"Түндүк агым — 2" долбооруна соңку күрөш жарыяланды

© Sputnik / Дмитрий Лельчук / Медиабанкка өтүү"Түндүк агым — 2" газ куурусу. Архив
Түндүк агым — 2  газ куурусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Жазылуу
Бир апта оболу Россияда үч бейөкмөт немец уюмунун ишмердиги керексиз деп табылганы Берлинди кыжырдантты.
Мисалга ТИМ башчысы Хайко Масс да: "Биздин өлкөлөр жана жарандар ортосундагы өз ара түшүнүүнү бекемдөө үчүн аракет жумшаган уюмдардын ишине тыюу салынышы Россия менен алаканы жакшыртуу аракеттерибизге олуттуу сокку урат. Ушундан улам жарандык коом жаатындагы үч немец уюмунун ишмердигине тыюу салуу боюнча Россиянын Башкы прокуратурасынын чечими таң каларлык жана кабыл алынгыс"? – деп тынчсызданган.
Мындай кадамга жооп болушунча бачым келди. Эки күн өтпөй ошол уюмдардын биринин – Либералдык заманбап борборунун сайтында анын түптөөчүсү жана жетекчиси Ральф Фюкстун комментарийи жарыяланган. Ал сексен саясатчы жана эксперттин Ангела Меркелге ачык кайрылуусун колдогон. Дал ошол кайрылуу тегерегинде ой толгогон Петр Акоповдун макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Мазмунуна караганда, кайрылуу Россияда уюмга тыюу салууга чейин эле даярдалганы, дегеле ага эч кандай байланышы жоктой. Бирок Германияда күч алып бара жаткан шайлоо кампаниясына түздөн-түз тиешеси бар экени ачык байкалып турат. Баам салсак, негизинен кызуу таймаш меркелдик ХДС менен "жашылдардын" ортосунда жүрүүдө.
Ямал СПГ газ казуучу заводу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2021
Арктикадагы запас: Россия АКШны Европадан сүрүп чыгарууга даярданып жатат
Жашылдар менен берлиндик аталган уюм да тыгыз байланышкан. Ошондуктан анын Меркелге кайрылууга активдүү катышуусу "жашылдардан" канцлерликке талапкер Анналена Бербокту элге таанытууга көмөкчү болмок. Жок, катта анын ысымы аталбайт. Болгону заманбап Германиянын башкы көйгөйү тууралуу кеп жүрөт. Бул эмне болушу ыктымал? Экономикабы? Евроинтеграция же улуттук иденттүүлүкпү? Жок, бул – "Түндүк агым — 2".
Эми немецтер аталган долбоор боюнча америкалык дооматтарды жоюу, Европа биримдиги жана АКШнын соода-экономикалык мамилелериндеги чыңалууну жакшыртуу үчүн канцлердин кеңешчилеринин жетекчилигиндеги делегациянын Вашингтондо жүргүзүп жаткан сүйлөшүүлөрү менен гана алекпи?
Уюмдун сайтындагы катка бүтүндөй батыш ааламындагы 80 белгилүү "саясатчы, окумуштуу жана аскер кызматкерлери" кол койгон. Арасында Украинанын мурунку тышкы иштер министри Климкин да, ошондой эле бир катар мурдагы америкалык элчилер да бар. Немецтерден, маселен, мурдагы юстиция министри кол койгон.
"Бир жагынан Европа биримдигинин санкцияларын (Россияга каршы) колдоо жөнүндө билдирүү жасалып, экинчи тараптан азыркы федералдык өкмөт "Түндүк агым — 2" газ түтүгүнүн курулушун колдойт. Ал эми бул өз кезегинде санкциялардын майнаптуулугун чабалдатат. Мындай натуура саясатты тезинен токтотуу абзел".
Ал эми "сексен кишинин кайрылуусунда" немец өкмөтүн "газ түтүгүн курууга карата тезинен мораторий киргизүүгө" көндүрүүнү көксөшөт. Мындан сырткары, "Түндүк агым – 2" ушунчалык кооптуу экенин төмөнкүчө чечмелешкен:
  • "Европалык биримдикти жана трансатлантикалык алакаларды бузат;
  • Европа жана Германиянын климат жаатындагы жаңы максаттарына каршы келет;
  • Украинанын ансыз да начар коопсуздугуна коркунуч туудурат;
  • Европа биримдигинин жалпы тышкы энергетикалык саясатынын максаттарына төп келбейт".
Чынында мында таң каларлык деле нерсе жок, бирок бул учурда "Либералдык заманбап борбору" сымал уюмдардын ишине Россияда тыюу салынышы кызык. Эгер ал Россиянын гана тургай, россиялык-германиялык мамилелердин кызыкчылыктарына каршы иш алып барып жатса, аны эмне кылуу керек эле?
Германиядагы Түндүк агым – 2 газ түтүктөрү станциясынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
Киев АКШдан "Түндүк агым – 2" боюнча санкцияларды кайтарууну талап кылууда
Берлин чектелген болсо да Германиянын суверенитетин ийгиликтүү коргоодо, андан бул баалуулукту өткөрүп гана бербестен, Евробиримдикти АКШдан, тагыраагы, атлантистчилерден көз каранды болууну сунушташууда.
"Түндүк агым — 2" долбоору эбак бышып жетилген трансатлантикалык алакалардагы "жаңы башатка" бөгөт...
...Мораторий — бул жалпы европалык көз карашка келүүгө мүмкүнчүлүк. Баарынан маанилүү жагы – мораторий европалык тартип негизделген эл аралык укук жана эрежелерди кайра-кайра буза берүүнүн кесепети болорун Россия бийлигине эскерткен таасын белги".
Эмне үчүн анда европалык элитанын басымдуу бөлүгү кайрылуунун авторлору менен макул эмес? Кеп эки бөлөк Европа тууралуу жүрүүдө, бири англосаксондук башкаруучулардан көз каранды болууну каалашат, экинчи бөлүгү өз алдынчалуулугун акырындап өзүнө кайтарат. Биринчиси Россия менен конфронтацияга дуушар болот. Улуу чыгыш коңшусу менен дурус кызматташуу болбосо, экинчисинин чыйыры да арсар.
Жаңылыктар түрмөгү
0