08:42 24 Кулжа 2021
Түз эфир
  • USD84.6481
  • EUR101.0106
  • RUB1.1649
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
341 0 0

Колумнист Нуржигит Кадырбеков кылымдардын катаал сыноолорунан эсен-соо өтүп, эл болуп, дөөлөт күтүп сакталганыбыздын бир чоң сыры өзгөгө да өздөй күйгөн, бейтаанышка чын ыклас менен дасторкон жайган айкөл пейилибизде деп эсептейт.

Көзү карагаттай, татынакай кичине кыздын "Абдан жашагым келет" деп жазылган сүрөттөрү көчө бойлорундагы көрнөктөргө илинип, социалдык тармактардан таркай баштагандан бери бир канча убакыт өттү. Аруузат аттуу наристенин оор илдетин дарылоо үчүн 120 миллион сомдой акча керек болуп, ата-энеси эл-журттан аргасыз жардам сурап ушундай кайрымдуулук марафону башталган.

Жалооруган каректер

Бейкүнөө бөбөктүн эбедейди эзген ажары дале ары-бери өткөндөрдөн колдоо, кайрым күтүп жол боюнда томсорот. Эл-журтка таанымал жылдыздар Instagram, Telegram, Facebook, Twitter, YouTube баракчалары аркылуу бөлүшүп, тынбай жарнамалашып, үкөк көтөргөн, окшош форма кийген ыктыярчылар ири калааларда көчөмө-көчө кыдырып, базар аралап, автоунаалардын айдоочуларын жалооруй карап, мечиттердин алдында кайрым сурап турушат. Айтор, бир периштедей аруу зат жашап кетсе деп жан алакетке түшкөн өзүнчө чоң кыймыл пайда болду. Ошого себеп болгон асыл адамдардын өмүрүнө береке.

Бирок керектүү өлчөмдөгү акча дале топтоло элек. Жакын арада жыйналар-жыйналбасы да белгисиз. 120 миллион сом оңой каражат эмес дээрсиз. Ооба, туура! Деген менен алты жарым миллион кыргызстандыктын жарымына жакыны кырк сомдон чыгарса жыйналчу сумма экен. "Жабыла көтөргөн жүк жеңил болот" дейт элибизде. Ушундан улам айттырбай келген бейтааныш кудайы конокко акыркы коюн союп, соңку нанын алдына койгон калкыбыздын канында бар берешендик, жоомарттык деген касиет кайда кайып болду деп капаланбай койбойт экенсиң.

Башаламан базар шартына шылтайсыңбы, же кымбатчылык кысмакка алып, жетишпестик желкеңден баскан экономикалык каатчылыкты айыптайсыңбы, кандай болгон күндө да кайрымдуулук касиетинин азайышы санаага салчу көрүнүш. Кайрымдуулук аркылуу Жараткандын каарын өчүрүп, башка келчү балакетти тосуп, дартыңа шыпаа табасың дешкен бабалар. Демек, далай элди мүдүрүлтүп, далай калкты катардан чыгарган кылымдардын катаал сыноолорунан эсен-соо өтүп, эл болуп, дөөлөт күтүп сакталганыбыздын бир чоң сыры өзгөгө да өздөй күйгөн, бейтаанышка чын ыклас менен дасторкон жайган айкөл пейилибизде деп боолгосо болот. Ошон үчүн жолуңдун ачылышына, кадыр-баркыңдын көкөлөшүнө, ынтымактын бекемделишине себеп болгон ушул сыпаттан бизди айрыбаса экен деп тилейли. Жалаң тилек айтуу менен максатка жете албасың бышык. Эң маанилүүсү - аны аткарууга багытталган аракет.

Күчтөн акыл артык

Адамды бирдеме кылдыруу же кандайдыр бир адатка көндүрүү үчүн же күч менен мажбурлайсың, же сөз менен ынандырасың, же өрнөк аркылуу кызыктырасың. Күчкө таянган иш күчүң бүткөнчө уланат экен. Таяк менен мажбурлап кылганың таягың жокто токтойт экен. Ошон үчүн жакшылыкка чакырууда адамды ынандырып жана кызыктыруудан өтөрү жок. Мындай жол менен жетишкен ийгиликтин арты кайырлуу, түбөлүгү түз болор. Дегеним, жоомарттыктын пайдасын айтып, кызыктыруу менен элибиздин эзелтен туу туткан айкөлдүк, күйүмдүүлүк жана жоомарттык сыяктуу касиеттүү пейилин кайра калыбына келтирүүгө жан үрөбөсөк болбойт. Анын өтө орчундуу себептери бар.

Батага — башат, бакытка — жол

Берешендик бул батага башат. Анткени ал аркылуу муктаждын ажатын ачасың, муңдуунун көңүлүң көтөрөсүң, ыйлуунун көз жашын токтотуп, көпчүлүктүн көйгөйүн жеңилдетесиң. "Бата менен эл, жамгыр менен жер көгөрөт" дегендей, акыбетинде, ырыскыңдын эшиктери эселеп көбөйүп, берекеси артат. Жүрөгүңдө кубаныч уялап, бакытыңдын гүлзар багы түрдөнөт. Акылман кыргыз мунун баарын "Алгандын колу, бергендин жүрөгү толот", "Колу ачыктын жолу ачык" деп кыска-нуска түшүндүргөн.

Жоомарттык жана кайрымдуулук — адамды адам кылган асыл касиеттер. Бээ өз кулунуна, уй өз торпогуна үйрүлүп түшүп, камкор. Бирок жетим калган башка кулун жана торпок менен ныпым иши жок. Алар ошон үчүн айбан. Ал эми чыныгы адамдык өздүн эле эмес өзгөнүн камын көргөн жерден башталат. Жетимге желек, жесирге жөлөк бол, кошунаң ачка отуруп, өзүң ток болгонуң уят иш, коногуңду сыйла, кедейдин, мусапырдын курсагын тойгуз деген сыяктуу нарктуу насааттар, көрсө, накта адам болууга чакырат тура.

Байлардын берешендиги болбосо кедейлер, кедейлердин ак батасы болбосо байлар жок болуп кетмек дейт аалымдар. Ошон үчүн бергениңди бирөө алса, сен ага эмес, ал сага жакшылык кылды деп бил. Болбосо кантип бата алмаксың? Кантип барк күтүп, кантип дос, тилектеш көбөйтмөксүң? Жардылар сомго канчалык муктаж болсо, байлар соопко андан да көбүрөөк муктаж. Кедейдин карды ток болсо, байдын малы түгөл, башы саламат болот. Байлары кайрымсыз элди кандай тагдыр күтөрүн кедейлерди топтоп алып кандуу көтөрүлүш чыгарган римдик Спартак, англиялык Уолт Тейлор, орусиялык Емельян Пугачев сыяктуулардын таржымал-тагдыры так баяндайт.

Колу ачык адам үчүн Жараткандын казынасы да ачык болот экен. Ким сараңдык кылып, дүнүйөсүн сооп ишке сарптабай топтой берсе, Жараткан да ага берчүсүн бербей топтой берет дешкен бабалар. Анан да кумурска же келемишке окшоп жылдап-жылдап топтогонуң ууру, каракчы, оору, кырсык, сот, чагылган, зилзала себеп болуп заматта жоголушу мүмкүн. Болбосо бардын баркын билбеген тарбиясы тайыз мураскорлор мыскалдап чогултулган байлыкты чөмүчтөп чачып, бат эле түгөтөрүн жашоодо көрүп эле жүрөбүз. Ошон үчүн мураскорлор талашып, тапканыңдын тарпын чыгарганча өз колуң менен берчүлөргө берип, таркатып кал. Чынында ичкен-жегениң, кийгениң жана кайрымдуулук кылган байлыгың гана сеники болбосо, калганы артыңда калчу мураскорлордуку тура. Эгер мураскор болбосо, таптакыр эле бөлөк-бөтөндүкү экен.

Бергенден кедей, жыйгандан бай болбойсуң. Балким, чындык ушунун тескерисидир. Чының кайра чайга толуш үчүн адегенде аны бошот же бөксөрт. Толуп турган чыныга эч ким чай куйбайт. Ошол сыяктуу жардам керектерге акча сарптап бошогон чөнтөк менен кол, буюрса, кайрадан толот. Жыя берсең, аны сактайм деп, анан көбөйтөм деп, же жок эле дегенде азайтпайм деп ар дайым азапта жүрөсүң, санаада эзилесиң. Ошон үчүн аманатты ээсине бериш керек экен. Байдын байлыгында кедейдин да акысы бар эмеспи.

Бирөөнүн муктаждыгын чечсең, ошондой муктаждык өз башыңа эч качан келбейт. Бирөөнүн дарылануусуна көмөктөшсөң, ал туш болгон оорудан оолак болосуң деген ишеним бар.

Иши кылып, күйүмдүү жан жана кайрымдуу эл бололу. Ааламдан алганыбыздан бергенибиз көбүрөөк болсун. Аруузат сыяктуулар арабызда миңдеп саналат. Адамдан бирдеме сураш кандай оор? Ага карабай, кайра-кайра жардам сурап кайрылып жатса, демек, ошого олуттуу себеп бар. Мындай учурда көрнөктөргө тек гана жарнама көргөндөй кызыга карек кадап өтпөстөн, маани-маңызын тактап, аз да болсо салым кошконго үйрөнөлү. Айтор, кол менен көздөн өрнөк алалы: көз ыйласа кол аарчыйт, кол ооруса көздөн жаш чыгат.

Бирок жардамды кимге беришти да тактап алган дурус. Адамдык мээримди киреше тапчу булак катары пайдаланып, кайыр сурап, бекер оокат табууну кесип кылгандар да аз эмес дешет. Ошон үчүн алты саны аман туруп таңдан-кечке алакан жайып отургандарга караганда кыбырап иштеп жаткандарга, мисалы, болор-болбос тыйын-тыпырга таң атпай көчө шыпырган ата-апаларга, аз айлыкка сабак берген мыкты мугалимдерге колдоо көрсөтөлү.

Баса, берешендик жалаң эле акча, алтын-күмүш менен болбойт. Кээде адам тек гана жакшы сөз, туура кеңеш, жылуу мамиле, жылмайган жылдыздуу жүз же бир ишке кол кабыш издейт. Күчү бары күчү, билими бары билими, байлыгы бары байлыгы менен берешендик кылган касиет жайылсын калкыбызда. Алуучу эмес берүүчү колдордон бололу.

Тема боюнча

Таш ыргыткандар аш алып кетсин. Алмадан алган сабагым
"Барымтадагы" балалык кыял, бактысыз коом. Адам кесипти тандайбы же кесип адамдыбы
Белгилер:
ден соолук, акча, кайрымдуулук, байлык, Нуржигит Кадырбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ