россиялык Крымдын жээгине жакын британиялык Defender эсминеци - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Россия британиялык эсминецтин чагымчыл аракетине кескин жооп кайтарды. Себеби
Кремлдегилер НАТО күчтөрү чыгарылып жатканда Афганистанда террордук топтордун активдешүүсү өзгөчө көңүл бурууну талап кылат деп эсептешет. Борбор Азиялык кесиптештери менен РФтин коргоо министри Сергей Шойгу да жолуккан. Россия Федерациясы жана Өзбекстандын коргоо мекемелери биргеликте 2021-2025-жылдары аскердик багыттагы стратегиялык өнөктөштүк программасын даярдашкан.
Душанбеде РФтин Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук аскердик округунун командачысы генерал-полковник Александр Лапин жана Тажик Республикасынын коргоо министри генерал-полковник Шерали Мирзо эки тараптуу аскердик кызматташууну жана 2021-жылкы аскердик даярдыктын биргелешкен иш-чаралар планын талкуулашты. Эске салсак, Россия 2014-жылдан тарта 7 миңден ашуун тажик аскердик адистерин даярдоого жардамдашып, быйыл алардын катарын дагы 140 танкист жана 70 миномёт мээлөөчүлөр толуктайт. Бул Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик даярдыгынын дагы жогорулашына өбөлгө болмокчу.
Чет өлкөлүк күчтөр чыгарылган соң Кошмо Штаттар Афганистанга өз элчилигин кайтаруу үчүн 650нүн тегерегиндеги америкалык аскер кызматкерин калтырууну көздөйт. Афган ислам республикасынын америкалык стандарттар боюнча түптөлгөн коопсуздугу Вашингтонду эми түйшөлтпөйт. АКШнын глобалдык түзөтүүлөрүнүн терс кесепеттерин эми афгандыктар жана анын чөлкөмдөгү коңшулары өздөрү жоюп, өз арбайын өздөрү согууга мажбур.
Жаңылыктар түрмөгү
0