07:44 02 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7585
  • EUR100.8923
  • RUB1.1589
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
73 0 0

Женевада эки державанын – РФ жана АКШнын президенттери жолугарына саналуу сааттар калды. Владимир Путин бул жолу Кошмо Штаттардын бешинчи президенти менен кезигет.

Жыйырма жылдан ашуун убакыт аралыгында Россиянын лидери америкалык президенттер менен он чакты ирет (көбүнесе кенже Жорж Буш менен) көрүшкөн, бирок эки мамлекеттин мамилеси АКШ бийлиги улам алмашкан сайын начарлагандан начарлай берген. Женева саммитинен кийин алаканын жакшырышына үмүт жанабы? Ушул соболдун айланасында Петр Акопов ой толгогон. Макала РИА Новости сайтына жарыяланган.

2013-жылдан (Сноудендин качышы жана америкалыктардын Сирия боюнча соккудан баш тартышынан) кийин Батышта Путин "демократиянын негизги коркунучу" катары көрсөтүлүп, Украина жана Скрипалдар, кибер чабуулдар жана Навальный болгону ошол образга жаңыча түс берген. Трамптын "орустар менен байланышы" жана "америкалык шайлоого кийлигишүү" деген ойдон чыгарылган окуя америкалык истеблишменттин акылга сыйбас аракеттерин даана чагылдырып турат. Мындай шарттарда өлкө башчыларынын жолугушуусу эмне берет?

Диалог үчүн диалогбу? Эки өлкөнүн мамилеси кансыз согуштун аягындагыдай абалга кептелип баратканда бул да аз нерсе эмес. Кадимки баарлашуунун, башкача айтканда аңгемелешүү, сүйлөшүүлөр чындап эле таңсык. Мындайда диалогдун жанданышын кубаттоо гана абзел. Ооба, абдан оор жана натыйжасы азыраак диалог болору анык. Бирок жоктон көрө жогору эмеспи.

Женева саммитине эч кандай үмүт артылбаганын Кремль да, Ак үй да кайталап келген. Акыркы жылдары ички саясий күрөш үчүн Кошмо Штаттарда Россия менен Путиндин тегерегинде эмнелер гана ойдон чыгарылбады? Эми Байдендин администрациясы женевалык саммиттин жыйынтыктарын өз ийгилиги катары даңазалоо пайдалуу. Анткени сүйлөшүүлөрдүн мазмуну жана жыйынтыктары баары бир купуя сакталгандыктан, америкалык администрация аларды өлкө ичинде каалагандай өңүттө жарыялай алары бышык.

Саммиттен эмнелерди күтүп болбойт?

Эки өлкөнүн мамилелери принципиалдуу өзгөрөрүнө үмүт жок, анткени улам тереңдеп бараткан геосаясий карама-каршылык, АКШдагы ички саясий каатчылыктан да улам мамиленин жакшыраары дегеле байкалбайт. Азыр да жок, Женева саммитинен соң деле пайда болору арсар.

Аталган ири иш-чаранын жападан жалгыз жагымдуу жыйынтыгы аталган эки мамлекет элчилеринин кайтышы жана дипломатиялык миссияларынын айрым чектөөлөрүнүн жоюлушу гана болушу ыктымал. Россия жана Кытайга каршы "демократиялардын бирдиктүү фронтун" түзүүгө далбас уруу менен Америка айрыкча Москва — Вашингтон — Пекин үчтүгү жаатында өзүнө өзү залал келтирүүдө. Украина үчүн күрөштө компромисс түшкө да кирбейт. Глобалисттик маанайдагы америкалык элита акырына дейре Украинаны Россияны кысмакка алуу үчүн пайдаланат. Украинаны чындап атлантизациялаштыруу мүмкүн эместигин түшүнүп турса да Вашингтон беттегенин бергиси жок, ал эми бул жагдай америкалык оюндун опурталдуулугун арттырат. Кайсы бир маалда бул украиналык мамлекеттүүлүктүн жоюлушуна алып келиши мүмкүн экени америкалыктарды түйшөлтпөйт. Биринчиден, алар андайга анчалык ынанбайт, экинчиден, Россияга каршы украиналык картаны ойноодон алган тактикалык пайдага маарып, стратегиялык жоготууларды байкаган жок.

Женевада эң башкысы – ишеним болбойт, ал эми ансыз эч кандай макулдашуунун болушу мүмкүн эмес. Анан калса ишенимсиздик эки тарапта тең күчтүү. Бир катар маселелер боюнча карама-каршылыктар бар. Ишеним, иллюзия жана үмүтсүз мамиле түзүү мүмкүн эмеспи? Эмнеге болбосун, дал ушундай шарттарда жаңы дүйнө жаралат. Путиндин артыкчылыгы көрүнүп калган келечекке стратегиялык басым жасап, ал эми Байден күнү бүтүп бараткан дүйнө түзүмүн узартуу далалатында болгонунда.

Тема боюнча

Кыйынды кыртышы сүйбөгөн саясат
Белгилер:
Женева, саммит, АКШ, Россия, Владимир Путин, Жо Байден, жолугушуу, саясат

ЭҢ МААНИЛҮҮ