08:11 24 Кулжа 2021
Түз эфир
  • USD84.6481
  • EUR101.0106
  • RUB1.1649
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
184 0 0

Батыштын "ителгилери" тынчсызданып турат. АКШ менен Россия президенттеринин кандай гана жолугушуусу болбосун, чагымчылык жана аны үзгүлтүккө учуратуучу аракеттер менен коштолуп келери салтка айланып калгандай.

2018-жылы Дональд Трамп менен Владимир Путиндин Хельсинки саммитинде болчу жолугушуусунун алдында россиялык Мария Бутинанын АКШда камакка алынышын эске салалы. Же болбосо Украинанын Керчь куймасындагы чагымчылыгы деле унутула элек. Дал ушул аракет Буэнос-Айресто өтүп жаткан G20 саммитинин алкагында болчу эки президенттин жолугушуусун үзүлтүккө учуратууга себеп болгон. Азыр деле Женевадагы Путин — Байден жолугушуусунун алдында чагымчылык күчөп, таптакыр болбой калды дегенде сүйлөшүүлөрдү татаалдаштырууга аракеттер жүрүүдө. Жолугушуунун алдындагы кырдаалга РИА Новости баам салган.

Путин менен Байдендин сүйлөшүүсүнө тоскоолдук жаратууга америкалык республикачылар көбүрөөк жан алакетке түшүүдө. Муну менен алар төрт жыл бою "Россияга ыктап турат" деп Трампты күнөөлөп келген демократтардан өч алмакчы. Кезинде демократиялык пресса "Путиндин марионеткасы" деп атаган сенатор Тед Круз эми Байден "Американын душманы Россияга жагалданып, Путиндин төшөгүнө" кирип жатканын айтууда.

Алдыда боло турчу саммитке тынчсызданып, аны үзгүлтүккө учуратууга кызыкдар дагы бир тарап бар. Бул — Россия боюнча кырса түгөнгүс эксперттер же кремленогдор. Булар ушул сыяктуу жолугушуулардан аябай кооптонуп, мамилени "кайра жандантуу" дегенден жүрөгү түшүп турат. АКШ менен Россиянын алакасы оңолуп кетет дегенге азыр эч ким ишенбесе да батыштык кремленологдор ортодогу мамиленин кандайдыр бир жакшырышын кыйыткан нерсени каалабайт.

Күтүлүп жаткан жолугушууну татаалдаштырчу маалыматты болушунча таратканы аз келгенсип, Трамтын тышкы саясаты Байдендикине караганда алда канча акылга сыярлык болчу дей башташты. Буга The Times басылмасына чыккан британиялык калемгер Эдвард Лукастын макаласы күбө. Бул киши көп жыл бою батыш ЖМКларында Россияга каршы "жүрүштү" жетектеп келген эле. "Байдендин командасы Обаманын катасын кайталап жатат" деп, Лукас Батыштын либералдык прессасы үчүн ойго келбес деп эсептелген билдирүү жасады: "Тескерисинче, тышкы саясатты ыраатсыз жүргүзгөн Трамп негизсиз күнөөлөнүп келген сыяктуу. Кытайга карата туура багытта ойлончу экен... Ал Германияны коргонууга көргөн ыксыз чараларын туура эле сындаптыр. Ал Европада АКШ аскерин көбөйткөн". Дал ушул Лукас кечээ жакында эле "Трамп Россиянын Батышка каршы күрөшүндө Путин менен союздаш болуп алды" деп жазып келген.  Штаттагы сынчынын Женевада болчу жолугушуудан Трамптын дүйнөлүк тарыхтагы орду тууралуу оюн өзгөртүп жибергиче коркуп жатканы айгине.

Кремлге каршы болуп келгендердин бири, АКШнын Россиядагы мурунку элчиси Майкл Макфол да кесиптешинин мамилелердин жакшырып кетишине байланыштуу кооптонуусуна кошулат. Албетте, британиялык калемгерден айырмаланып Трампты мактап-жактай албайт, ошентсе да The Washington Post үчүн жазган макаласында ачык эле конфронтацияга үндөп келет: "Байден "Россия менен алаканы жакшыртууну" максат кылбашы керек. Мунун ордуна Байден командасы менен коопсуздук, экономика, баалуулуктар жаатындагы максаттарды так аныктап алышы зарыл".

Ал эми MSNBC телеканалына курган маегинде оюн мындан да ачык айткан: "Байден Путин менен туруктуу мамиле тууралуу сөзүн токтотот деп ишенип турам. Андай болбойт". Отставкадагы дипломат Женевада Байден Москва менен жакындашууга кадам таштабай, "катаал месседждер" менен чектелерине үмүт артып турат.

Өздөрүн "Россия боюнча эксперт" атаган аналитиктердин жазганын карап отурсаң баарынын ою ушундай. Франциялык кремленолог, британиялык Чатем-хаус борборунун чуулуу докладынын авторлошу, Россияны түбөлүккө изоляцияда калтырууга чакырып келген Мэтью Булег Женева саммитинин жыйынтыгына божомол айтып жатып: "Чынын айтканда, Москва менен мамиленин оңолбой турганы жакшы" деп жазат.

Ал дагы буга чейинки "кайра жүктөөлөрдү" кыжырдануу менен эстеп, батыш саясатчыларынын Москва менен эпке келүү аракети "акылынын жоктугун" далилдээрин, ошондой эле "өткөндөн сабак алууга жөндөмү жок" экенин тастыктады дейт. Булег Чатем-хаус докладындагы айтылгандан кайтпай орустар менен дайымкы конфронтацияга үндөөдө. Ошол эле учурда өзүнө өзү кайра каршы чыгып жатканын да байкабагандай. Булег ушу тапта "алсыз" деп атаган Россия (Кытай эмес) кайра эле АКШнын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыты бойдон калышы керек деп жатат. "Алсыз" болуп турган атаандаштан коркуп эмне азап?

Бул ой толгоолорунун баарын Булег антироссиялык макалалардын генераторуна айланган Европа саясатынын анализи борборунун (Center for European Policy Analysis же CEPA) сайтына жарыялоодо. Дал ушул борбордун эксперттери "Россияны атайылап кыйратууга" чакырып келишкен. Жогоруда аталган Эдвард Лукас дагы өзүн ушул мекемеге тиешелүү кылып көрсөтүп жүрөт. Бул ресурста АКШнын Украина боюнча атайын өкүлү, Донбасстагы абалдын чыңалышына салым кошкон Курт Волкердин да материалдары жарыяланат. Женева саммитинин жыйынтыгын боолголоп жатып америкалык эксперт да Байдендин командасын Россия менен жакындашуудан саксактап жатат. Волкер андан көрө Россияга катаал санкция киргизүүнү туура деп эсептеп, ушунун өзүн "күч көрсөтүү" деп эсептейт. Анда жолугушуу өткөрүүнүн эмне зарылдыгы бар деген суроо жаралат. Ансыз деле АКШ саммити жок эле толгон-токой санкция киргизип салган эмес беле.

Бирок кесипкөй кремленологдордун логикасы абалдан чыгууга эмес, аны курчутууга келип такалат экен. 90-жылдары СССР кулагандан кийин батыш советологдордун ишсиз калганы азыр деле айрымдарынын эсинде. Аналитикалык борборлор, Советтер Союзунда пропагандалоо иштери менен алектенген жайлар жабылып калган эле. Бул эксперттердин калган-катканына Обаманын убагындагы "кайра жүктөө" сокку жасап биротоло жок кылган. Көбү унутулуп кетти, алардын ишмердүүлүгүнө талап жоголду. Мына ушул себептен да ал учурду жек көрүп эстешет.

2014-жылдагы окуялар ЖМКда жана эксперттик чөйрөдө антироссиялык маанайды жараткан калемгерлерге талапты күчөттү. Кремленологдордун кайра жаралуу доору башталып, чоң акча таап жатышты. Албетте, мындай долбоорго тартылган адамдар алган акчасын актоо үчүн деле ымаланы суутууга болгон аракетин жумшайт эмеспи.

Бирок "Россия боюнча эксперттерге" суроо-талаптын күчөшү Россияга, жалпы эле Советтер Союзуна да тиешеси, түшүнүгү, тажрыйбасы жок адамдардын агымын шарттады. Крым Одессада жайгашкан деп Украинаны Крым көпүрөсүнө сокку урууга чакырган кремленологдордун пайда болушу да ушундан.

Баса, акыркы "эксперт" (америкалык колумнист Том Роган) "Байден россиялык президенттин курьерине айланып кетти" дегенге чейин барды. Дагы бир америкалык журналист, Эдвард Сноудендин материалдарын чыгарып атагы чыккан Гленн Гринвальд либералдык пресса кезинде Трамп тууралуу ырдаган эски ырын созуп кирди: "Байденге карата Путиндин финансылык, саясий же жекече эмне кылтагы бар? Жообун билбейм, бирок адаттан тыш нерсе болуп жатат".  Жаңы батыш "аналитикасынын" деңгээл-дарамети ушул.

Жакын арада мындай макалалардын далайына күбө болобуз. Азырынча "Рашагейт" боюнча Байденге жасалган басымды Трамптын айласын кетирген ызы-чуу менен салыштырып болбойт. Бирок эки өлкөнүн ортосундагы мамиле кичине эле жакшырып кете турган болсо, мындай басым күчөп кетери турулуу. Кремленология ушу тапта өзүн-өзү эксперт, журналист деп атагандар үчүн өтө эле кирешелүү тармак болуп калды. Булар алаканын жаңы нукка түшүшүн эч качан каалабайт.

Тема боюнча

ЖМК: АКШ "биринчи арктикалык согушка" даярдык көрө баштаганын жар салды
Белгилер:
саммит, чагымчыл, Чабуул, эксперт, журналист, Дональд Трамп, Жо Байден, кремль, АКШ, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ