Мээленген жаанын жебеси. Адамга берилген үч кымбат нерсе

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаачы кыз. Архив
Жаачы кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2021
Жазылуу
Колумнист Нуржигит Кадырбеков адамды бир нерсе кылдырууда өкүмзордук эмес, жакшы айтылган сөз, кызыктыруу натыйжасын берет деп эсептейт.
Дүйнөдө өтө көп сатылган бренд буюмдардын бир өзгөчөлүгү — рекламадан каражат аяшпайт экен. Дал эле ошол сыяктуу адамды кайсыл сыпатка жана амалга такай кызыктырсаң, ошого умтулуп, таасирленип өзгөрө баштайт. Таяк жана күч менен зордосоң айдагыңа көнүп, айтканыңды аткара бербейт. Аткарса да мойнунан байлаган иттей илең-салаң жасайт.

Сары темир

Бир дыйкан талаада топурак көөлөп жатып сары темирдин сыныгын таап алат. Кечинде жумушун бүтүрүп, үйүнө кайтып баратса алдынан чыккан айылдаш таанышы колундагы табылгасына назар салып:
— Бул эмне? – деп сурайт.
— Эгин эгүү үчүн үлүш жеримди  аңтарып жатып таап алдым. Салмактуу сары темир экен. Балдар ойношор. Болбосо тапшырганы топтоп жаткан темирге кошуп коём. Аз болсо да тыйын-тыпырга айланып калсын, — дейт дыйкан камырабай.
"Бере турчу" деп тигил темирди алат да, айлантып ары жак, бери жагын дыкат карайт. Колун өйдөгө сермей салмактап көрөт. Анан:
— Эй, жолуң болгур, бул сары темир эмес эле чылк алтын тура", — дейт көздөрү ойноктой сырдуу жылмая.
Муну уккан дыйкан тигинин колунан темирди жулуп алып, чапанын ача коюп, дароо койнуна бекитип, коштошууга жарабай диңкилдеген бойдон жолун улаптыр.
Дыйкан үчүн буга чейин кадыры жок бир сары темир ушинтип бир заматта баасы асмандаган кенчке айланып, уучтап бараткан колунан көтөрүлүп эми көкүрөк тушунан жылуу-жумшак жай тапты. Анын себеби — айылдашынын кызыктырган сөзү.
Бул окуядан алчу бир ибарат — адамды бир ишке салып, алда эмнени аткарткың келсе, мажбурлабай кызыктыр. Эгер айылдашы дыйканга темирдин алтын экенин айтпай туруп төш чөнтөгүңө сал дегенде, албетте, укмак эмес. Болгону темирдин баалуулугун, пайдалуулугун айтып кызыктырып койду эле, ай-буйга келбей койнуна катып, кымтыланып алды.

Кызыктырсаң кылат

Адамдарды жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарууда, адепке, үлгүлүү жүрүм-турумга тарбиялоодо да ушул мисал майнап берчүдөй. Соодагер буюмду сатыш үчүн кардарды мажбурлабайт. Жакшы жактарын көбүртүп-жабырта айтып, адамды кызыктырат.
Ситуация в Таиланде из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2020
Бизге позитив керек! Жашоону оң нукка бура турган 8 кадам
Маселен, уят сөз сүйлөгөнүн байкап калып, "сөгүнбө!" деп чыбык менен урганыңдан бала өзгөрбөйт. Болгону чыбык бар жерде жана сенин көзүңчө сөгүнбөй калат. Ушул экөө жок болсо оозунан ак ит кирип, кара ит чыга берет. Андан көрө тил деген өтө чоң аманат экенин, тилиң бузулса дилиң бузуларын, ыйманың кирдеп, намысың кор болорун, кадыр-даражаң түшөрүн акырындап кулагына куй. Бирөөнүн энесине асылып сөксөң муш жейсиң, жок эле дегенде өзүңө жараша акаарат угуп, ата-энеңе сөгүш жана наалат алып бересиң. Таттуу жана жагымдуу тил менен касты доско айлантып, капалууну кубантып, басынганды көтөрмөлөп, таарынышканды табыштырасың, көңүл кирин тазалайсың, кадыр топтойсуң деген акыл айт. Ошондо, балким, айтканыңды көңүлүнө сактаар.
Адам мажбуру жок жөнөкөй өкүмдү деле оңойлук менен кабылдабайт. Себеби ичтеги "мен" же адамдык эго буйрукту жактырбайт. Кыргызда бала-бакырасынан "жакшы оку!" деп талап кылбаган ата-эне болбосо керек. А бирок өлкөбүздүн мектептеринин жалпы билим берүү деңгээли дүйнө айдыңында өтө эле артта калган. Эмне үчүн? Анткени балага "оку!" деп өктөм өкүм беребиз, бирок окуунун, билимдин пайда-батасын айтпайбыз.

Бир өрнөк

Жергебизде "китепкөй өлкө" курабыз деген изги тилек менен китепке кызыктыруу иштери мындан 2,5 жыл мурда башталды эле. Азыр элибизде, өзгөчө жаштар арасында китепке кызыгуу күн санап күчөп барат. "Китеп той", "Китеп марафон", "Бир адамдан бир китеп" сыяктуу мурда-кийин анча-мынча акылга келе бербеген сонун жөрөлгөлөр башталып, жайылууда. Бир кезде минутасына баланча миң сөз окуйт имиш дегендерди китептен окуп, фильмдерден гана көрчүбүз. Азыр өз тааныштарымдын арасында бир мүнөттө 84 миңге чейин сөз окуган студенттер бар. Ушунун баары китеп окуунун пайдасы тууралуу кайра-кайра кайталап, жаагын жанган активисттердин аракетинин жемиши.

Жакшы жаран болсоң

Ар кандай мыйзам бузууларга, анын ичинде коррупцияга каршы күрөштө да жалаң күчкө таянбай, тууралыкка, тазалыкка кызыктыруу аракетине өзгөчө маани берилиши абзел. Байкаганыбыздай, айыпталгандарга катаал жаза чегерүү анчейин майнап бербей жатат. Камалуу же айып пул төлөө менен адамдардын көбү өзүнүн адашканын, туура эмес, зыяндуу кылык кылганын түшүнө бербейт, түшүнсө да мойнуна албайт экен. Ошондуктан мыйзамды сактабоонун, мамлекет чийген сызыктан чыгуунун зыянын, тескерисинче, туура, түз жүрүүнүн берекетин мектеп партасынан тартып балдардын жүрөгүнө сиңирүү талабы күч азыр. "Пайдалуу бол, жок дегенде зыян келтирбе!" деген идеологиянын алкагында мындай окуу-тарбия программасын атайын иштеп чыгып, ишке кийирүү аба менен суудай керек. Анткени тангенс, синус, синтаксис, Озон экраны сыяктуу темалардын жашоодо дайым эле пайдасы тие бербейт экен. Бирок мыйзамды сыйлаган, адептүү, жоопкерчиликтүү жаран болгонуң – зыяндан оолак, бейпил жашаганың. Кандайча дейсиңби?

Себеби мындай

Адамга эң кымбат үч нерсе берилген. Бири — жан жана убакыт. Жанды сактоо жана коргоо парз. Оорусаң дарыланасың. Бирөө кол салса коргоносуң. Өзүңдү өлтүрүүгө өтө катуу тыюу салынган.
Дагы бири — мал же байлык. Байлыкты муктаждардын, кор, зар болгондордун керегине садага кылсаң сооп. Бирок пайдасыз сарптап, ысырап кылуу арам. Ар бир сомуңду кайдан таап, кайда коротконуң боюнча катаал сурактан өтмөй ар адамдын башында бар делет.
Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2020
Кайдан келгениңди унутпасаң кайда баратканыңды унутпайсың. Моюндагы аманат
Бири — ызат, аброй, кадыр-барк. Өзүнүн да, өзгөнүн да ызатын көз карегиндей сактоо ар бир адамга милдет. Бирөөнүн жеке айыптарын жашырсаң, Жараткан сенин да айып-кемчилдиктериңди чоочун көздөрдөн пардалап коёт дейт. Тирүүлөр мындай турсун, маркумдун сөөгүн жууп жатып денесинен мүчүлүштүк байкасаң, ошону да тилиңди тишиң менен басып, эч кимге шарданалабашың керек экен.
Эгерде мамлекеттин эрежесин эрөөн-терөөн албай, мыйзамын бузуп, кылык же кылмыш жасасаң, ушул үч өтө кымбат аманатка тең кыянаттык кыласың. Маселен, пара алып мыйзам сакчыларынын колуна түшсөң камаласың. Демек, өмүрүң бошко кетип, убактың бөөдө коройт. Өзүң эле кайгыга камыкпастан, жакындарыңды күйүткө саласың. Ошентип канча адамдардын жанына зыян келет. Экинчиден, колуң менен кылганды мойнуң менен тартып, жегениңди кусасың, ири айып пул төлөйсүң. Кашыктап топтогон мал-мүлкүң чөмүчтөп чачылып, ысырап болот. Үчүнчүдөн, мындай окуя тек гана көмүскөдө калып, унутулбайт. Сөзсүз жарыяланат, эл-журтка жайылат. Өзгөчө кыбыр эткендин бардыгы социалдык тармактан заматта чыгып турган кымгуут заманда мындай кабар кайдан жерде калсын? Сөзгө каласың, душманга таба болосуң.
Ошентип бир мыйзам бузуу жанды, малды жана баркты бир заматта жабыркатып, орду толгус зыянга учуратат. Ошондуктан өзүңдү шылдыңга салбоо, акыр-аягы жооп берип калчу иштен оолак болуу — ушул үч кымбат нерсени асыроого тете милдет.

Үзгүлтүксүздүктүн жемиши

Адамзатты илим-билимге, ынтымакка, кайрымдуулукка, ыйманга кызыктыруу — ишенимди ийгилеп, ой-пикирди оңоонун, дегеле адам аң-сезимин өзгөртүүнүн өзгөчө жолу. Ушул жол үзгүлтүксүз уланышы керек. Мындай аракет көз ирмемге да тынбашы керек. "Туруктуулуктун же үзгүлтүксүздүктүн жемиши" (Эффект постоянства) деген түшүнүктүн акыйкатын ошондо көрөбүз. Бул ишти аркалоодо коопсуздук органдардын оперативдүү кызматкерлеринен же мекен четинде күзөттө турган жоокерлерден өрнөк алсак болот. Алар түштөнүүгө эми отурганда кызмат боюнча чукул чакыруу болуп калса же айгай жаңырса, азыр тамак жеп алайын дебейт. Ичкен ашын таштап, дароо жөнөйт. Ошол сыяктуу чыныгы адамдык миссиябызды аткарууда ар бирибиз кере тартылган жаанын жибине кадалган жебедей бутага багыт алууга даяр бололу.
Жаңылыктар түрмөгү
0